Бүгүн O!TV тиркемесинен Кыргызстан VS Бангладеш беттешин көрүңүз

07.09.2021

Бүгүн бир-эки сааттан кийин Кыргызстандын «Ак Шумкар» улуттук курама командасы менен Бангладештин курамасы бетттешет.

Беттеш Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо саат 20:30да башталат.

Эгер сиздин билетиңиз жок болсо, бирок биздин команданы колдогуңуз келсе, анда тезинен O!TV тиркемесин жүктөп алыңыз да, «КТРК Спорт» телеканалынын эфиринен беттештин түз эфирин көрүңүз!

«‎О!TV Премиум»‎ топтомун кошуп алыңыз ➡ *750*3#.

Таймаш 2-сентябрдан 7-сентябрга чейин Бишкекте өтүп жаткан эл аралык «Үч улуттун кубогу» турниринин жыйынтыктоочу турунун алкагында өтмөкчү. «Үч улуттун кубогу» турнири Азия Кубогу-2023 тандап алуучу оюндарга даярдыктын чегинде журүп жатат. Катышуучулар – Кыргызстандын, Палестинанын жана Бангладештин улуттук курамалары. Биздин спортчулар Палестинанын курамасын утушкан, жана жеңишке жетүүнүн бардык мүмкүнчүлүктөру колубузда!

Каякта болбоңуз, бардык ыңгайлуу түзүлүштө: смартфондо, ноутбукта же телевизордо биздикилер үчүн күйөрмандык кылыңыз. Кененирээк otv.kg сайтында. 

Алга, Кыргызстан!


Тизмеге кайтуу