О! Мобилдик операторунун техникалык адистери мобилдик байланышты жөнгө салышууда (тизме)

О! Мобилдик операторунун техникалык адистери мобилдик байланышты жөнгө салышууда (тизме)

27.07.2020

О! Мобилдик оператору өлкөнүн дароо алты облусунда 4G LTE түйүнүнүн камтуусун жана сыйымдуулугун жакшыртты. Жабдуулардын үстүндө иштөө жерлери түйүндүк инфраструктурага келтирген жүктөмдүн анализинин, ошондой эле абоненттердин кайрылууларынын негизинде техникалык адистер тарабынан аныкталды. Ошентип, кийинки калктуу пункттарда мобилдик интернет ылдамыраак, ал эми байланыштын сапаты мыктыраак болуп калды:

  • Чүй облусу: Бишкек шаарында жана Военно-Антоновка, Белек, Нижняя Серафимовка, Новопокровка, Арашан, Октябрьское, Ленин атындагы, Талды-Булак, Кара-Ой айылдарында;
  • Ысык-Көл облусу: Каракол, Чолпон-Ата шаарларында, Бостери, Сары-Ой, Чоң Сары-Ой, Бөрү-Баш, Дархан, Большевик, Төрт-Күл, Кабак, Байзак, Бактуу-Долоноту, Барскоон айылдарында жана Пристань-Пржевальск шаар тибиндеги кыштакта;
  • Нарын облусу: Ача-Кайыңды, Кара-Тоо, Кызыл-Жылдыз айылдарында;
  • Жалал-Абад облусу: Жалал-Абад, Кара-Көл, Таш-Көмүр шаарларында, Кашка-Суу, Кайырма, Жараке, Жон, Момбеков, Арал, Күмүш-Азиз, Жийде, Кара-Чолок, Массы, Кызыл-Жар, Жыл-Кол, Сузак, Гүлстан, Жар-Кыштак, Благовещенка, Мундуз айылдарында;
  • Ош облусу: Ош шаарында, ошондой эле Тогуз-Булак, Сары-Булак, Сары-Күнгөй, Кара-Таш, Нойгут, Жийде, Керме-Тоо, Кыргызстан, Кызыл-Кыштак, Кара-Кулжа;
  • Баткен облусу: Жаңы-Айыл, Халмион, Чет-Кызыл, Кызыл-Жол, Чимген, Ак-Татыр, Интернациональное айылдарында.

Бүгүнкү күнү мобилдик байланыштын маанисин ашыра баалоо абдан татаал. Мобилдик интернеттин жардамы менен О! абоненттери жакындары менен гана баарлашпастан, билим алып жатышат, аралыктан эмгектенип жатышат, үйдөн чыкпай туруп эле дүкөндөрдөн сатып алууларын, ошондой эле «Мой О!» тиркемесиндеги «О!Деньги» капчыгы аркылуу 700дөн ашуун керектүү сервистерди жана башка көптөгөн нерселерди онлайн төлөп жатышат.

О! Мобилдик операторунун 4G LTE түйүнүнүн камтуусу Кыргызстандын калкынын 98%ынан ашуунун түзөт. О! түйүнүнүн камтуу картасы жана мезгилдүү жаңылыктар www.o.kg сайтында жеткиликтүү.

Жазыңыздар – жооп беребиз!

Баса, О! түйүнүнүн түрдүү кызматтарын колдонууда пайда болгон суроолоруңузду О! Мобилдик операторунун FacebookInstagram«Одноклассники»«ВКонтакте» же Twitter социалдык тармактарындагы расмий баракчаларынан берсеңиз болот. 

«О!Деньги» сервиси «Грин Телеком Сервис» ЖЧК тарабынан көрсөтүлөт. КРУБ лицензиялары: №2021030817, №3022030817.

 


Тизмеге кайтуу