«Мой О!»: 6 өлкөнүн банктык карталарына ылдам которуулар

27.07.2021

Жакындарга аралыктан кам көрүү – жөн гана айтылган сөздөр жана күнүмдүк колдонулган ураан эмес. Чет мамлекеттерге студенттер билим алуу, туугандар болсо иштөө үчүн барышат. Жакын адамдар бардык жерде бар, ал эми туугандарга акча которууга себептер ар түрдүү – туулган күн маанилүү окуялар, мааракелерди белгилөө ж.б. болушу мүмкүн. Бири бирибизге алыстан жылуу сөз менен гана эмес, иш жүзүндө да жардам берсек болот.

Чет өлкөдөгү досторго, жакындарга же өнөктөштөргө Кыргызстандан банкка барбай туруп эле акча жөнөтүүгө болот. Болгону жөнөтүучүдө «Мой О!» тиркемеси болууга жана ал алуучунун банктык картасынын же электрондук капчыгынын номерин билүүгө тийиш. Акча көз ачып-жумгуча которулат. Комиссия минималдуу же тандалып алынган сервиске жараша 0% болушу мүмкүн.

Акчаны кайда жөнөтсө болот?

Ылдам акча которууларды Кыргызстандын, Россиянын, Украинанын, Казакстандын, Өзбекстандын жана Тажикстандын банктык карталарына ишке ашыра аласыз. Андан сырткары, «О!Деньги» сервисин колдонуучулар үчүн QIWI, Wallet One, «Элсом» жана башка электрондук капчыктарды толуктоо жеткиликтүү болот. Mbank Online жана «Халык Банк Кыргызстан» карталарына акча которуулар үчүн комиссия алынбай турганын белгилей кетүү зарыл. Ал эми «Элкарт» карталарын толуктоо үчүн комиссия 0,5%га төмөндөтүлгөн.

24/7

Акчаны күн жана түндүн каалаган учурунда, банк эсебин ачып отурбастан, үйдөн чыкпастан эле которууга болот.

Кайсы валютада?

Алуучунун эсебине түшкөндө, мейли, рубль, гривна, тенге, сомони же сум болбосун, автоматтык түрдө конвертация ишке ашырылат.

Кантип которсо болот?

1. «Мой О!» тиркемесиндеги «О!Деньги» бөлүмүн ачыӊыз;

2. «Капчыктар жана банктар» каталогунан тандап алып, керектүү өлкөнүн «Банкттардын карталарын толуктоону» табыӊыз;

3. Картанын же капчыктын номерин көрсөтүӊүз жана которууну жүргүзүӊүз.

Которуулар «О!Деньги» капчыгынын идентификацияланган колдонуучулары үчүн жеткиликтүү. Идентификацияны аралыктан тиркеменин өзүндө 5 мүнөттүн ичинде же каалаган O!Store дүкөндөрүнүн биринде өтүүгө болот.

Алуучулар акча каражаттарын банктык картасынан же электрондук капчыгынын эсебинен накталай түрдө оӊой эле ала алышат. Кыргызстанда «О!Деньги» капчыгынан каражаттарды накталай акча түрүндө O!Store ири тармагынын филиалдарынан алууга болот, бул үчүн паспорт гана талап кылынат.

Тиркеме жөнүндө

«Мой О!» тиркемеси бул – О! абонентинин жеке кабинетин + Saima жана «О!Деньги» капчыгын бириктирген санариптик экотутум.

+ Тиркеменин 2 000 000 дон ашуун орнотмолору бар жана маркетплейстерде туруктуу түрдө жогору бааланат.

+ Кардарлар үчүн номерди башкаруу, капчыктарга жана карталарга каражаттарды ылдам которуу жеткиликтүү.

+ Телефондун, электрондук капчыктын же кошулган картанын балансынан 1000ден ашуун сервистерди аралыктан төлөө.

+ O!Store дүкөндөрүнүн ири тармагынан – бүт өлкө боюнча 100дөн ашуун филиалдарынан – «О!Деньги» капчыгындагы каражаттарды накталай акча түрүндө алуу мүмкүнчүлүгү.

+ Капчыктын балансын жакын жердеги терминалдык түйүндөн комиссиясыз толуктоо.

+ Google Play же App Store шилтемеси боюнча жүктөп алыӊыз.

«О!Деньги» сервиси ОсОО «Грин Телеком Сервис» тарабынан көрсөтүлөт. КРУБ лиц. №2021030817, №3022030817. «О!Деньги» электрондук акчаларынын эмитенти – «Дос-Кредобанк» ААК, КРУБ лиц. №037.

 

 

 

 

 


Тизмеге кайтуу