О! Мобилдик операторунун ири түйүнү абоненттеринин мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүдө

03.06.2022

О! Мобилдик операторунун техникалык адистеринин пландуу жумуштарынын натыйжасында, интернетке кирүү ылдамдыгы жана байланыштын сапаты өсүүдө, ал эми кардарлар 4G-түзүлүштөрдү колдонууда көбүрөөк мүмкүнчүлүктөргө ээ болууда. Жакында жарым миллиондон ашуун кыргызстандык жашаган калктуу пункттардагы жабдууларда ырастоолор жүргүзүлдү.

  • Чүй облусу: Бишкек, Шопоков шаарларында, Орловка шаар тибиндеги кыштакта жана Норус, Ичке-Суу, Жээк, Күнтуу, Новопавловка, Кегети, Өтөгөн, Шыдыр, Ак-Түз, Орто-Кайырма, Кызыл-Туу, Буденновка, Красная Речка, Интернациональное, Кең-Булуң, Садовое, Ленин атындагы, Арпа-Тектир, Прохладное, «Чункурчак» тоо-лыжа базасында, Сокулук, Кызыл-Арык, Сын-Таш, Жаңы-Алыш, Дружба айылдарында, Горное, Текстильщик, Радуга, Эдельвейс, Селекционное, Комсомольское дачаларында, Ак-Ордо жаңы конушунда;
  • Ысык-Көл облусу: Балыкчы шаарында, Семеновка, Маман, Чолпон, Жаңы-Арык, Жети-Өгүз (Курорт), Сары-Булуң айылдарында;
  • Талас облусу: Талас шаарында, Козучак, Ак-Башат, Шекер, Көк-Ой, Ак-Таш айылдарында;
  • Нарын облусу: Нарын шаарында, Орто-Нура, Чет-Нура, Алыш, Миң-Булак, Кара-Булуң, Жалгыз-Терек айылдарында;
  • Жалал-Абад облусу: Жалал-Абад шаарында, Бүргөндү, Кайырма, Гумхана, Жети-Кошкон, Товар-Сай, Чие, Арсланбоб, Таш-Булак айылдарында;
  • Баткен облусу: Баткен шаарында, Булак-Башы, Ай-Көл, Чапаев, Самаркандык, Жаңы-Бак айылдарында;
  • Ош облусу: Кара-Суу шаарында, Кукалапаш, Ак-Таш, Мырза-Арык, Көтөрмө, Кара-Дөбө, Лангар, Октябрь, Чагыр айылдарында.

Орточо эсеп менен 4G-смартфону бар абонент «үчүнчү муун» колдонуучуларына караганда интернет-трафикти 10 эсе көбүрөөк колдонушат. Жаңы базалык станциялардын негизги бөлүгү 4G технологияларында курулган: акыркы 2 жылдын ичинде О! Мобилдик оператору калктын 99%ын камтуу менен лидерлик көрсөткүчкө жетип, 4G LTE түйүнүн эки эсе көбөйттү.

Дароо азыр жаңы абоненттер үчүн суперакция жүрүп жатат. «БААРЫНА ЧЕКСИЗДИК» тарифин кошуп алыңыз да, толук 3 ай бою 30%дан ашуун арзандатуу менен бардык кызматтардан пайдаланыңыз! Толук маалымат o.kg сайтында.

Түйүндүн камтуу картасы https://o.kg/ru/zona-pokrytija/ шилтемеси аркылуу жеткиликтүү. Сапат боюнча суроолорду FacebookInstagram«Одноклассники»«ВКонтакте»YouTube же Twitter социалдык тармактарында жеке билдирүүлөр аркылуу берсе болот. Социалдык медиадан тышкары, О! абоненттерин күнү-түнү колдоо кызматтары да жеткиликтүү: WhatsApp: + 996 705 700 700, Telegram: @o_mobile_operator_bot жана www.o.kg сайтында онлайн-чат.


Тизмеге кайтуу