Популярдуу суроолор:

1. Корпоративдик кардар болуш үчүн эмнелер талап кылынат?

Корпоративдик кардар болуш үчүн 5 кишиден баштап корпоративдик топ түзүү зарыл. Төмөнкүлөрдө корпоративдик кардар болуу мүмкүндүгү бар:

  • Юридикалык жактар;
  • Жеке ишкерлер (ЖИ).

Өтүнмө калтыруу жана толук маалымат алуу үчүн https://o.kg/ru/korporativnym-klientam/howfaq/ шилтемесине кириңиз.

2. Корпоративдик номерди кантип калыбына келтирсе болот?

1. Жеке эсеби бар абоненттер сим-карталарын компаниянын сатуу жана тейлөө кеңселеринен STANDART жана SILVER категориясындагы номери авторизациядан ийгиликтүү өткөн учурда калыбына келтире алышат. GOLD, VIP, PLATINUM категориясына кирген номерлер боюнча 2-пунктту караңыз.

SIM-картаны калыбына келтирүү акысыз ишке ашырылат. Жаныңызда өздүгүңүздү тастыктаган документтин болуусу зарыл.

Сатуу жана тейлөө кеңселеринин даректери: https://o.kg/ru/chastnym-klientam/support/Adresa-i-kontakty/magaziny-o-store/

2. Жалпы эсеби жана жеке эсеби менен GOLD, VIP, PLATINUM категориясындагы номерлерге ээ абоненттер сим-карталарын уюмдун атынан берилген арыздын негизинде корпоративдик тейлөө кеңсесинен гана калыбына келтире алышат.

Корпоративдик тейлөө кеңселеринин даректери: https://o.kg/ru/korporativnym-klientam/contact/

3. Мен кураторумду билбейм, номерди жеке тейлөөгө кантип өткөрсөм болот?

Сизге корпоративдик номерди берген уюмуңузга кайрылып, номерди кайра тариздөө жөнүндө арызды сураңыз.

Арызды скан-версиясындаcorporate@nurtelecom.kg электрондук почтасына жөнөтсө, же корпоративдик тейлөө кеңсесине түпнуска түрүндө берсе болот.

Корпоративдик тейлөө кеңселеринин даректери: https://o.kg/ru/korporativnym-klientam/contact/

* Номерди кайра тариздеген соң, Номердин ээси аны каттатуу үчүн паспорту жана сим-карта менен O!Store сатуу жана тейлөө кеңсесине кайрылуусу зарыл. Каттоодон өткөрбөгөн учурда чалуулар, смс, интернет жеткиликтүү болбойт.

4. Корпоративдик номердин тарифин кантип өзгөртсө болот?

o

Корпоративдик тарифти өзгөртүү уюмдун кураторунун жазуу жүзүндөгү сурамынын негизинде мүмкүн.

Тарифти өзгөртүү үчүн уюмуңузга кайрылыңыз.

Тарифтик планды текшерүү *155#

5. Корпоративдик номерди кантип алмаштырса болот?

Номерди алмаштыруу үчүн уюмуңуздун Корпоративдик тобунун жетекчисине кайрылыңыз. Номерди тандоо: https://o.kg/ru/chastnym-klientam/uslugi/uslugi/upravlenie-nomerom/moy-novyy-nomer/

6. Төлөм жаңылыш аткарылган учурда эмне кылуу керек?

1. Эгерде балансты толуктап жатып, жеке эсеби менен корпоративдик номерди туура эмес көрсөтүп алсаңыз, төлөмдү тастыктоочу документтер (чек, дүмүрчөк) менен O!Store сатуу жана тейлөө кеңсесине кайрылыңыз.

  • Өтүнмөңүз 2 күндүн ичинде каралып чыгат. Чечим оң жагына чыгарылган учурда, жаңылыш төлөмдүн суммасы арызда Сиз көрсөткөн туура абоненттик номерге которулат.
  • Каражаттар башка абонент тарабынан жарым-жартылай же толугу менен сарпталып кетиши мүмкүн болгондуктан, Компания аларды толук көлөмдө кайтарып берүүнү кепилдей албайт. Коррекциялоо Сиз төлөмдү жаңылыштык менен өткөрүп алган абоненттин балансындагы сумманын чегинде гана бир жолу ишке ашырылат.

2. Эгерде балансты толуктап жатып, жалпы эсеби менен корпоративдик номерди туура эмес көрсөтүп алсаңыз, номериңиз катталган уюмга төлөмдү тастыктоочу документтер (чек, дүмүрчөк) менен кайрылуу зарыл.

  • Уюм корпоративдик тейлөө кеңсесинин corporate@nurtelecom.kgэлектрондук почтасына төлөмдү туура номерге которуу жөнүндө арыз жиберүүгө тийиш.

7. Эгер жаңылыштык менен «О!Деньги» капчыгынын ордуна номердин балансын толуктап алса эмне кылуу керек?

1Эгер жеке эсеби менен корпоративдик номер болсо, төлөмдү кайтарып алуу үчүн төлөмдү ишке ашырган төлөм тутумунун колдоо кызматына кайрылыңыз. Корпоративдик номерден акча каражаттарын накталай акчага алмаштыруу жана акча каражаттарын баланстан «О!Деньги» капчыгына которуу мүмкүн эмес.

2. Эгер жалпы эсеби менен корпоративдик номер болсо, анда номериңиз катталган уюмга төлөмдү тастыктоочу документтер (чек, дүмүрчөк) менен кайрылууңуз зарыл. Корпоративдик номердин балансы накталай акчага алмаштырылбагандыктан, балансты башка корпоративдик эмес номерге которууга мүмкүнчүлүк бар. Уюм корпоративдик тейлөө кеңсесинин corporate@nurtelecom.kg электрондук почтасына төлөмдү башка номерге которуу жөнүндө арыз жөнөтүүгө тийиш.

8. Номердеги акы төлөнүүчү кызматтарды кантип текшерсе болот?

Кошулган тарифтер менен кызматтар жөнүндө «Мой О!» тиркемесинен, ошондой эле *202# жана чалуу буйрутмасын терүү аркылуу маалымат алууга болот.

«Мой О!» тиркемесинин мүмкүнчүлүктөрү жөнүндө кененирээк маалымат https://dengi.kg/kg сайтында.

Сообщение отправлено успешно!

Закрыть