Сигнал жакшыртылды, О! операторунун 4G LTE-түйүнүндө ылдамдык жана камтуу көбөйтүлдү

Сигнал жакшыртылды, О! операторунун 4G LTE-түйүнүндө ылдамдык жана камтуу көбөйтүлдү

10.02.2022

Технологиялар бир орунда турбайт, абоненттердин адаттары өзгөрүүдө, уюлдук байланыштын кызматтарындагы адамдардын муктаждыктарына түздөн-түз таасирин тийгизүүчү шаарлар жана айылдар да өсүп жатат. Бул жана башка факторлорду эске алуу менен О! Мобилдик оператору түйүндүн жабдууларын модернизациялоо иштерин үзгүлтүксүз жүргүзүп турат.

Жаңылануу базалык станцияларга көбүрөөк абоненттерди тейлөөгө мүмкүнчүлүк берет, мобилдик интернетти ылдамдатат, добуштук байланыштын сапатын жогорулатат. Январь айында О! Мобилдик операторунун техникалык адистери өлкөнүн 170ден ашуун калктуу пункттарын кыдырып, миллиондогон кыргызстандыктар үчүн түйүндүн ишин жакшыртышты:

  • Чүй облусу: Бишкек, Кант, Кара-Балта, Кемин, Токмок, Кемин шаарларында, Рот-Фронт, Совет, Жал, Ивановка, Чүй, Алексеевка, Боролдой, Беловодск, Манас, Киршелк, Новопокровка, Кошой, Кош-Кашат, Шамшы, Чоң-Жар, Рассвет, Арпа-Тектир, Татыр, Кашка-Суу, Кой-Таш, Дмитриевка, Петропавловка, Садовое, Карл Маркс атындагы, Чалдыбар айылдарында, «Өскөн Ордо», «Үмүт» жаңы конуштарында;

  • Ысык-Көл облусу: Каракол, Балыкчы шаарларында, Орто-Токой шаар тибиндеги кыштакта жана Бостери, Көк-Дөбө, Жеңиш, Оттук, Бөкөнбаев, Түп, Миң-Булак, Арал, Күрмөнтү, Талды-Суу, Кашат, Барскоон айылдарында;

  • Талас облусу: Талас шаарында, Кызыл-Туу, Кара-Сай, Ак-Башат, Бакай-Ата, Калба, Жон-Арык айылдарында;

  • Нарын облусу: Нарын шаарында, ошондой эле Кара-Ой, Телек, Учкун, Куланак, Жан-Булак, Орто-Саз, Эмгекчил, Чолок-Кайың, Оттук, Казан-Куйган, Бирлик, Дөбөлү, Жумгал, Лакхол;  

  • Жалал-Абад облусу: Жалал-Абад, Кара-Көл, Кочкор-Ата, Кербен, Майлы-Суу, Ала-Бука, Жалгыз-Жаңгак шаарларында, Ак-Дөбө, Күлүк-Дөбө, Таш-Булак, Ала-Бука, Сапалак, Базар-Коргон, Кызыл-Багыш, Октябрь, Дөбөй, Казарман, Үч-Терек, Бузук, Кызыл-Токой, Бирлешкен, Төлөкө, Катар-Жаңгак, Көсө-Терек, Кызыл-Үңкүр, Кызыл-Алма, Ноошкен, Таран-Базар, Күмүш-Азиз, Сейит-Казы, Кара-Жыгач, Ак-Булак, Чөкө-Дөбө, Комсомол, Талаа-Булак, Чолпон-Ата, Кушчу-Суу, Кызыл-Туу, Топ-Жаңгак, Торук, Достук, Массы, Коминтерн, Бостон, Ак-Баш, Багыш, Сай, Маркай, Жетиген, Сумсар, Атана, Чие, Сузак, Жараке, Кош-Коргон, Жийде, Ажек, Бек-Абад, Көк-Жаңгак айылдарында;

  • Ош облусу: Ош шаарында, Ак-Терек, Кыш-Абад, Кашгар-Кыштак, Ачы, Бешмойнок, Асанчек, Куршаб, Шералы, Кызыл-Эшме, Кең-Жылга, Тогуз-Булак, Сырт, Сары-Колот, Коргон, Чайчи, Талаа, Кызыл-Абад, Акчал, Гузар, Старая Покровка, Кайың-Талаа, Кызыл-Жар, Кара-Сөгөт, Аюу, Заргер, Кутурган, Жаңы-Алай, Кожо-Арык, Кызыл-Сенгир, Жазы, Кара-Дыйкан айылдарында;

  • Баткен облусу: Баткен шаарында, Чек, Чоң-Талаа, Рават, Чарбак-Сай, Орозбеков, Кулду, Чаувай, Бужум.

О! Мобилдик оператору – Кыргызстандагы 4G/3G/2G түйүндөрүн камтуу жана сыйымдуулугу боюнча лидери. О! түйүнү өлкөнүн 99%дан ашуун калктуу аймагын камтыйт.

Камтуу картасы www.o.kg сайтында жеткиликтүү. Компаниянын операторлору менен FacebookInstagram«Одноклассники»«ВКонтакте»YouTube же Twitter социалдык тармактарында жеке билдирүүлөр аркылуу байланышса болот. Социалдык медиадан тышкары, О! абоненттерин күнү-түнү колдоо кызматтары да жеткиликтүү: WhatsApp: + 996 705 700 700, Telegram: @o_mobile_operator_bot жана www.o.kg сайтында онлайн-чат.


Тизмеге кайтуу