Дайындуу интернет

Глобалдык Интернет түйүнүнө кошуу биздин түйүндө сыноодон өткөн дүйнөлүк лидерлердин заманбап технологияларын жана жабдууларын колдонуу менен ишке ашат. Байланыш кызматтарын көрсөтүү жаатындагы чоң тажрыйба, ишти уюштуруунун жогорку деңгээли, так регламенттелген корпоративдик стандарттар жана кардарга багытталган мамиле Компаниябызга кызматтарды кошуу иштерин ыкчам аткарууга, жогорку деңгээлде кызмат көрсөтүүгө, кырдаалдын көйгөйлөрүн тез чечүүгө жана жогорку деңгээлде тейлөөнү ишке ашырууга мүмкүндүк берет.
Биздин компания кардарлардын муктаждыктарына комплекстүү мамиле кылууга багытталып, алардын ишенимин жогору баалайт жана узак мөөнөттүү кызматташууга кызыкдар.

«Дайындуу интернет» кызматы кандай милдеттерди аткарат
  • Туруктуу бөлүнгөн каналдын жардамы менен суткасына 24 саат интернетке кирүү мүмкүндүгү;
  • Жогорку ылдамдыкта маалымат алмашуу;
Глобалдык түйүнгө кирүү мүмкүндүгү төмөнкүлөрдүн эсебинен уюштурулат:
  • Була-оптикалык кабель аркылуу;
  • Радиореле линиялары аркылуу.
Артыкчылыктары
  • Жогорку ылдамдыктагы магистралдык өнүккөн була-оптикалык тармак;
  • Тармактык инфраструктура Кыргызстандын бардык аймактарында бар;
  • Кыргызстандын мобилдик байланыш тармагында технологиялык лидер;
  • Дүйнөлүк алдыңкы өндүрүүчүлөрдүн сыноодон өткөн тармактык жабдууларынын эсебинен кызматтын жогорку ишенимдүүлүгү жана сервисти көрсөтүүнүн туруктуулугу;
  • Жогорку деңгээлдеги тейлөө;
  • Оперативдүү техникалык коштоо;

Ар бир кардар боюнча кейс жекече эсептелет.

Кошуу үчүн өтүнмө калтыруу

1. Уюмдун аталышы*
2. Байланышуучу кишинин ФАА *
3. Байланыш телефону*
4. Электрондук дареги*
5. Документтерди жүктөө (милдеттүү эмес)
Жөнөтүү

Сообщение отправлено успешно!

Закрыть