Жарым миллиондон ашуун кыргызстандыктар О! операторунун 4G LTE түйүнүнүн жакшыртылгандыгын сезишти

Жарым миллиондон ашуун кыргызстандыктар О! операторунун 4G LTE түйүнүнүн жакшыртылгандыгын сезишти

18.12.2020

О! Мобилдик операторунун 4G LTE түйүнүнүн камтуусун жана сыйымдуулугун көбөйтүү боюнча пландуу жумуштардын натыйжасында 128 калктуу пункттардагы жарым миллиондон ашуун кыргызстандыктар байланыштын сапатынын жакшыргандыгын сезе алышты.

  • Чүй облусу: Бишкек, Кант шаарларында, Шалта, Буденовка, Мураке, Аң-Арык, Ак-Башат, Дача-Су, Достук, Калдык, Маловодное, Пригородное, Достук, Гавриловка айылдарында;
  • Ысык-Көл облусу: Каракол шаарында, «Марко-Поло» эс алуу борборунда, Жети-Өгүз (курорттун аймагында), Сары-Ой, Бостери, Отрадное, Боз-Учук, Ак-Булуң, Ак-Булак, Ак-Дөбө, Талды-Булак, Ичке-Булуң, Алкым, Күрмөнтү, Талды-Суу, Байзак, Сары-Тологой, Шаты, Корумду, Ысык-Көл, Сары-Дөбө айылдарында;
  • Ош облусу: Ош, Араван, Ноокат шаарларында, Арсланбоб, Чакмак (Кыркол), Орто-Дөбө, Арек, Кызыл-Коргон, Капчыгай, Кара-Кулжа, Сай, Баш-Булак, Ачы, Бешмойнок, Асанчек, Кыргыз-Ата, Ак-Булак, Дөң-Кыштак, Мырза-Арык, Кара-Дыйкан, Макаренко, Жыланды, Кызыл-Дыйкан, Какыр, Ак-Кыя, Ничке-Сай, Сретенка, Александровка, Гюльбахор, Октябрь, Тоготой, Шаңкол, Арбын, Кызыл-Тейит, Гүлстан, Фрунзе, Жазы, Ак-Жар, Какыр, Ак-Кыя, Кыргызстан, Жийде,  Дыйкан-Кыштак, Тээке, Өзгүр, Интернационал, Барын, Кара-Таш, Нойгут, Бел, Жаңы-Ноокат, Ак-Чабуу, Үчбай, Чегеден, Кыргыз-Ата, Коммунизм айылдарында; 
  • Жалал-Абад облусу: Кочкор-Ата, Майлуу-Суу шаарларында, Сафед-Булан, Устукан, Первое Мая, Кызыл-Октябрь, Шыдыр, Үч-Булак, Чек, Чоң-Багыш, Бирдик, Райкомол, Кыргыз-Гава, Бүргөндү, Тоскоол, Дөдөмөл, Кош-Булак, Кудук-Сай, Чек, Чоң-Багыш айылдарында;
  • Баткен облусу: Баткен, Кадамжай шаарарында, Паскы-Арык, Маргун, Жаңы Жер, Чоң-Кара, Зар-Таш, Самаркандык, Жаңы-Бак, Кара-Оот, Тамаша, Апкан, Миң-Чынар, Кара-Оот, Тамаша, Эски-Оочу, Кайрагач айылдарында.

Акыркы өткөн 2 ай ичинде О! Мобилдик операторунун техникалык адистеринин жумуштары миллиондон ашуун тургундар жашаган Кыргызстандын шаарларын жана алыс жайгашкан айылдарын камтыды. Жыл өткөн сайын зымсыз интернетке жана мобилдик байланышка деген муктаждык өсүүдө. Жаңы тренддерди жана муктаждыктарды эске алуу менен «Переходи на О!» популярдуу линейкасы жана «СУПЕРХАЙП + YouTube» акциясы түзүлгөн. Алар менен интернет баарына жетет – жумуш, окуу, көңүл ачуулар жана күнү-түнү баарлашуулары үчүн.

Бүгүн О! Мобилдик операторунун 4G LTE-интернетинин ишенимдүү камтуу аймагында Кыргызстандын калкынын 98%ы жашайт. О! түйүнүнүн камтуу картасы жана О! түйүнүнүн өнүгүүсү тууралуу үзгүлтүксүз жаңылыктар www.o.kg сайтында жеткиликтүү.


Тизмеге кайтуу