Кантип түз эле смартфондон комиссиясыз кредит төлөөгө же картаны толуктоого болот?

30.07.2021

Кимдин эле комиссияга акча сарптап, банкка баруу үчүн убакыт короткусу келсин?

Кимдир бирөө кредит боюнча кезектеги төлөмдү төлөсө, экинчиси депозитти толуктайт, ал эми үчүнчүсү картага акча которот же эсебин толуктайт.

«О!Деньги» капчыгы менен бардыгы оңой! Бир жакка баруунун, накталай акча алуунун, ал эми айрым учурларда комиссия төлөөнүн дагы зарылдыгы жок!

«О!Деньги» капчыгы аркылуу төмөнкү иш-аракеттерди комиссиясыз аткарууга болот:

  • Кредиттерди төлөө, «Халык Банк Кыргызстан» ААК эсептери менен карталарын толуктоо.

  • Mbank Online жана «Кыргызстан коммерциялык банкынын» карталык эсептерин толуктоо. Жана тескерисинче, Mbank Online'дан «О!Деньги» капчыгына акча которуулар үчүн комиссия алынбайт.

  • «Дос-Кредобанк» ААК, МФК «АБН», МКК «Байлык Финанс», «БМКК», «Траст-Юнион», «Микро капитал», «Финансстандарт», Somo.kg кредиттерин төлөө.

Баса, «Элкарт» карталарын толуктоо үчүн комиссия да 0,5%га чейин түштү.

Мындан тышкары, «О!Деньги» аркылуу үйдөн чыкпай туруп 40тан ашуун финансы мекемесинин кредиттерин төлөсө, ошондой эле алты өлкөнүн банктык карталары менен капчыктарын толуктоого   болот.

Тиркемеден кызматты пайдалануу үчүн «Мой О!» орнотуп, «О!Деньги» капчыгын онлайн-идентификациядан өткөрүү жана каталогдон керектүү сервисти тандоо жетиштүү. Которулган каражаттар дароо түшөт, ал эми электрондук чек төлөмдөрдүн тарыхчасында сакталып калат.

О! терминалдарынан дагы комиссия алынбайт!

Кредит боюнча карызды төлөө, «Халык Банк» же Mbank Online кардарынын эсебин толуктоо бардык О! төлөм терминалдарынан комиссиясыз аткарылат.

Тиркеме жөнүндө

«Мой О!» тиркемеси бул – О! абонентинин жеке кабинетин + Saima жана «О!Деньги» капчыгын бириктирген санариптик экотутум.

+ Тиркеменин 2 000 000 дон ашуун орнотмолору бар жана маркетплейстерде туруктуу түрдө жогору бааланат.

+ Кардарлар үчүн номерди башкаруу, капчыктарга жана карталарга каражаттарды ылдам которуу жеткиликтүү.

+ Телефондун, электрондук капчыктын же кошулган картанын балансынан 1000ден ашуун сервистерди аралыктан төлөө.

+ O!Store дүкөндөрүнүн ири тармагынан – бүт өлкө боюнча 100дөн ашуун филиалдарынан – «О!Деньги» капчыгындагы каражаттарды накталай акча түрүндө алуу мүмкүнчүлүгү.

+ Капчыктын балансын жакын жердеги терминалдык түйүндөн комиссиясыз толуктоо.

Google Play же App Store шилтемеси боюнча жүктөп алыңыз.

«О!Деньги» сервиси ОсОО «Грин Телеком Сервис» тарабынан көрсөтүлөт. КРУБ лиц. №2021030817, №3022030817. «О!Деньги» электрондук акчаларынын эмитенти – «Дос-Кредобанк» ААК, КРУБ лиц. №037.


Тизмеге кайтуу