«О!Маркет»: миңдеген кыргызстандыктар товарлар менен кызматтарды онлайн сатышат жана сатып алышат

20.01.2022

«Мой О!» тиркемесиндеги «О!Маркет» маркетплейси популярдуу болуусун улантууда. Ишке киргизилгенине 3 ай эле болгонуна карабастан, аянтчадагы кулактандыруулардын саны бир нече миңге жетти, ал эми сервисти жүз миңдеген кыргызстандыктар колдоно баштады.

Эске салсак, О! Мобилдик оператору былтыркы жылдын ноябрь айында өлкөнүн уюлдук операторлорунун ичинен алгачкылардан болуп товарлар менен кызматтарды онлайн-сатуу жана сатып алуу боюнча акысыз кулактандыруулардын сервисин ишке киргизген. «О!Маркет» сервиси «Мой О!» экотутумунун бир бөлүгү болуп калды жана 2 миллиондон ашуун жолу жүктөлгөн тиркемеге түздөн-түз киргизилген.

Кулактандырууну жайгаштыруу оңой жана акысыз

kg_screens_1.jpg

«О!Маркет» жеке жактарга жана компанияларга кулактандырууларды түзүүгө мүмкүнчүлүк берет. Кулактандырууну түзүү үчүн төмөнкүлөр жеткиликтүү:

·         Google Play же App Store платформаларынан «Мой О!» тиркемесин орнотуу.

·         Жөнөкөй онлайн-идентификациядан өтүү.

·         «О!Маркетти» тандоо жана «+» баскычын басуу.

·         Товардын/кызматтын сыпаттамасын жана сүрөтүн кошуу, облусту тандоо.

·         Модерацияны күтүү.

Даяр! Эми сиздин кулактандырууну миллиондогон кыргызстандыктар көрө алышат!

Мында түзүлгөн кулактандыруулардын саны жана аларды көрсөтүү боюнча эч кандай чектөөлөр каралган эмес.

Керектүү буюмду тез жана ыңгайлуу табуу

kg_screens_2.jpg

«О!Маркет» кардарлар үчүн дагы ыңгайлуу. Регион боюнча издөө сенин шаарыңдагы кулактандырууларды көрүүгө мүмкүнчүлүк берет, ал эми, категориялар жана фильтрлер боюнча ыңгайлуу иреттөө керектүү буюмду жана кызматты табууга жардам берет.

Мындан тышкары, баалардын диапозонун көрсөтүү менен ылайыктуу сунуштарды гана көрүүгө болот.

Ал эми сатуучу менен байланышуу үчүн ыңгайлуу ыкмалардын бирин тандап алуу жетиштүү: чалуу же Whatsapp билдирүү, анын үстүнө мессенжерге телефонду каттабай туруп эле өтүү мүмкүн.

Маркетплейске шилтеме аркылуу өтүңүз да, өзүңүздүн алгачкы кулактандырууңузду түзүңүз!

Тиркеме тууралуу

«Мой О!» тиркемеси – бул «О!Деньги» капчыгын, О! абонентинин жеке кабинетин жана «О!Маркет» маркетплейсин бириктирген санариптик экотутум. 

«Мой О!» тиркемесинин мүмкүнчүлүктөрү:

·         О! номерин башкаруу жана жакындардын балансына кам көрүү;

·         2 000ден ашуун сервистерди телефондун балансынан, капчыктан же кошулган картадан онлайн төлөө;

·         Кыргызстандын, Россиянын, Казакстандын, Өзбекстандын, Тажикстандын жана Украинанын банктарынын капчыктарын жана карталарын толуктоо;

·         10%га чейин кешбэкке ээ болуу;

·         «О!Деньги» капчыгын О! Мобилдик операторунун 3 000 төлөм терминалдарынан комиссиясыз толуктоо;

·         Бүт өлкө боюнча 100дөн ашуун филиалдары бар O!Store  дүкөндөрүнөн капчыктагы каражаттарды накталай алуу. 

«О!Деньги» сервиси «Грин Телеком Сервис» ЖЧК тарабынан көрсөтүлөт. КР УБ лицензиялары: №2021030817, №3022030817. «О!Деньги» электрондук акчалардын эмитенти –«Дос-Кредобанк» ААК, КРУБ лицензиясы: №037.

 


Тизмеге кайтуу