Сиздерди таң калтыра турган 20+ акылдуу буюм. Акциялар боюнча смартфондор

21.09.2021

Кыргызстанда санариптештирүү өтө тездик менен өнүгүп баштады жана үйгө керектүү акылдуу буюмдар азыр фантастика деле болбой калды. Анын үстүнө акылдуу түзүлүштөр үчүн атайын тарифтер көптөн бери эле иштеп жатат, ал эми О! Мобилдик операторунун 4G LTE тармагы өлкөнүн аймагынын калкынын 99%ынан ашуунун камтыйт.

O!Store дүкөндөр тармагы акциялар менен атайын сунуштар менен бирге, кандай гана ультразаманбап буюмдарды сунуштап жаткандыктарын караңыздарчы!

  • Ар дайым жарык болсун! – дедиңиз да, алаканыңызды чаптыңыз. Акылдуу өчүргүч тиркемеден же добуш аркылуу жарыкты көзөмөлдөөгө мүмкүнчүлүк берет. Акылдуу лампочкалар сиздин маанайыңызга жараша түсүн өзгөртөт да, керектүү чөйрө түзүп берет;

  • Робот чаң соргуч. Акылдуу чаң соргуч баарын өзү аткарат: полдорду сапаттуу тазалайт, шыпырат, нымдуу тазалык иштерин жасайт жана ишин бүткөндөн кийин өчүп калат. Болгону программаны түзүп берип коюңуз да, эс ала бериңиз;

  • Электропианино. 300 килограммдык оор инструменттин ордуна салмагы жарым килден бираз көбүрөөк клавиатураны сатып алса болот! Балаңыздын музыкага болгон кызыгуусун ойготуу үчүн идеалдуу вариант;

  • Электробарабандар. Кадимки барабандык орнотуунун салмагы канча экендигин элестетип көрсөңүз болот. Элестеттиңизби? O!Store дүкөндөр тармагында анын электрондук аналогу бар, анын салмагы 0,5 кг жана кесипкөй барабандар менен добушун салыштырып көрсө болот;

  • Ошондой эле манжа издеринин, май тактарынын жана көз айнектер менен зер буюмдарынын жагымсыз жыттарын кетирүүчү ультрадобуштук тазалагыч дагы бар.

Ошондой эле зымсыз ирригаторлор, түзүлүштөрдүн акылдуу контроллерлери, кыймыл датчиктери, баскычтар, розеткалар, пульсоксиметрлер, термометрлер, диспенсерлер, ИК-пульттар, Mi TV приставкалар, роутерлер, электр термостору, светильниктер жана көптөгөн башка нерселерди таба аласыз.

Пайдалуу сатып алыңыз жана белектерге ээ болуңуз!

  • Realme же Tecno смартфондоруна 10% кешбэк

O!Store фирмалык дүкөндөрүндө бул бренддердин каалаган смартфонун сатып алган учурда баланска сатып алуунун суммасынан 10%ын кайтарып алуу же кешбэктин суммасына кошумча аксессуарларды тандап алуу мүмкүн.

  • Blackview смартфондорун сатып алган учурда +1000 сом кешбэк

Супер бекем Blackview смартфондоруна жүргүзүлүп жаткан акция 2021-жылдын 31-декабрына чейин узартылган. Мобилдик эсебиңизге 1000 сом кайтарып алыңыз да, жай чилдеси менен кыш ызгаары таасир эте албаган, сууга түшүп калса, чаңга толсо жана катуу жерге тийсе дагы эч нерсе болбогон смартфондорду баалап көрүңүз.

  • Xiaomi Redmi Note 9T смартфонун сатып алган учурда пауэрбанк белекке

Акцияга Бишкек шаарынын жана Чүй облусунун белгилүү бир дүкөндөрүндө 128 ГБ эс тутуму бар модель гана киргизилген. Акция 2021-жылдын 16-сентябрынан 31-октябрына чейин жүрөт.

  • +20 ГИГАБАЙТ интернет белекке!

Каалаган смартфонду бөлүп төлөөгө сатып алса болот, ал эми ostore.kg сайтынан онлайн тапшырык кылган учурда кошумча +20 ГБ АКЫСЫЗ алууга мүмкүн!

Бардык O!Store дүкөндөрүнүн даректерин жана алардын ишинин актуалдуу иштөө графигин ostore.kg сайтынан көрө аласыз. Каалаган сурооңузду 0705007000 телефону аркылуу берсеңиз болот.

O!Store – сиздин акылдуу санариптик сатып алууларыңыз!


Тизмеге кайтуу