«О!Касса» ККМ-онлайнды кошуп, бир ай АКЫСЫЗ колдонуңуз!

08.09.2021

Сиздин бизнес үчүн ыңгайлуу кассалык чечимди - «Нур Телеком» фискалдык маалыматтар операторунан «О!Касса» кызматын кошуп алыңыз.

Биринчи айы АКЫСЫЗ!

Кызматка кошулууда бардык колдонуучулар БОНУСКА - бир ай акысыз тейленүүгө ээ болушат.

ККМ-онлайндын 2 иштөө варианты болуп, аны колдонуу жөнөкөй жана ыңгайлуу:

  1. iOS жана Android үчүн «О!Касса» тиркемеси аркылуу;

  2. Ноутбуктар жана компьютерлер үчүн web-интерфейс аркылуу.

Программалык ККМ каалаган бизнес үчүн ыңгайлуу, өзгөчө курьерлер же мисалга, базарлардагы соода орундары үчүн. «О!Касса» кызматы, реалдуу убакыт режиминде салык кызматына маалыматтардын берилишин камсыздап, 2021-жылдын 1-июлунда Кыргызстанда күчүнө кирген, МСКнын бардык талаптарына шайкеш келет. Система маалыматтардын сакталышынын ишенимдүүлүгүн, ыңгайлуулугун, ыкчамдыгын, ачык-айкындыгын жана сиздин мобилдүүлүгүңүздү камсыздайт.

ККМ-онлайнды каттоодон өткөрүү зарылбы?

Ооба. ККМди каттоо, O!Store тейлөө кеңселеринде жүргүзүлөт. Каттоо, кайра каттоо жана каттоодон чыгаруу – акысыз. Тейлөө келишимин тариздөөнүн наркы – бардык салыктарды эсепке алуу менен, 150 сом.

«О!Касса» кызматын кошуп, бир күндүн аралыгында иштеп баштаңыз!

  1. «Нур Телеком" фискалдык маалыматтар оператору менен, O!Store дүкөндөрүнөн келишим түзүңүз. Документтердин толук тизмесин төмөнкү сайттан таба аласыз: https://ofd.o.kg/

  2. Кийинки нускамаларды алып, зарыл орнотууларды жүргүзүңүз.

Толук маалымат төмөнкү сайтта: https://ofd.o.kg/

«О!Касса» – сиздин бизнес-жардамчыңыз!


Тизмеге кайтуу