Дагы жарым миллиондон ашык кыргызстандык О! 4G LTE-түйүнүнүн жакшырганын сезе алды

Дагы жарым миллиондон ашык кыргызстандык О! 4G LTE-түйүнүнүн жакшырганын сезе алды

19.04.2021

О! Мобилдик оператору 4G LTE түйүнүн модернизациялоо боюнча масштабдуу долбоорду ишке ашырууну улантат. Аткарылган иштердин натыйжасында маалымат ѳткѳрүүнүн ылдамдыгы, ошондой эле добуштук байланыштын сапаты жогорулады. Жакшыртуу боюнча иштер жарым миллиондон ашык кыргызстандык жашаган 140ка жакын калктуу пунктта жүргүзүлдү:

  • Чүй облусу: Бишкек, Токмок, Кант шаарларында, ошондой эле Ленинское, Петропавловка, Сосновка, Полтавка, Беловодское, Чалдыбар, Белек, Панфиловское, Военно-Антоновка, Ак-Жол, Дачное, Новопокровка айылдарында;
  • Ысык-Кѳл облусу: Балыкчы шаарында, Сары-Камыш, Кашат, Жеӊиш, Жалгыз-Ѳрүк, Ичке-Суу, Чолпон, Чырак, Барскоон, Калгана, Кажы-Сай, Кызыл-Туу, Ак-Сай, Кеӊ-Суу, Ичке-Булуӊ, Боз-Бешик, Ак-Ѳлѳӊ, Туура-Суу, Кашат, Теплоключенка, Ак-Терек, Оттук, Сары-Дѳбѳ, Тамчы, Булан-Сѳгѳттү, Жарыкынбаев, Кара-Ой, Баетовка, Челпек, Пионер, Жергез, Үч-Кайнар, Отуз-Уул, Коӊур-Ѳлѳӊ, Шор-Булак, Ак-Сай, Ичке-Суу, Жети-Ѳгүз, Кара-Коо айылдарында, Бар-Булак айылындагы пансионаттын аймагында; 
  • Нарын облусу: Нарын шаарында, Миӊ-Куш шаарчасында, Калинин атындагы, Байзак, Кызыл-Коргон, Табылгыты, Түгѳл-Сай, Сары-Булак, Кара-Бүргѳн, Жан-Булак, Коӊорчок, Кызыл-Туу, Кызыл-Жылдыз, Куланак айылдарында;
  • Талас облусу: Талас шаарында, Таш-Кудук, Кѳк-Дѳбѳ (Плодопитомник), Майское, Новодонецкое, Кеӊеш, Кайнар, Арашан, Кѳк-Ой, Кара-Суу, Манас, Жон-Арык айылдарында;
  • Жалал-Абад облусу: Жалал-Абад, Кара-Кѳл, Жалгыз-Жаӊгак шаарларында, ошондой эле Аук, Рахманжан, Чангыр-Таш, Арал, Благовещенка, Мундуз, Кара-Суу, Котормо, Алмалуу, Толук, Ноот айылдарында, Бишкек-Ош автожолунун тилкесинде Токтогул районунун Чычкан капчыгайынын аймагында, Момбеково, Ала-Бука, Кара-Чолок, Ак-Там, Жапа-Салды, Достук, Оогон-Талаа, Чарбак, Сары-Сѳгѳт, Бел-Алды, Коргон айылдарында;
  • Ош облусу: Ош, Ноокат, Ѳзгѳн шаарларында, ошондой эле Лангар, Октябрь, Монок, Кызыл-Абад, Интернационал, Борбаш, Шоро-Башат, Кеӊеш, Куршаб, Шералы, Керкидан, Найман, Корс-Этти, Гүлчѳ, Арек, Кочубаев, Ылай-Талаа, Сай, Кара-Кулжа, Коммунизм, Жазы, Кыргызстан, Жийде, Кеӊ-Жылга айылдарында;
  • Баткен облусу: Баткен шаарында жана Боз-Адыр, Маргун/Жаӊы Жер, Таш-Кыя, Пулгон айылдарында.

«Акыркы жылда жашообуз толугу менен интернетке топтолуп калганын: аралыктан окуу, аралыктан иштѳѳ, медицина кызматкерлеринен онлайн консультация алуу, мамлекеттик кызматтарды онлайн алуу ж.б. эске алганда, биздин башкы милдетибиз абоненттерибиздин кѳнүмүш жашоосуна максималдуу түрдѳ таасир этүү менен түйүндү модернизациялоо болуп калды жана алдыда да боло бормекчи. Бардык иштер чекиттерде, кѳбүнчѳ түнкүсүн жана сѳзсүз түрдѳ түйүндү ѳнүктүрүү боюнча пландарды түзүү үчүн негиз болгон абоненттердин кайрылууларын эске алуу менен жүргүзүлѳт. Мындай комплекстүү иштин натыйжасында Кыргызстандын жашоочулары менен коноктору ар дайым туруктуу байланыш, жогорку ылдамдыктагы маалымат ѳткѳрүү жана сапаттуу добуштук байланыш кызматтарынан пайдалана алышат», - деп белгилейт О! Мобилдик операторунун техникалык директору Антон Коваленко.

О! Мобилдик оператору – ѳлкѳнүн 99%дан ашык калкы жашаган камтуу аймагында 4G/3G/2G түйүндѳрүнүн камтылышы жана сыйымдуулугу боюнча Кыргызстандын лидери. Камтуу картасы жана О! түйүнүнүн ѳнүгүүсү жѳнүндѳ регулярдуу жаӊылыктар www.o.kg сайтында жеткиликтүү. Биз менен FacebookInstagram«Одноклассники»«ВКонтакте»YouTube же Twitter социалдык тармактарынан жеке билдирүүлѳр аркылуу байланышууга болот. Социалдык медиалардан тышкары, О! абоненттерине күнү-түнү колдоо кѳрсѳтүү кызматы WhatsApp: + 996 705 700 700, Telegram: @o_mobile_operator_bot жана www.o.kg сайтында онлайн-чат аркылуу берилет. 


Тизмеге кайтуу