О! Мобилдик оператору бүт өлкө боюнча 4G LTE түйүнүнүн камтуусу жана сапаты кеңейтилгендигин жарыялайт

О! Мобилдик оператору бүт өлкө боюнча 4G LTE түйүнүнүн камтуусу жана сапаты кеңейтилгендигин жарыялайт

07.12.2021

О! Мобилдик операторунун түйүндүк инфраструктурасы байланыштын жаңы объектилери менен бекемделди. Калк жыш эмес жайгашкан жана татаал рельефи бар территорияларда камтуу аймагын кеңейтүүгө өзгөчө көңүл бурулду. Мындан тышкары, мобилдик оператор Ош-Ноокат транспорттук магистралдын боюндагы, ошондой эле ири өнөр-жай объектилериндеги түйүндүн камтуусунун кубаттуулугун жогорулатты. Өткөн айда 230дан ашуун калктуу пункттарда жабдуунун масштабдуу модернизациясы жүргүзүлгөн:

  • Чүй облусунда: Бишкек, Токмок, Кара-Балта шаарларында, ЭЭА территориясында «Алтын-Кен» алтын кен комбинатында, «Ала-Арча» улуттук паркында, «Ак-Ордо», «Биримдик» жаңы конуштарында, «Восход», Дача Су дачаларында, Жогорку Орок, Төмөнкү Орок, Айдарбек, Арал, Асылбаш, Александров, Ак-Башат, Ак-Кашат, Акматбек, Алмалуу, Бейшеке, Бөрүлү, Бирдик, Бириккен, Беловодск, Восток, Жарды-Суу, Дөң-Арык,Жон-Арык, Жайылма, Жайыл, Беш-Күнгөй, Кепер-Арык, Кош-Коргон, Карагай-Булак, Кызыл-Дыйкан, Кызыл-Суу, Лебединовка, Мураке, Маевка, Мирное, Майское, Мраморное, Нурманбет, Төмөнкү Серафимов, Новониколаев, Төмөнкү Ала-Арча, Чолок-Арык, Жаңы-Пахта, Таш-Мойнок, Озерное, Орто-Арык, Сүймөнкул Чокморов атындагы, Степное, Сокулук, Садовое, Северное, Сайлык, Сары-Булак, Сосновка, Кароол-Дөбө, Күрпүлдөк, Комсомольск, Каракол, Төш-Булак, Төрт-Күл, Туз, Төлөк, Төмөн-Суу, Шалта, Ысык-Ата, Чапаев атындагы, Пригородное, Биринчи Май, Первомайск, Прогресс, Предтеченка, Ровное, Киров атындагы, Чолок, Чоң-Далы айылдарында;

  • Ысык-Көл облусунда: Каракол, Григорьевка шаарларында, Желе-Дөбө, Оргочор, Кеочю, Фрунзе, Бостери, Үч-Кайнар, Отуз-Уул, Көк-Мойнок, Первое, Тогуз-Булак айылдарында;

  • Нарын облусунда: Нарын шаарында, «Солтон Сары» алтын кен комбинатында, Казыбек, Кызыл-Туу, Чаек, Орток, Шамшы, Жаңы-Талап, Түгөл-Сай, Ара-Көл, Кочкор, Куйручук, Таш-Дөбө, Ак-Татыр, Семиз-Бел айылдарында;

  • Талас облусунда: Покровка, Жоон-Дөбө, Сулуу-Маймак, Чат-Базар, Арал, Арчагүл, Бейшеке, Чоң-Кара-Буура, Кара-Буура, Ак-Жар, Бакыян, Тамчы-Булак, Чеч-Дөбө айылдарында;

  • Жалал-Абад облусунда: Жалал-Абад, Таш-Көмүр, Кочкор-Ата, Кербен шаарларында, «Макмал» алтын кен комбинатында, «Бозымчак» алтын кен жеринде, Разан-Сай, Бузук, Каныш-Кыя, Чат, Кызыл-Көл, Ак-Жол, Фрунзе атындагы, Дөдөмөл, Боспиек, Ызар, Жеңиш, Гаврилов, Мукур, Жаңгактуу-Булак, Олоң-Булак, Кара-Дөбө, Согот, Кызыл-Ата, Арал, Кашка-Терек, Саты, Урумбаш, Жерге-Тал, Авлетим, Коргон, Байкашка-Терек, Ак-Суу, Ак-Сай, Биринчи Май, Кызыл-Октябрь, Шыдыр, Шамалды-Сай, Жаңы-Арык, Алма, Эски-Массы, Ызар, Базар-Коргон, Коткор, Благовещенка айылдарында;

  • Ош облусунда: Ош жана Өзгөн шаарларында, Октябрь, Тоготой, Көк-Бел (Исанов), Жийде, Доңуз-Тоо, Бото-Мойнок, Калта, Тогуз Булак, Кызыл-Ой, Биринчи Май, Беш-Буркан, Кара-Таш, Алмалык, Кара-Шоро, Боз-Караган, Арпа-Тектир, Керме-Тоо, Макаренко, Жыланды, Кара-Дөбө, Лангар, Араван, Ак-Жар, Кызыл-Дыйкан, Какыр, Ак-Кыя айылдарында;

  • Баткен облусунда: Кызыл-Кыя шаарында, Восточный шаар тибиндеги кыштакта, Арпа-Сай, Өрүкзар, Келечек, Кош-Булак, Сары-Талаа, Рават, Бешкент, Паскы-Арык, Разъезд, Миң-Булак, Ак-Суу, Кайтпас, Халмион, Ак-Татыр, Көк-Таш, Самаркандык, Кара-Бак, Согмент, Газ, Чет-Кызыл, Бай Кара-Бак, Кыштут, Раззаков атындагы, Арка, Достук, Чаувай, Миң-Чынар, Кара-Булак, Кызыл-Чарба, Булак-Башы, Интернациональное, Чоң-Кара, Зар-Таш, Валакиш айылдарында.

«2021-жыл бою курулуштун темпин жогорку деңгээлде кармоо менен биз жаңы базалык станцияларды куруп чыктык. Биз үчүн жаңы нерсени куруу гана эмес, колубуздагы болгон техникалык ресурсту дагы сабаттуу пайдалануу маанилүү. Өткөрүмдүүлүк жөндөмү боюнча алып караганда, биздин түйүндүк инфраструктура бекемдиктин маанилүү запасына ээ жана эң жогорку жүктөмгө ээ болгон сааттарда дагы абоненттерди сапаттуу байланыш менен камсыз кылууга жөндөмдүү», – деп белгиледи О! Мобилдик операторунун техникалык директору Антон Коваленко.

О! Мобилдик оператору – Кыргызстандагы 4G/3G/2G түйүндөрүн камтуу жана сыйымдуулугу боюнча лидери. Компаниянын түйүнү биздин өлкөнүн 99%дан ашуун калктуу аймагында иштейт.

Камтуу картасы www.o.kg сайтында жеткиликтүү. Компаниянын операторлору менен FacebookInstagram«Одноклассники»«ВКонтакте»YouTube же Twitter социалдык тармактарында жеке билдирүүлөр аркылуу байланышса болот. Социалдык медиадан тышкары, О! абоненттерин күнү-түнү колдоо кызматтары да жеткиликтүү: WhatsApp: + 996 705 700 700, Telegram: @o_mobile_operator_bot жана www.o.kg сайтында онлайн-чат.


Тизмеге кайтуу