«Мой О!» тиркемесинен Saima эсебин кантип кошууга жана башкарууга болот

23.07.2021

Үйүӊүзгө максималдуу ылдамдыктагы зымдуу интернет, интерактивдүү ТВ жана укмуштуудай сонун онлайн-кинотеатрларды кошуп алыӊыз!

Кошуу үчүн өтүнмөнү дароо азыр «Мой О!» тиркемесинен калтырыӊыз. Saima Telecom’ду басыӊыз, «Өтүнмө калтырууну» тандап, атыӊыз менен дарегиӊизди көрсөтүӊүз. Буларды аткарган соӊ сизге чалып, толук консультация беришет.

saima-kg.png

Saima’ны күйгүз – «Мой О!»дон башкар

Тарифиӊиз, эсебиӊизде канча каражат бар экендиги жана сизге кайсы кызматтар жеткиликтүү болгондугу тууралуу маалымат алуу үчүн убактыӊызды Call-борборго чалуу менен коротпоӊуз – жөн гана «Мой О!» тиркемесине кириӊиз. Тиркемеде булардын баары жана дагы башка көптөгөн маалыматтар бар. Ушул эле жерден эӊ көп берилчү суроолорго жооп таба аласыз – Saima Telecom вкладкасынын жогорку оӊ бурчундагы «?» иконкасын бассаӊыз, эӊ популярдуу суроолордун тизмеси чыгат.

Абоненттик төлөмдү көз ачып жумгуча төлө

Интернет + ТВ үчүн дагы түз эле смартфондон төлөсө болот – терминалдын жанында кезек күтүүдөн жана төлөш үчүн эки жакка баруу машакатынан арылыӊыз. «О!Деньги» электрондук капчыгы аркылуу Saima жана башка интернет-провайдерлердин эсебин бир нече секунданын ичинде эле толуктап коё аласыз. Бул үчүн «Мой О!» тиркемесинен «О!Деньги» бөлүмүнө кирип, каталогдон «Интернет жана ТВ» тандаӊыз, андан ары тизмеден керектүү провайдерди табыӊыз же болбосо тездик үчүн «акылдуу издөөнү» пайдаланыӊыз.

Мына ушинтип керектүүлөрдүн баары оӊой жана жөнөкөй эле сиздин смартфонуӊуздан орун алып калды!

Тиркеме жөнүндө

«Мой О!» тиркемеси – бул О! абонентинин жеке кабинети + Saima менен «О!Деньги» капчыгын бириктирген санарип экотутум.  

+ Тиркеме 2 000 000дон ашуун орнотууга жана маркетплейстерде туруктуу жогорку баага ээ.

+ Кардарлар үчүн номерди башкаруу, капчыктар менен карталарга каражаттарды ыкчам которуу жеткиликтүү.

+ Телефондун балансынан, электрондук капчыктан же кошулган картадан 1000ден ашуун сервисти онлайн төлөө.

+ Өлкө боюнча 100дөн ашык филиалы бар O!Store ири дүкөндөр тармагында «О!Деньги» капчыгынан каражаттарды накталай акчага айлантуу мүмкүнчүлүгү бар. 

+ Кадам сайын орнотулган кеӊири терминалдык тармактан капчыктын балансын комиссиясыз толуктоо жеткиликтүү.

+ Google Play же App Store шилтемеси аркылуу көчүрүӊүз.

«О!Деньги» сервиси «Грин Телеком Сервис» ЖЧК тарабынан көрсөтүлөт. КРУБ №2021030817, №3022030817 лиц.



Тизмеге кайтуу