Жеке кабинет

Биз сиз үчүн кызматтарыбызды колдонуу ыңгайлуу болушун камсыздоонун үстүндө дайыма иштейбиз. Сиздин корпоративдик келишимди тейлөөгө байланыштуу келип чыккан суроолордун көпчүлүгүн кеңсеге келбей туруп жана расмий арыз жазбастан эле чечүү мүмкүн – e-mail аркылуу сурам жөнөтүү жетиштүү болот.

Жеке кабинетти кантип кошууга болот

  1. Корпоративдик тобуңуздун Менеджеринен аралыктан тейлөө шарттары менен таанышып чыгыңыз.
  2. Корпоративдик келишимиңиз боюнча өтүнмөлөр келип түшө турган электрондук почта даректеринин тизмесин белгилеңиз.
  3. Өтүнмө анык экенине ынандыра турган жашыруун сыр сөздү тандаңыз.
  4. О! Мобилдик операторунун Корпоративдик бөлүмдөрүнүн биринен Жеке кабинетти кошуу жөнүндө Кошумча келишимди жолжоболоштуруңуз.

Арыз жолжоболоштурбай туруп VIP-сервистик тейлөөнүн алкагында аткарылган операциялардын тизмеси:

  • абоненттик номерди бөгөттөө жана байланыш кызматтарын көрсөтүүнү жаңыртуу;
  • резервдик сим-карта болгон учурда сим-картаны алмаштыруу;
  • абоненттик номерди алмаштыруу;
  • тарифти которуу;
  • тарифтик опциялар менен кошумча кызматтарды башкаруу;
  • кошумча кызматтарды кошуу, өчүрүү, өзгөртүү;
  • корпоративдик кардардын Жеке кабинетинин сырсөзүн жокко чыгаруу;
  • реквизиттерди өзгөртүү;
  • чалууларлын детализациясын электрондук жол менен алуу;
  • кызматтын алкагында абоненттик номерлердеги чектөөлөрдү башкаруу;
  • келишимди бузбай туруп абоненттик номерлерди жабуу;
  • резервдик сим-карта болгон учурда абоненттик номерлерди калыбына келтирүү;
  • булак-өздүк эсепте абоненттик номерлерди калтыруу шарты менен абоненттик номерлерди башка өздүк эсепке өткөрүү;
  • сим-карта бар болсо, жаңы абоненттик номерлерди кошуу;
  • өзгөрүүлөрдү тастыктаган документтин түпнускасынын сканерленген көчүрмөсүн тиркөө менен каттоо маалыматтарын алмаштыруу.

Сообщение отправлено успешно!

Закрыть