GAMER

Банер-услуги-Gamer-940x250-2.png

GAMER

Сен киберспортсменсиңби, стримерсиңби же жөн гана оюндар менен алектенесиңби? Виртуалдык салгылашууларды жана укмуштуудай жеңиштерди жакшы көрөсүңбү?

Жумасына болгону 75 сомго GAMER сервисин кошуп ал да:

  • Twitch;
  • YouTube; 
  • PUBG Mobile;
  • Clash of Clans;
  • Clash of Royale; 
  • World of Tanks Blitz;
  • Garena Free Fire 
  • сүйүктүү оюндарыңа жана сервистерге 50 ГИГАБАЙТ интернетке ээ бол.

    Сервисти кошуу буйрутмасы:   252#

    Good Luck Have Fun!

Башкаруу буйрутмалары:

  • Кызматтын статусун текшерүү: *252*9#
  • GAMER кызматынын алкагында көрсөтүлүп жаткан интернет-трафиктин калдыгын текшерүү: *252*9#
  • GAMER кызматын өчүрүү: *252*0#
GAMER кызматын көрсөтүү шарттары:

  • GAMER кызматы Кыргыз Республикасынын бүт аймагында жеткиликтүү жана аны тариф үчүн абоненттик төлөмү төлөнгөн төмөнкү тарифтик пландарынын абоненттери кошо алышат: «Переходи на О! 115», «Переходи на О! 135 + TV Баштапкы», «Переходи на О! 160», «Переходи на О! Регион», «Переходи на О! Регион + TV Баштапкы», «Переходи на О! Түштүк», «Переходи на О! Талас», «Переходи на О! Нарын», «Переходи на О! Ысык-Көл», «Переходи на О! Light+», «Переходи на О! Light + TV Баштапкы», «Переходи на О!+», «Переходи на О! Түштүк+», «Переходи на О! Талас+», «Переходи на О! Нарын+», «Переходи на О! Ысык-Көл+», «Переходи на О! 95», «Переходи на О! 135».
  • GAMER кызматынын алкагында абонентке видеостримингдик Twitch сервисин колдонуу, ошондой эле PUBG Mobile мобилдик оюну үчүн мүмкүн болгон жогорку ылдамдыктагы 50 ГБ интернет-трафик берилет.
  • GAMER кызматынын алкагында негизги тарифтин же абонент тейленип жаткан башка кызматтардын чегинде берилген интернет-трафикти колдонуу (сарптоо) мүмкүн:

    - башка веб-сайттар менен туташуу талап кылынган башка ресурстарды колдонууда,

    - Twitch, YouTube, PUBG Mobile, Clash of Clans, Clash of Royale, World of Tanks Blitz, Garena Free Fire мобилдик тиркемелерин жаңылоодо,

    - браузерди жеке (инкогнито) көрүү режиминде колдонууда,

    - трафикти кысуу үчүн браузерди колдонууда же прокси-серверди, VPN-каналдарды, анонимайзерлерди колдонууда.
  • Эгерде Twitch мобилдик тиркемеси же веб-сайты, ошондой PUBG Mobile мобилдик тиркемеси (оюну) аркылуу баракчалар, шилтемелер, сүрөттөр, видеороликтер ачыла турган болсо, аларды чагылдыруу үчүн тышкы ресурстар (башка веб-сайттар) менен туташуу керек болсо, тарифке же кызматка киргизилген интернет топтомун сарптоо дагы ушундай жүрөт;
  • GAMER кызматынын алкагында 50 ГБ интернет-трафик кызмат үчүн абоненттик төлөм алынган учурда жана учурдагы тариф үчүн абоненттик төлөмдү автоматтык түрдө алуунун биринчи аракетине чейин берилет. GAMER кызматынын алкагында максималдуу мүмкүн болгон жогорку ылдамдыктагы 50ГБ интернет-трафикти көрсөтүүнүн максималдык мөөнөтү – кызмат үчүн абоненттик төлөм алынган учурдан тартып 7 күн.
  • GAMER кызматы үчүн 7 күндүк абоненттик төлөм – бардык салыктарды эске алуу менен 75 сом. GAMER кызматы үчүн абоненттик төлөм төмөндөгүдөй алынат:
  • - биринчи жолу абонент тарабынан акцияны кошкон учурда;

    - кийин абоненттин балансында керектүү сумма болгон учурда тариф үчүн абоненттик төлөм ийгиликтүү алынары менен автоматтык түрдө.

  • Эгерде тариф үчүн абоненттик төлөмдү алуу учурунда GAMER кызматы үчүн абоненттик төлөмдү алууга баланста каражаттар жеткиликсиз болсо, анда тариф үчүн абоненттик төлөмдү автоматтык түрдө алуунун кийинки аракетине жана GAMER кызматынын шарттары узартылганга чейин кызматтын шарттарын көрсөтүү токтотулат (тиркемени жана Twitch же YouTube веб-сайтын, ошондой эле PUBG Mobile, Clash of Clans, Clash of Royale, World of Tanks Blitz, Garena Free Fire тиркемелерин (оюндарын) колдонууда интернет-трафиктин тарификациясы абонент тейленип жаткан тарифтик планына, абонент же тариф үчүн жеткиликтүү бардык башка кызматтарды жана акцияларды кошуу менен жүргүзүлөт);
  • Абоненттик төлөмдү алуу артыкчылыгы: абоненттик төлөм биринчи кезекте абоненттин тарифи үчүн, экинчи кезекте GAMER кызматы үчүн, үчүнчү кезекте «СУПЕРХАЙП» Акциясы үчүн алынат;
  • Акча каражаттарынын жоктугунан GAMER кызматынын шарттары автоматтык түрдө узартылбаган учурда жана тарифтин активдүү кызматтарынын убагында абоненттин эсебинде 75 сом же андан ашуун сумма пайда болуп калса, анда абонент өз алдынча кызматтын шарттарын *252# терүү менен жаңыртып алат, андан кийин GAMER кызматынын алкагында 50 ГБ интернет-трафиги берилет.
  • GAMER кызматы үчүн абоненттик төлөмдү автоматтык түрдө алуу кызмат үчүн акыркы абоненттик төлөм алынгандан кийин 91-күнү токтотулат;
  • GAMER кызматы боюнча 50 ГБ интернет-трафик абоненттик төлөмдү кийинки автоматтык түрдө алынуусуна чейин коротулуп калса, интернет-трафиктин кийинки тарификациясы абоненттин тарифтик планынын шарттарына ылайык жүргүзүлөт;
  • GAMER кызматы кошулган учурда «СУПЕРХАЙП» кызматын кошуп алуу мүмкүн;
  • GAMER кызматы кошулган учурда *711*0# буйрутмасынын жардамы менен кызматты өчүргөнгө чейин «Интернет тарат!» кызматын кошуп алуу мүмкүн эмес;
  • GAMER кызматы кошулган учурда колдонулуп жаткан тариф башка тарифке алмаштырылса, анда GAMER кызматы өчүрүлөт;
  • GAMER кызматын жеткиликтүү кезинде кайрадан кошуу абоненттик төлөмдүн акыркы алынган учурунан баштап кийинки суткасында гана мүмкүн;
  • GAMER кызматын өчүргөн учурда кызматтын бардык шарттары өчүрүлөт (50 ГБ интернет-трафиктен калган калдык күйүп кетет).