SIM-картаны каттоо

sim registration banner

Эмне үчүн SIM-картаны каттоо зарыл?

  • Жеке маалыматтарды шылуундардан коргоо үчүн зарыл. Себеби телефонго электрондук капчыктар, соцтармактардын аккаунттары жана башка онлайн-сервистер кошулушу мүмкүн.
  • Номерди башкаруу жеңил болот: SIM-картаны жоготуп алган учурда, номериңизди тез жана оңой калыбына келтире аласыз.

Номерди ээсинин паспортуна каттоо – Кыргызстандын бардык мобилдик операторлорунун абоненттери үчүн милдеттүү шарт.

sim registration reasons

SIM-картаны эки мүнѳттүн ичинде кантип каттаса болот?

  • SIM-картаны смартфонго салып, SMS менен келген шилтеме аркылуу «Мой О!» тиркемесин ачыңыз
  • Жаңы номериңизди киргизсеңиз, ага код менен SMS келет, «Киришүү» баскычын басыңыз
  • Паспортуңуздун эки тарабын, андан соң ѳзүңүздүн жүзүңүздү сүрѳткѳ тартыңыз да, ѳтүнмѳнү карап чыгууга жибериңиз.
  • Маалыматтар ийгиликтүү текшерилгенден кийин бардык байланыш кызматтарын, ошондой эле «О!Деньги» электрондук капчыгын колдонуу мүмкүндүгү берилет.

Кѳп берилген суроолор

  • SIM-картаны эмне үчүн катташым керек? droppable content icon

    КР Министрлер кабинетинин жаңы эрежелерине ылайык, 2024-жылдын 1-апрелинен тартып, Кыргызстандын бардык мобилдик операторлорунун абоненттери жаңы SIM-картаны активдештирүүдѳ паспорту менен милдеттүү каттоодон ѳтүүгѳ тийиш.

    Каттоо ийгиликтүү аткарылган учурга чейин жаңы SIM-картадагы байланыш кызматтары чектелип кѳрсѳтүлѳт – мобилдик оператордун колдоо кызматына гана чалуулар жеткиликтүү болот.

    Белгилей кетчү нерсе, каттоо жеке маалыматтардын коопсуздугун камсыздоо үчүн дагы, айрыкча, номердин ээси аны онлайн-банкинг, санариптик мамлекеттик кызматтардын порталы, жумушчу почта, мессенджерлер, соцтармактардагы аккаунттар сыяктуу сервистерге катталуу жана аларга кирүү үчүн колдонгон учурда зарыл. SIM-картаны каттоо жеке маалыматтарды шылуундардан коргойт, ал эми SIM-картаны жоготуп алганда, номерди калыбына келтирүү оңойго турат.

  • Каттоодон кантип ѳтѳм? droppable content icon

    Сиз номерди «Мой О!» тиркемеси аркылуу ѳз алдыңызча каттап, номериңиздин балансына 100 сом БОНУС ала аласыз. Ал эми бул каражаттарды байланыш кызматтарына жумшасаңыз болот.

    Ошондой эле жакынкы O!Store сатуу жана тейлѳѳ кеңселеринин бирине паспортуңуз менен кайрылсаңыз, кызматкерлер номериңизди каттоого жардам беришет.

  • Эгер мен каттоодон ѳтпѳсѳм, номерим эмне болот? droppable content icon

    Эгер сиз номериңизди SIM-картаны активдештирген күндѳн тартып 30 күндүн ичинде каттабасаңыз, анда тарифтик пландын шарттарына ылайык, Сизге бардык салыктарды кошкондо, күнүнѳ 20 сом ѳлчѳмүндѳ кепилденген ээлеп туруу мѳѳнѳтү берилет. Бул мѳѳнѳттүн ичинде ээлеп койгон номериңизди каттоо мүмкүндүгү сакталып турат. Балансыңызда каражат жок болсо, номериңиз ѳчүрүлѳт – SIM-карта деактивацияланат.

  • Менин телефонум баскычтуу телефон жана интернет иштебейт, SIM-картаны кантип каттай алам? droppable content icon

    Сиз жакынкы O!Store сатуу жана тейлѳѳ кеңселеринин бирине паспортуңуз менен кайрылсаңыз, кызматкерлер номериңизди каттоого жардам беришет.

  • Менин паспортум жок, себеби 16 жашка толо элекмин. SIM-картаны кантип каттай алам? droppable content icon
    Номерди ата-энеңиз же камкорчуларыңыз каттай алышат.
  • Мен башка ѳлкѳнүн жаранымын, SIM-картаны кантип каттай алам? droppable content icon

    Сиз номерди «Мой О!» тиркемеси аркылуу ѳз алдыңызча каттап, номериңиздин балансына 200 сом БОНУС ала аласыз. Ал эми бул каражаттарды байланыш кызматтарына жумшасаңыз болот.

    Ошондой эле жакынкы O!Store сатуу жана тейлѳѳ кеңселеринин бирине паспортуңуз менен кайрылсаңыз, кызматкерлер номериңизди каттоого жардам беришет.