Кыргызча

Көп берилчү суроолор

«О!»нун 3G/4G түйүнүндө туташуу ылдамдыгы кандай?
expanded panel icon down

Баары Сиздин түзүлүштөн көз каранды.

  • 3G түйүнү менен  жүктөө ылдамдыгы  42,2 Мбит/сек чейин жетет.

  • Түзүлүш HSDPA; HSPA; UMTS; W – CDMA стандарттарын көтөрүшү керек.

  •  4G түйүнү менен  жүктөө ылдамдыгы   150 Мбит/сек чейин жетет.

  • Түзүлүш  2600 МГц (Band 7 же  диапазон 7) жана  800 МГц (Band 20) жыштыгын көтөрүшү керек.

Өз телефонуңуздун же модемиңиздин техникалык мүмкүндүктөрүн Сиз өндүрүүчүдөн тактай аласыз. 

Телефондо 3G түйүнүн активдештирүү
expanded panel icon down
  • 3G активдештирүү үчүн настройки сети кирип, WCDMA, UMTS же автоматический режим тандоо керек. 

  • Мобилдик интернеттин тууралоолору туура болушу зарыл. 

Балансты кантип толтуруу керек?
expanded panel icon down
  • Кайдан комиссиясыз толтурууга болот?

О! мобилдик операторунун абоненттери мобилдик эсепти  компаниянын сатуу жана тейлөө кеңселеринен, төлөм карталарын колдонуу менен жана «Бишкекпочтасынын» жакынкы бөлүмдөрүнөн акысыз толтура алышат. 

  • О! төлөм карталарын жүктөө

О! түйүнү өз абоненттерине өз балансын же жакындарынын жана досторунун балансын толтуруу үчүн төлөм карталарын колдонууну сунуш кылат. Төлөм карталары үч номиналда: 25 сом, 50 сом, 100 сом сунушталды.

Жашыруун коддун корголгон катмарын кылдат сүртүңүз.

Мобилдик телефонуңуздан 

*101* төлөм картасынын 16 цифралуу жашыруун коду#  териңиз. 

Сиз картаны ийгиликтүү жүктөгөндөн кийин, телефонуңуздун балансы толтурулгандыгы жөнүндө Сиздин баланска келип түшкөн сумманы көрсөтүү менен билдирүү аласыз. Төлөм картасын жүктөгөндө, балансыңызна картанын номиналына барабар сумма түшөт. 

  • О! түйүнүнүн башка абонентине төлөм картасын жүктөө

Өз телефонуңуздан О! түйүнүндөгү каалаган абоненттин балансына төлөм картасын жүктөй аласыз. Бул үчүн кийинки тейлөө командасын терүү керек:

*101* төлөм картасынын 16 цифралуу жашыруун коду*абоненттин 070ХХХХХХХ форматындагы телефон номуру#.. 

Төлөөдө ката кетиргенде эмне кылуу керек?
expanded panel icon down
  • Балансты толтурууда туура эмес номерди көрсөтсөңүз, төлөөнү ырастоочу документтер менен (чек, квитанция) тейлөө кеңсесине кайрылыңыз.

  • Сиздин арыз 2 күндүн ичинде каралат. Оң чечилсе, жаңылып төлөнгөн сумма сиз арызда көрсөткөн абоненттин туура номерине которулат.

  • Компания каражаттарды толугу менен кайтарууга кепилдик бербейт, себеби башка абонент аларды толугу менен же жарым-жартылай коротуп коюушу мүмкүн.  Түзөтүү сиз анын эсебине төлөмдү жаңылышып которгон абоненттин балансындагы сумманын чегинде бир жолу гана жүргүзүлөт. 

SIM-картаны «О!» мобилдик операторунун номерин сактоо менен калыбына келтирүү
expanded panel icon down
  • SIM-картаны калыбына келтирүү үчүн компаниясынын сатуу жана тейлөө кеңселерине кайрылуу керек. 

  • Жаныңызда өзүңүздү ырастаган документти ала келүү зарыл. 

Чалууну башка дарекке бурууну кантип орнотуу керек?
expanded panel icon down

«Башка дарекке буруу» кызматы менен сиз бардык кирүүчү чалууларды каалаган телефонго – мобилдик, шаардык, шаар аралык же эл аралык телефонго даректөөгө болот.

Эгер сиз телефонуңузду үйгө унутуп калсаңыз же анын батареясы отуруп калса, сиз бир да чалуунун кое бербейсиз. Сиз чалууларды башка дарекке бурууну телефондун менюсу аркылуу же атайын буйрутмалардын жардамы менен тууралай аласыз:

Чалууларды башка дарекке буруунун түрлөрү:

  • Бардык кирүүчү чалуулар

  • Абоненттин   аппараты өчүк болсо

  • Абоненттин аппараты түйүн иштебеген аймакта болсо;

  • Абонент (5, 10, 15, 20, 25, 30 секунда) ичинде жооп бербесе;

  • Абоненттин аппараты бош эмес болсо;

  • Башка дарекке бурууда көрсөтүлө турган номердин форматы:

  • КР  түйүндөрү үчүн 10 маанилүү форматта (0700123456) же эл аралык форматта  (+996700123456)

  • КР чегинен тышкаркы түйүндөр үчүн эл аралык форматта гана (+19161234567…) 

Сиз дайыма кызматтын статусунун абалын бул кызмат күйүкпү же жокпу текшере аласыз, эгер ооба болсо, мындай номерге бардык кирүүчү чалуулар бурулат. Ошондой эле чалууларды башка дарекке бурууну өчүрө аласыз.

Жеке акциялар жөнүндө
expanded panel icon down

О! мобилдик оператору өзүнүн абоненттерин баалайт жана лоялдуулук программасынын алкагында акцияларды үзгүлтүксүз өткөрүп турат. Тармакта активдүүлүк үчүн сыйлык катары колдонуучулар төмөнкүлөрдү ала алышат:

  • кошумча интернет гигабайттарын,

  • бонустук мүнөттөр жана SMS'терди,

  • аларды байланыш кызматтарына гана колдонууга болгон баланска сомдорду.

Көңүл бургула: Белек сому + балансты толтуруунун суммасы мобилдик кызматтарды төлөө үчүн гана арналган жана аларды «О!Деньги» капчыгында жана O!Bank'та колдонууга болбойт.

Белек чегерүүлөр жөнүндө билдирүүлөр «Мой О!» расмий тиркемесинде калкып чыгуучу пуш-билдирүүлөр же  компаниянын расмий альфа аталыштарынан SMS түрүндө: O!, Moi O! келиши мүмкүн. Ошондой эле жеке сунуш тууралуу маалыматты балансты толтурууда О! фирмалык терминалында көрсөңүз болот.

Бул сиз: билдирүү чындыгында О!  операторунан келди  жана бонустар жөнүндө ишенимдүү маалыматты камтый тургандыгына ишене аласыз дегенди билдирет. Компаниянын күнү-түнү иштеген колдоо кызматынан сизге жеткиликтүү акциялар тууралуу толук маалыматты тактоого болот:

 

 

Арзандатуулар  жана сунуштар жөнүндө көбүрөөк жарнамалар жана маалымат «Акциялар» баракчасында