«Мой О!» тиркемесинде 1000ден ашуун сервистерди онлайн төлөө. Майда нерселерде ыңгайлуулук

18.07.2021

«Майда-барат нерселер баарын чечет», деп аныктама берет миллионер Харви Маккей.

Жакында эле «Мой О!» тиркемесинин кантип жакындарга кам көрүүгө жардам берерин, «О!Деньги» капчыгындагы каражаттарды накталай акчага айландырганда кандай көйгөйлөр чечилерин айтып бергенбиз. Эми «О!Деньги» капчыгынын колдонуучуларынын тандоосун аныктаган дал ошол «майда-барат» нерселерге келели:

QR сканирлөө

Модалуу, жаштарга ылайык, эң башкысы – тез жана онлайн! Сиз Кытайда көчө музыканттарынын баш кийимдин ордуна QR-коду бар табличканы коюп коюшарын билчү белеңиз? «Мой О!» тиркемесинде төлөмдүн мындай түрүн кабыл алуу 2019-жылдан бери иштеп келет. Төлөө үчүн QR-кодду сканирлөө жана төлөмдү тастыктоо жетиштүү. Саналуу гана секундалар! Кызматтарды «Мой О!» логосун көргөн бардык жерде – кафеде, дүкөндөрдө, сулуулук салонунда же май куючу жайларда төлөй бериңиз. Накталай акчага зарылчылык жок, ашык акчаны да күтпөйсүз.

Заставка + 1 картинка внутри.JPG 

Юстиция министрлигинин кызматтарын төлөө
Жай чилдеде же кычыраган кышта ары-бери чапкылоонун кереги жок. Юридикалык жакты каттоо/жоюу, нотариустун кызматын жана Кыргыз Республикасынын юстиция министрлигинин көптөгөн башка кызматтарын алеки заматта төлөсө болот.

Мамлекеттик кызматтарды төлөө  

«О!Деньги» аркылуу транспорт жана мүлк салыгын эсептөө жана төлөө, патенттер жана ал тургай соттолбогондугуна жөнүндө маалымкатка да төлөм жүргүзсө болот.

Айыппулдарды арзандатуу менен төлөө

Тиркемеге өзүңүздүн же жакындарыңыздын автоунаасын кошуу менен жаңы айыппул тууралуу SMS биллдирүүнү алып турасыз.Эреже бузуунун сүрөтүн көрүп, майда-баратын текшердиң. Маалыматың болгон соң, ага даярсың дегендей, мунун аркасы менен убактыңды да,акчаңды да үнөмдөп аласың! Анткени көз ирмемде 50% арзандатуу менен төлөп койдуң.

Коммуналдык кызматтарды үйдөн же кеңседен чыкпай туруп төлөө

Бардык региондордо эки кликтин ичинде физикалык дагы, юридикалык жактарга да комиссиясыз жеткиликтүү. Чектер жана реквизиттер ар дайым кол алдыңызда.

Штрих-коддорду сканирлөө

Сиз коммуналдык кызматтар үчүн дүмүрчөктөгү абдан узун сандык реквизитти киргизгенге мойнуңуз жар бербейт дейли, же болбосо сандар өтө майда жазылгандыктан көрүүгө мүмкүн эмес дейли. Болгону тиркемедеги сканерди дүмүрчөктөгү штрих-кодго алып келиңиз жана «вуаля!» – тиркеме өзү керектүү талааларды толтурат да, сиз тийиштүү сумманы киргизип, төлөөнү жүргүзүп коёсуз.

2 картинка.JPG

Автоматтык толтуруу

Мисалы, сиз реквизитти унутуп калдыңыз, бирок газ үчүн мурунку айда төлөгөнсүз! Демек, ал жерде реквизит сакталып калган! Тарыхына киребиз жана дароо ошол жерден эле мурунку реквизит менен жаңы төлөмдү түзөбүз. Эч нерсени эстеп калуунун же башынан кайра киргизүүнүн кереги жок. Ага башты оорутпай эле тандалгандарга сактап коюу керек – тиркеме өзү толтуруп коёт.

«Акылдуу» издөө

«Электроэнергия» деп эч ким акча төлөбөйт, кишилер «светке» төлөйт – так ушинтип жазабыз да, «Северэлектро» жана негизи эле бардык электр энергиясын жеткирүүчүлөрдү табабыз.

Кириллица же latinitsa?

Маанилүү эмес. Колдонуучулар алардын интернет провайдерлеринин англис тамгалар мененби же кириллица мененби юридикалык аталыштарын эстеп калууга милдеттүү эмес. Сиз «Сайма» деп жазсаңыз, тиркеме Saima Telecom деген туура аталышты берет.

Тиркеме тууралуу

«Мой О!» тиркемеси – бул О! + Saima  абонентинин жана «О!Деньги» капчыгын бириктирген санариптик экотутум. 

·         Тиркемеде 2 000 000дон ашуун орнотуулары жана маркетплейстерде туруктуу жогорку баасы бар.

·         Кардарларга номерди башкаруу, капчыктарга жана карталарга дароо акча которуу жеткиликтүү.

·         Телефондун балансынан, электрондук капчыктан же кошулган картадан 1000ден ашуун сервистерди онлайн төлөө.

·         Бүт өлкө боюнча 100дөн ашуун филиалдары бар O!Store  дүкөндөрүнүн ири тармагынан «О!Деньги» капчыгындагы каражаттарды накталай алуу мүмкүнчүлүгү. 

·         Кадамдык узактыкта жайгашкан терминалдардын кеңири тармагында капчыктын балансын комиссиясыз толуктоо жеткиликтүү.

·         Google Play же App Store шилтемелери аркылуу жүктөп алыңыз. 

«О!Деньги» сервиси «Грин Телеком Сервис» ЖЧК тарабынан көрсөтүлөт. КР УБ лицензиялары: №2021030817, №3022030817.


Тизмеге кайтуу