Артыкчылыктар

Биздин миссия – кардарларды бактылуу кылуу. Ошол себептен биз кардарларыбызга жашоодогу жагымдуу учурлар менен бөлүшүүгө жана  алар кайда болбосун ар дайым өз үй бүлөсү жана коом менен байланышта болууга мүмкүндүктөрдү беребиз. Биздин милдет адамдарга оңой жана эркин баарлашууга жардам берүү менен ырахат тартуулоо  болуп саналат.

Өзүнүн ишинин жүрүшүндө компания өлкөдөгү мобилдик байланыштын алдыңкы оператору болуп, жеке жана корпоративдик абоненттердин кенен чөйрөсүнө телекоммуникациялык кызматтардын кенен спектрин сунуштоо менен, олуттуу жыйынтыктарга жетишти.

Жогорку ылдамдыктагы 4G-интернет

2014-жылы О! мобилдик оператору Кыргызстандын мобилдик байланыш операторлорунун ичинен биринчилерден болуп бүгүнкү күндөгү эң жогорку ылдамдыктагы интернет технологияларынын бирин – 4G – колдонуу мүмкүндүгүн сунуштап, өзүнүн технологиялык жана инновациялык лидерлигин ишенимдүү ырастады. Азыркы учурда төртүнчү муундагы түйүндүн мүмкүндүктөрүн Кыргызстандын ири шаарларынын жашоочулары активдүү колдонуп жатышат.

О! интернеттин жеткиликтүүлүгүнө артыкча көңүл бурат, ал баарлашуунун жана билим алуунун эң маанилүү инструменти болуп калды. Абоненттер колдонуп жаткан интернет-трафиктин көлөмү күн сайын өсүп жатат жана бул баалардын арзан экендигинин мыкты көрсөткүчү. Оператор бүткүл республика боюнча 4G жана 3G түйүндөрү камтыган аймактарды активдүү кеңейтүү менен бул өсүшкө түрткү берип жатат.  Азыркы учурда компаниянын алдыңкы милдеттеринин бири  - кыргызстандыктардын максималдуу санына 4G-интернетин колдонууга мүмкүндүк берүү.

Продуктылар жана кызматтар

Өлкөбүздүн телекоммуникациялык рыногунда О! мобилдик операторунун пайда болушу менен, байланыш инновациялык технологияларды өнүктүрүүнүн гана эсебинен эмес, кызматтардын баасынын бир топ төмөндөшүнөн улам мурункудан жеткиликтүү болуп калды. Мисалы, бүгүнкү күнү чексиз интернет сунуштарын киргизгенден улам 1 Мб интернет-трафиктин орточо баасы акыркы 7 жылдын ичинде 114 эсе арзандады.

О! мобилдик оператору биринчилерден болуп түйүн ичинде акысыз баарлашуу жана билдирүүлөрдү алып-берүү мүмкүндүгүн сунуштады. «Сенин нөлүң» сунуштарынын чегинде абоненттер баарлашууда өзүлөрүнө чек койбостон, О! түйүнүндө өз үй бүлөсү жана достору менен дайыма байланышта боло алышат. Түйүн ичинде акысыз баарлашуу демилгеси компаниянын өзгөчөлөнгөн визиттик карточкасы боло алды. Мындан тышкары, чексиз 4G интернет, О! түйүн ичинде да, өлкөнүн башка мобилдик операторлорунун номерлерине да акысыз чалууларды камтыган «О!го которул» тарифтеринин революциялык тизмеги киргизилди.  Бул  сунуш заманбап смартфондун бардык мүмкүндүктөрүнө жол ачты.

Жети жыл ичинде О! мобилдик оператору кардарлардын муктаждыгын жогору коюу менен, заманбап кызматтарга жол ачкан мобилдик байланыштын ишенимдүү оператору катары өзүн көрсөтө алды. Мисалы, абоненттерди тейлөөдө алгачкы күндөрү компания «Номер тандоо» кызматын сунуш кылды. О! түйүнүнүн каалаган абонентинде өз телефон номерин каалаган башка бош номерге өз алдынча өзгөртө алат.

Максималдуу мүмкүндүктөрдү берүү принцибинин чегинде, компания интернеттин активдүү колдонуучулары үчүн чексиз интернет сунуштарын сунуштады. Алгачкы жолу өлкөнүн рыногуна ыңгайлуу жана чакан 4G-түзүлүштөр келип түштү. Мисалы, 4G Wi-Fi Wingle – модем, Wi-Fi модуль жана флеш-карта  бир корпуста, ал 4G интернетти дароо бир нече түзүлүшкө таратат. Интернет-түзүлүштөрдүн жеткиликтүүлүгүн жогорулатуу боюнча стратегияны ишке ашырууда улам, 4G-гаджеттерди бир аз гана баага сатып алууга болот.

Түйүндү өнүктүрүү

Бүгүнкү күнү О! мобилдик байланышы өлкөнүн бардык областтарында жана шаарларында бар. Азыр барган сайын көптөгөн абоненттер мобилдик интернетти колдонуп жатышат, ошол себептен маалыматтарды ылдам берүү үчүн 3G жана 4G.
технологиясы колдонуп жатат.

О!нун кеңселери дайыма жаныңызда  

Бүгүнкү күндө Кыргызстанда О!нун 100 ашык сатуу жана тейлөө кеңсеси иштеп жатат. 2015-жылы компания бүткүл өлкө боюнча 10дон ашык сатуу жана тейлөө кеңселерин ачты. Өзүбүздүн кеңселерибиздин чекене сатуу тармагы компаниянын кардарларын болушунча тез тейлөөгө мүмкүндүк берет. Мындан тышкары, О! мобилдик оператору балансты толтуруу мүмкүндүгү бар терминалдардын санын көбөйтүүнү улантып жатат – О!нун абоненттери дээрлик 2900дөн ашык түйүндө мобилдик эсепти толтура алышат.

Интернет-дүкөн

Компаниянын дайыма башкы артыкчылыктарынын бири болуп абоненттерге ыңгайлуулук жөнүндө кам көрүү болуп саналат. Ушул максатта О! телеком-рынокто биринчи болуп өзүнүн ostore.kg интернет-дүкөнүнүн ишке киргизди. Абоненттер гаджеттерди төлөө мөөнөтүн узартуу менен сатып алып, пайдалуу акцияларга катышып жана үйдөн чыкпастан сатып алууларды жүргүзө алышат.