Чексиз 4G

Чексиз 4G

cheksiz.jpg
Чыныгы чексиз 4G интернет!

Онлайн HD-видео көр, сүйүктүү музыка жүктө, түйүндө 150 Мбит/с чейинки ылдамдыкта бааралаш

  • Берилүүчү трафиктин көлөмү ЧЕКСИЗ
  • 7 күнгө абоненттик төлөм 350 сом
  • 30 күнгө абоненттик төлөм 1390 сом

Баалар бардык салыктарды эске алуу менен көрсөтүлдү.

Тарифти көрсөтүү шарттары:
  • Тарифти кошуу Кыргыз Республикасынын бүткүл аймагындагы бардык абоненттерге жеткиликтүү.
  • «Чексиз 4G» тарифинин чегинде интернет-трафик Кыргыз Республикасынын бүткүл аймагында абонент кайсы түйүндө - 2G, 3G же 4G жүргөндүгүнө карабастан жеткиликтүү.
  • Тарифтин иштөө мөөнөттүн ичинде абонентке мобилдик интернетти берилүүчү трафиктин көлөмүн эске абастан колдонуу мүмкүндүгү берилет.
  • 7/30 күнгө «Чексиз 4G» тарифине «Non Stop», «2 ГБ», «4 ГБ», «6 ГБ» тарифтерин которуу жеткиликтүү.
  • 7/30 күнгө «Чексиз 4G» тарифинен «Non Stop», «2 ГБ», «4 ГБ», «6 ГБ» тарифтерине которуу жеткиликтүү.
  • 7/30 күнгө «Чексиз 4G» тарифинен компаниянын өтүүгө жеткиликтүү тарифтеринин каалаган тарифине которууда мобилдик интернетти берилүүчү трафиктин көлөмүн эске алуусуз колдонуунун бардык сарпталбаган күндөрү – күйүп кетет. Мында  30 күнгө «Чексиз 4G» тарифи боюнча абоненттик төлөм үчүн алынган каражаттар кайтарылбайт.
  • Балансты текшерүү, тарифтерди башкаруу абоненттин Жеке кабинетинде иштейт. Жеке кабинетке кирүү тарифтештирилбейт жана каалаган баланста ачык.
  • Эгер тарифтеги абоненттик төлөмдү төлөгөн учурдан тартып 30 күндөн кийин абоненттин эсебинде абоненттик төлөмдү алуу үчүн керектүү сумма жок болсо, интернетке кирүү кызматы өчөт. Интернетке кирүү кызматын колдонууну улантуу үчүн балансты абоненттик төлөмдү алуу үчүн жетпеген суммага толуктоо керек. Абоненттик төлөм толугу менен алынгандан кийин интернетке кирүү калыбына келтирилет.
  • Тарифтин чегинде «Турбокнопка» кызматын кошуу жеткиликтүү. «Турбокнопка 3 ГБ» кызматын кошуу баасы - 60 сом, «Турбокнопка 10 ГБ» - 100 сом.
  • «Турбокнопка» кызматынын иштөө мөөнөтү ал кошулган сутка ичиде 23:59:59 чейин жеткиликтүү. «Турбокнопка» кызматынын иштөө мөөнөтү бүткөндөн кийин колдонулбаган интернет-трафик күйүп кетет. «Турбокнопка» кызматын кайталап кошууга болот. Ар бир жолу кошкондо колдонуудагы топтомдун интернет-трафигинин калганы жаңы кошулган топтомдун интернет-трафигине кошулат. Мында кызматтын иштөө мезгили өзгөрбөйт. «Турбокнопка» кызматын кошуу «Жеке кабинеттеги» интерфейсте же WEB-интерфейси аркылуу жеткиликтүү.
  • Бул тарифтин алкагындагы чексиз интернеттин шарттарын туура пайдалануу үчүн тутум тарабынан  300 МБ чейин максималдуу мүмкүн болгон ылдамдыктагы  интернет-трафик автоматтык түрдө сакталып турат. Максималдуу мүмкүн болгон ылдамдыктагы интернет-трафиктин актуалдуу калдыгын текшерүү үчүн алгач топтомдук маалыматтарды өткөрүүнү өчүрүү керек, андан кийин аппаратты "учуу" режимине коюп жана кайрадан бул режимден чыгып, андан ары  топтомдук маалыматтарды өткөрүүнү кошпой туруп, *728*9# текшерүү буйрутмасын терүү зарыл;
  • Бардык кардарларын интернет менен камсыздоо максатында компания ашыкча жүктөм сааттарында тармактык ресурстарын адилеттүү бөлүштүрүү үчүн трафиктин "адилеттүү пайдалануу саясатын" (FUP - Fair Usage Policy) колдонуп келет. Эсептешүү мезгилдин ичинде (абоненттик төлөмдү акыркы алган күндөн тартып) абонент интернеттин ашыкча көп көлөмүн колдонуп жатса жана башка абоненттер үчүн ыңгайсыздыктарды жаратса, тутум абоннеттик төлөмдү кийинки алганга чейин (эсептешүү мезгили аяктаганга чейин) интернетке кирүү ылдамдыгын азайтат. Кезектеги абоненттик төлөмдү алган күндөн тартып, интернетке кирүү ылдамдыгы автоматтык түрдө калыбына келтирилет. Мындай мамиле жасоонун негизги артыкчылыгы болуп түйүндүн ресурстарын бардык абоненттердин ортосунда адилеттүү бөлүштүрүү жана ошол учурда мүмкүн болгон максималдуу ылдамдыкты берүү саналат;

  • Баалар бардык салыктарды эске алуу менен көрсөтүлдү.