O!Store’до бөлүп төлөө мурункудан дагы ийкемдүү болуп калды – эми 24 айга чейин

05.04.2023

O!Store дүкөндөрүндө бөлүп төлөө программасы мурункудан да ийкемдүү болуп калды: эми 3 миң сомдон башталган төлөмдөрдү 3, 6, 9, 18, ал тургай 24 айга чейин бөлүүгө болот.

Көптөн бери мыкты техникалык мүнөздөмөлөрү менен күчтүү камерофон алууну каалап, бирок алдыңкы катардагы технологиялардын баасы ыңгайлуу болбогондугуна байланыштуу бул кыялыңыз ишке ашпай келе жатабы? Балким, самокат же өзү тазалоочу акылдуу чаң соргуч, же болбосо, дагы башка буюм алгыңыз келет?

Ар бир чоң максат аны майда бөлүктөргө бөлбөсө, ишке ашпай тургандай сезилет эмеспи. Бөлүп төлөө менен жашооңузду жеңилдете аласыз: бул ыкма ири төлөмдү чакан суммаларга бөлүп, көздөп жаткан нерсеңизди азыр сатып алууга мүмкүндүк берет!

Кыялдарыңызды бюджетиңизге зыян келтирбестен ишке ашырыңыз. Бөлүп төлөө – каалаган товарын сатып алуу үчүн жетиштүү каражаты болбогондор үчүн гана ыңгайлуу деп эсептелбейт. Ыкма чыгымдарды узагыраак мөөнөткө бөлүштүрүп, финансылык туруктуулукту сактоого жардам берет.

O!Store дүкөндөрүнөн бөлүп төлөөгө алуунун башкы артыкчылыктарынын бири – пайыздык төгүмдөр менен жашыруун комиссиялардын жок экендиги. Мында сатып алуучу эч кандай кошумча айыппулсуз мөөнөтүнөн мурда төлөп коё алат. Кененирээк маалыматты 0705 007 000 телефону аркылуу же ostore.kg сайтынан алууга болот.

O!Store дүкөнүнөн сатып ал – кыялыңды ишке ашыр!

«Дос-Кредобанк» ААК тарабынан берилет. Банк кредит берүүдөн баш тартууга укуктуу. «Дос-Кредобанк» ААК КР УБ № 037 лицензиясы. КР МБТМК караштуу МБА лицензиялары: «НУР Телеком» ЖЧК №16-0062-КР, №16-0063-КР.

 


Тизмеге кайтуу