О! Мобилдик операторунун техникалык өнүгүүсүнүн жаңылыктары

О! Мобилдик операторунун техникалык өнүгүүсүнүн жаңылыктары

18.08.2020

Жаңы окуу жылы жакындап калды, көпчүлүк окуучулар онлайн окуй башташат. Дал ошондуктан О! Мобилдик операторунун түйүнүнүн актвдүү өнүгүүсү ири шаарларда жана райондук борборлордо гана эмес, алыс жайгашкан аймактарда да актуалдуу болуп жатат.

Жакынкы күндөрдө техникалык адистер тарабынан өлкөнүн бардык жети облусунун дээрлик 55 калктуу пунктунда сигналдын сапаты жакшыртылды:

Чүй облусу: Бишкек, Кант, Кайыңды шаарларында, ошондой эле Киров, Асылбаш, Ленин, Жал, Дача-СУ, Студенческое, Кызыл-Туу айылдарында;

  • Ысык-Көл облусу: Кереге-Таш, Баетовка, Корумду айылдарында;
  • Талас облусу: Көк-Кашат, Боо-Терек, Кыргызстан, Түйтө, Ынтымак, Арал, Кара-Суу, Манас айылдарында.
  • Нарын облусу: Кара-Бүргөн, Кара-Күнгөй, Баш-Кайыңды айылдарында;
  • Жалал-Абад облусу: Жалал-Абад шаарында, Кош-Булак, Шамалды-Сай, Достук, Кызыл-Туу, Сары-Талаа, Базар-Коргон, Сузак, Саргата, Чоң-Арык, Куйбышев атындагы (Бала-Чычкан) айылдарында;
  • Ош облусу: Ош, Араван шаарларында, Кукалапаш, Сүткор, Төлөйкөн, Пахта, Октябрь, Коммунист (Жаңы-Кыштак), Кызыл-Байрак, Коммунизм айылдарында.
  • Баткен облусу: Исфана шаарында, Караван, Кара-Жыгач, Кара-Кыштак, Кара-Булак, Маданият, Өрүкзар, Келечек айылдарында.

«Биз жүктөмдүн көбөйүүсүн алдын-ала көрө билүүгө, убагында жумуштарды аткарууга жана абоненттердин түйүндүн сыйымдуулугун көбөйтүү боюнча каалоолорун эске алууга аракет кылуудабыз. Мындай жумуш үзгүлтүксүз жүргүзүлүп турат», – деп О! Мобилдик операторунун техникалык директору белгиледи. 

Компанияда кайтарым байланыш жөнгө салынган, ошондуктан эгер сизде суроолор же каалоолор болсо, сиз О! Мобилдик операторунун FacebookInstagram«Одноклассники»«ВКонтакте» же Twitter социалдык тармактарындагы расмий баракчаларына ар дайым жаза аласыз.

О! түйүнүнүн 4G LTE тармагын колдоо аймактарынын толук тизмеси менен компаниянын сайтынан таанышса болот. Бүгүн бүт өлкөнүн калкынын 98%ынан ашууну бул жогорку ылдамдыктагы технологияны колдонуу мүмкүнчүлүгүнө ээ. 


Тизмеге кайтуу