Алга Интернет + O!TV

Алга Интернет + O!TV

Алга Интернет + O!TV

Болгону 750 сомго Интернет + ТВ!
  • 150тан ашуун ТВ-каналдары
  • Тарифтин чегинде интернет-трафиктин көлөмү – ЧЕКТӨӨСҮЗ
30 күнгө абоненттик төлөм: 750 сом

Тариф Бишкек шаарынан жана анын айланасындагылардан тышкары жалпы Кыргызстан боюнча жеткиликтүү.

Тарифти кошууну же алмаштырууну «Менин О!» тиркемесиндеги Жеке кабинет аркылуу же аймактардагы О! түйүнүнүн сатуу жана тейлөө кеңселеринен ишке ашырса болот.

Баасы бардык салыктарды эске алуу менен көрсөтүлгөн.

Кененирээк:
  • Тарифти 30 күнгө активдештирүүнүн баасы – бардык салыктарды эске алуу менен 750 сом.
  • «Менин О!» мобилдик тиркемеси жана Жеке кабинет аркылуу балансты текшерсе жана тарифти башкарса болот, ага кирүү тарифтештирилбейт жана баланстын бардык түрүнө ачык;
  • «Алга Интернет+TV» тарифине Non stop, 2ГБ, 4ГБ, 6ГБ, «Интернет 40 ГБ», «Алга Интернет», «Үй интернети», «7/30 күнгө чексиз 4G + O!TV», «Пайдалуу чексиз 4G», «360 күнгө пайдалуу чексиз 4G» тарифтеринен өтүү мүмкүн. Мында жогоруда көрсөтүлгөн тарифтердин шарттары өчүрүлөт, колдонулбаган интернет-трафиктин топтому жок кылынат жана интернеттин тарифтештирүүсү «Алга Интернет+O!TV» тарифинин шарттарына ылайык жүргүзүлөт.
  • «Алга Интернет+O!TV» тарифтик планын «Алга Интернет», «Үй интернети», «Пайдалуу чексиз 4G» жана «360 күнгө пайдалуу чексиз 4G» тарифине алмаштырууга болот. Мында «Алга Интернет + O!TV» тарифинин шарттары өчүрүлөт, колдонулбаган интернет-трафиктин топтому жок кылынат жана интернеттин тарифтештирүүсү кошулган тарифтин шарттарына ылайык жүргүзүлөт. «Алга Интернет + O!TV» тарифин башка тарифтик пландарга алмаштыруу мүмкүн эмес;
  • Тарифтин мөөнөтү абоненттик төлөмдү алууга жеткиликтүү сумманын баары болгон учурда ар бир 30 күнгө автоматтык түрдө узартылып турат;
  • «Алга Интернет+O!TV» тарифтик планы менен SIM-карта маалыматтарды өткөрүү жана ТВ каналдарын көрүү үчүн гана арналган, добуштук байланыш кызматтары жеткиликсиз;
  • Тариф Бишкек шаары жана айланасындагылардан тышкары жалпы Кыргызстан боюнча жеткиликтүү.
  • Тарифтин шарттары боюнча интернеттин ылдамдыгы секундасына 2 Мбитке чейин жетет. Интернет-трафиктин 50 ГБ көлөмүнө жеткенде, ылдамдык секундасына 512 Кбитке чейин белгиленет;
  • Тарифтин алкагында интернет-трафиктин көлөмү чектөөсүз берилет;
  • Файл алмашуу үчүн P2P (торрент) жана FTP тармактарынан жүктөөнүн максималдуу ылдамдыгы чектелген;«Алга Интернет + O!TV» тарифинин алкагында 150 ашуун ТВ каналы көрсөтүлөт;
  • КР бардык мобилдик операторлоруна 1 SMS жөнөтүүнүн баасы КНС эске алуу менен, СС саналбастан 1,5 сомду түзөт;
  • Активдүү режим— акыркы тарифтештирилген окуяны ишке ашырган учурдан баштап 180 күн;
  • «Менин О!» тиркемесинен жана lk.o.kg дареги боюнча Жеке кабинеттен балансты жана O!TV сервиси үчүн шартбелгини текшерсе болот, ага кирүү бардык баланста мүмкүн, интернет-трафик тарифтештирилбейт;
  • ТВ-каналдарды көрүү үчүн otv.kg сайтын ачыңыз, же O!TV тиркемесин жүктөп алыңыз;
  • ТВ-каналдарды көрүүдө колдонулуучу О! түйүнүндөгү интернет трафик тарифтештирилбейт;
  • Маалыматтарды өткөрүү жана телевидение 2G, 3G жана 4G түйүндөрүндө жеткиликтүү;
  • Абоненттик төлөмдү алуу учурунда эсепте керектүү сумма жок болсо, интернетке кирүү өчүрүлөт. Балансыңызды абоненттик төлөмдү алууга жеткиликтүү суммага толуктаңыз жана интернетке кирүү кайрадан калыбына келтирилет.
  • «O!TV» кызматынын алкагындагы телеканалдар, мазмуну жана контенти «Диас ТВ» ЖЧК тарабынан көрсөтүлөт.