Кыргызстандын ѳнѳр жайында 5G колдонуунун сценарийлери

24.08.2022

Кыргызстанда О! түйүнүнүн базасында бешинчи муундагы 5G түйүнүнүн алгачкы сыноолору ѳткѳрүлдү. Спидтесттин кѳрсѳткүчтѳрү Кыргызстанда биринчи жолу 1,5 Гбит/с жогору кѳрсѳткүчтѳргѳ жетип, 4G түйүнүнүн жѳндѳмдүүлүгүнѳн 10 эсе жогору болду. Учурда 60тан ашуун ѳлкѳ 5G технологиясын коммерциялык максатта ишке киргизүү этабында турат. 160ка жакын телекоммуникациялык оператор коммерциялык 5G түйүндѳрүн жайылтууда. Бул типтеги жердик түйүндѳр АКШ, Швейцария, Кытай жана Түштүк Корея сыяктуу ѳлкѳлѳрдѳ иштеп жатат.

Позитивдүү перспективалар саламаттыкты сактоо, айыл чарба тармактары, «акылдуу шаар» тутуму жана башка багыттар үчүн ачылды. Бүгүн биз ѳнѳр жай тармагына кененирээк токтолуп кетели.

5G адамдарды кооптуу аймактардан алыстатууга, коопсуздук чараларын күчѳтүүгѳ, анын ичинен автономдук технологиялар менен видео байкоолор аркылуу күчѳтүүгѳ жардам берет. Технология ѳнѳр жайды автоматташтыруунун жана санариптештирүүнүн прогрессивдүү сценарийлерин ишке ашыруу мүмкүндүгүн камсыз кылат.

Кендерди казып чыгаруучу компания үчүн «акылдуу кен чыга турган жердин» мисалынан жардыруу карьеринин ѳндүрүштүк чынжыры коопсуз эмес жана ѳндүрүш жериндеги түрдүү ѲКлар компания үчүн олуттуу чыгымдар менен жоготууларга алып келери кѳрүнүп турат. Карьердик самосвалдарды автоматташтыруу менен аларды аралыктан башкарууга, адамдык фактордон жана ага байланыштуу потенциалдуу кѳйгѳйлѳрдѳн арылууга болот.  

«Акылдуу фабрика» сценарийин жүзѳгѳ ашыруу үчүн кѳп сандагы туташтырылган түзүлүштѳр талап кылынат жана бул максатта 5G технологиясын колдонуу эӊ туура болмокчу. Себеби, ар бир жерге азыктандыруу менен түйүндү ѳткѳрүү зарыл болгондуктан, Wi-Fi ѳтѳ ыӊгайлуу боло албайт. Натыйжада процесс татаалыраак болуп, кымбатка туруп калат.

Жакынкы келечекте баары: банкоматтар менен машина куруучу станоктордон тарта ирригациялык жабдууларга чейин, убакыттын ѳтүшү менен «акылдуу» ѳнүмдѳрдүн кеӊири тармагынын бир бѳлүгү болуп калмакчы. Бул болсо түрдүү технологиялык процесстерди автоматташтырууга алып келип, операциялык чыгымдардын санын азайтмакчы. Маалымат ѳткѳрүүнүн жогорку ылдамдыгы, линиялардын ишенимдүүлүгү жана ѳндүрүмдүүлүгү ѳнѳр жай тармагында кошумча наркты пайда кылууда натыйжалуулук менен ийкемдүүлүктү камсыз кыла алат.

Дал ушул себептүү О! Мобилдик оператору бул жаӊы байланыш стандартын активдүү жайылтууну пландап жатат. 5G базасында чечимдер канчалык эрте ишке киргизилсе, колдонуучулар да, бизнес да аларды жайылтуудан байкаларлык экономикалык жана социалдык натыйжаны ошончолук тез ала алышмакчы.

О! түйүнүндѳгү 5G жаӊылыктары менен компаниянын FacebookInstagram«Одноклассники»«ВКонтакте»YouTube же Twitter социалдык тармактарындагы баракчаларынан таанышып туруӊуздар. Сиздерди кызыктуу кѳп нерсе күтѳт.


Тизмеге кайтуу