Мугалим PRO

Мугалим PRO

Мугалимдер үчүн социалдык тарифтик план

  • 40 ГБ интернет;
  • КРнын башка мобилдик түйүндөрүнө 100 мүнөт;
  • О! түйүнүндө ТОЛУГУ МЕНЕН ЧЕКСИЗ чалуулар жана SMS;
  • WhatsApp, Telegram, Skype Google Classroom, Zoom, Instagram, Facebook, ВКонтакте, Одноклассники жана Twitter – баарлашуу жана онлайн-окутууну өткөрүү үчүн акысыз интернет-трафик;
  • Билим берүүчү ТВ-каналдарынын «О!TV Окутуу» атайын топтомдоруна акысыз кирүү;
  • «МОЙ О!» тиркемесинин электрондук китептери, сабак жүгүртмөсү жана видеосабактары бар «Мектеп» бөлүмүнө, ошондой эле билим берүүчү «ЯКласс» онлайн-ресурсуна АКЫСЫЗ кирүү.
Тарифти көрсөтүү шарттары:
Башкаруу буйрутмалары:
Кошумча маалымат:
Каттоодон өтпөй туруп жеке кошулуу:

Тарифти кошумча каттоодон өтпөй туруп «МОЙ О!» тиркемесинен же *155*76# буйрутмасынын жардамы менен төмөнкү учурларда кошуп алса болот:

  • Эгер сиз мурда «Мугалим PRO» тарифин кошуп алуу үчүн каттоодон өткөн болсоңуз жана кийин тарифти башкага которгон учурда;
  • Эгер сиздин телефон номериңиз «ЭлМектеп» тутумунда мугалим катары катталган болсо.
  • Каттоодон өтүү аркылуу жеке кошулуу:

    «Мугалим PRO» социалдык тарифине кошулуу үчүн Мугалим «Мой О!» тиркемесинде каттоодон өтүүсү керек. Тиркемени Play Market же AppStore платформаларынан жүктөп алса болот. Эгер тиркеме смартфонуңузда болсо, аны жаңылап алыңыз. «Тарифтер» менюсуна кириңиз, ал жерден «Окутуу үчүн» категориясын табасыз. «Мугалим үчүн» вкладкасын тандаңыз жана атайын форманы толтуруп, төмөнкүлөрдү көрсөтүңүз:

  • Окуу жайы тууралуу маалыматтар;
  • Область;
  • Район;
  • Шаар/айыл;
  • Окуу жайынын аты же номери;
  • Фамилиясы;
  • Аты;
  • Атасынын аты (паспортунда бар болсо);
  • Паспортунда ИНН номери бар болсо (14 сандан турган жеке номер);
  • Паспорттун номери;
  • Паспорттун алдыңкы жана арткы бетинин сүрөтү;
  • Иштеген жеринен алынган маалымкаттын сүрөтү.

Тизме боюнча мугалимдерди тиешелүү текшерүүдөн өткөргөндөн кийин мугалимдин «Мой О!» тиркемесине каттоо жүргүзгөн номерине тариф бир күндүн ичинде автоматтык түрдө кошулат.

Эгер сиздин үйдөн чыгуу мүмкүнчүлүгүңүз болсо, тарифти O!Store сатуу жана тейлөө кеңселеринен дагы кошуп алса болот. Жаныңызда жогорудагы тизмеде көрсөтүлгөн маалыматтар менен документтердин болушу керек.

Мектептерден келген сурамдарга ылайык кошулуу:

«Мугалим PRO» тарифине жаңы кошулуулар жалпы орто билим берүү мекемелеринин жетекчилиги менен мугалимдеринин сурамдарына ылайык, О! Мобилдик оператору тарабынан борборлоштурулуп ишке ашырылат.

«Мугалим PRO» социалдык тарифине кошулуу үчүн сурамдарды жолжоболоштуруу үчүн mugalim@nurtelecom.kg электрондук дарегине мектептин номерин, мугалимдердин ФАА, паспорттук маалыматтарын жана мүмкүн болсо мугалимдердин учурдагы колдонуп жаткан мобилдик номерлерин көрсөтүү менен бирге окутуучулар курамынын тизмесин жөнөтүү керек.

О! абоненттери болгондорго тизмеде көрсөтүлгөн мобилдик номерлер боюнча учурдагы номерине акысыз тариф дистанциондук түрдө акысыз кошулат. Ал эми О! түйүнүнүн номерлери жокторго «Мугалим 200 PRO» акысыз тарифи менен жаңы SIM-карталар берилет.

30 күнгө абоненттик төлөм

285 сом

Максималдуу мүмкүн болгон ылдамдыктагы негизги интернет-топтомдун интернет-трафигинин көлөмү

40 ГБ

WhatsApp, Telegram, Skype, Google Classroom, Zoom, Instagram, Facebook, ВКонтакте, Одноклассники жана Twitter мессенжерлерине интернет-трафиктин көлөмү

Чексиз

Башка түйүндөргө акысыз чалуулар*

100 мүнөт

О! түйүнүндө чалуулар жана SMS

0 сом

КРнын башка байланыш операторлорунун номерлерине SMS

1,50 сом

Максималдуу мүмкүн болгон ылдамдыктагы интернет-трафиктин көлөмүнүн жана башка операторлордун номерлерине акысыз мүнөттөрдүн калдыгын текшерүү буйрутмасы

*728*9#


  • Алгачкы 40 гигабайт мобилдик интернет тарифте топтомдор жаңыланган (тариф үчүн абоненттик төлөм алынган) учурдан тартып 30 күн бою максималдуу мүмкүн болгон ылдамдыкта берилет. Андан кийин интернеттин ылдамдыгы азайтылышы мүмкүн.
  • Максималдуу ылдамдыктагы интернет-топтомду колдонуп бүткөндөн кийин, «Турбокнопка» 1 ГБ, 2 ГБ жана 10 ГБ кызматтарын кошууга болот, алар кезектеги абоненттик төлөм алынганга чейин мобилдик интернетти максималдуу ылдамдыкта колдонууга мүмкүндүк берет. «Турбокнопкаларды» «Жеке кабинетте», web-интерфейс же төмөнкү буйрутмалардын жардамы аркылуу кошууга болот:

«Турбокнопка 1 ГБ» – *735*1# (30 сом);

«Турбокнопка 2 ГБ» – *735*2# (40 сом);

«Турбокнопка 10 ГБ» – *735*10# (100 сом).

«Мой О!» мобилдик тиркемесинен тариф менен кызматтарды башкарыңыз, мүнөттөрдүн жана гигабайттардын калдыгын текшериңиз, толук детализацияны жана күнү-түнү онлайн-консультация алыңыз. Тиркемени дароо азыр акысыз жүктөп алыңыз!

  • «Мугалим PRO» тарифтик планы бардык жалпы билим берүү мектептеринин мугалимдерине жеткиликтүү;
  • Кошуу үчүн бир ИНН алкагында «Мугалим PRO» тарифтик планы менен бир гана SIM-карта жеткиликтүү;
  • Бардык кирүүчү чалуулар – акысыз, болгону КР башка байланыш операторлорунун номерлеринен 705 префиксиндеги номерлерге келген чалуулар боюнча сүйлөшүүнүн бир мүнөтү - 5,99 сом;
  • Сүйлөшүүнүн бир мүнөтү 7,49 сомдон тарифдештирилүүчү ««Кыргыз Темир Жолу» УК» Мамлекеттик ишканасынын +996-312-92-6х-хх жана +996-312-92-7х-хх жергиликтүү байланыш номерлерине чыгуучу чалууларынан башка КР жергиликтүү байланыш операторлоруна чыгуучу чалуулар – мүн/5,99 сом;
  • Акылуу байланыш кызматтарын өчүрүү босогосу тарификациянын минималдык бирдигин төлөө үчүн керектүү акча каражаттарынын санына туура келет;
  • «Мугалим PRO» тарифтик планына кошулууда «Үн почтасы» кызматты автоматтык түрдө кошулат;
  • «Мугалим PRO» тарифтик планынын абоненттери «Менин жаңы номерим» кызматынын шарттарына ылайык номерди тандап жана аны алмаштыра алышат;
  • Эгер сизде «АнтиАОН» же «АнтиАОН+» кызматтарынын бири кошулуп турган болсо жана кезектеги ар айлык абоненттик төлөмдү алып жаткан учурда, балансыңызда 285 сомдон аз сумма болсо, жогоруда аталган кызматтарды колдонуу чектелет, мында кошулган кызматты көрсөтүү шарттарына жараша кызмат боюнча абоненттик төлөм алына берет. Бул кызматтарды конкреттүү бир кызматты көрсөтүү эрежелерине ылайык каалаган учурда өчүрсө болот;
  • Смартфонду башка түзүлүштөр үчүн интернетке кирүү түйүнү катарында (модем шарттамында) колдонуу толугу менен акысыз жеткиликтүү;
  • Бул тарифтин алкагында чексиз интернеттин шарттарын туура көрсөтүү үчүн тутум тарабынан максималдуу мүмкүн болгон ылдамдыктагы 300 МБ чейин интернет-трафик автоматтык түрдө резервделет. Максималдуу мүмкүн болгон ылдамдыктагы интернет-трафиктин актуалдуу калдыгын текшерүү үчүн алгач маалыматтарды топтомдук өткөрүүсүн өчүрүү керек, андан кийин аппаратты "учуу" режимине өткөрүү жана бул режимден чыгуу, андан ары маалыматтарды топтомдук өткөрүүнү күйгүзбөстөн *728*9# текшерүү буйрутмасын терүү зарыл;
  • Эгер негизги интернет-топтом 30 күндүн ичинде толугу менен сарпталбаса, анда сарпталбаган интернеттин мегабайттары кийинки мөөнөткө которулбайт;
  • «Мугалим PRO» тарифин жеткиликтүү болгон компаниянын каалаган тарифине алмаштырган учурда, бардык сарпталбаган акысыз мүнөттөр жана интернеттин мегабайттары күйүп кетет;
  • «Өзгөрүшүбүз керек» акциясына кошулуу мүмкүн, анын алкагында башка түйүндөргө чалуулар үчүн колдонулбаган мүнөттөрдү толугу менен АКЫСЫЗ алмашууга болот: *796*4# буйрутмасы менен КРнын башка мобилдик түйүндөрүнө акысыз чалуулардын 20 мүнөтүн алмашуу менен кошумча 4 ГБ жогорку ылдамдыктагы интернетти алуу мүмкүн. Мүнөттөрдү бөлүп-бөлүп алмашса да болот: *796*3# буйрутмасы менен түйүндөн тышкары чалуулардын 15 мүнөтүн кошумча 3 ГБ жогорку ылдамдыктагы интернетке же *796*1# буйрутмасы менен түйүндөн тышкары чалуулардын 5 мүнөтүн кошумча 1 ГБ жогорку ылдамдыктагы интернетке алмашуу мүмкүн. Түйүндөн тышкары мүнөттөрдүн топтомунун бөлүктөрүн калган мүнөттөрдүн саны канчага мүмкүндүк берсе, ошончо жолу гигабайтка алмашууга болот.
  • Интернетти үзгүлтүксүз колдонуу мүмкүндүгүн камсыздоо максатында, тариф боюнча негизги интернет-топтом түгѳнгѳн соӊ, 20 сомго 1 ГБ кошумча интернет-топтом берилет:
    ∙ 1 ГБ кошумча интернет-топтомдун жарамдуулук мѳѳнѳтү – тариф үчүн кезектеги абоненттик тѳлѳмдү алуу аракетине чейин. Мѳѳнѳт аяктагандан кийин интернет-топтомдун сарпталбаган кѳлѳмү күйүп кетет;
    ∙ 1 ГБ кошумча интернет-топтом тариф боюнча негизги интернет-топтом түгѳнгѳндѳн кийин дароо берилет. Ошондой эле алгач берилген 1 ГБ кошумча интернет-топтом түгѳнүп калса, баланста жетиштүү каражат болгон учурда, кошумча интернет-топтомду кайра алса болот;
    ∙ Эгерде тариф боюнча негизги интернет-топтомдун трафиги аяктаган учурда баланста 20 сомдон аз каражат болсо, анда 1 ГБ кошумча интернет-топтом берилбейт;
    ∙ 1 ГБ кошумча интернет-топтомду берүүгѳ тыюу салуу мүмкүн, бул үчүн каалаган Сатуу жана тейлѳѳ кеӊсесине барса же *707 номери аркылуу сурап-билүү борборуна кайрылса болот;
    ∙ 1 ГБ кошумча интернет-топтомду берүүгѳ салынган тыюуну *745*1# буйрутмасы аркылуу же «Мой О!» тиркемесинен жокко чыгаруу мүмкүн.
    ∙ Кошумча интернет-топтомду болжолдуу кошуулар чектелген (20 сомго 1 ГБ) – бир күндүн ичинде 5 жолудан кем эмес.
  • Бардык кардарларын интернет менен камсыздоо максатында компания ашыкча жүктөм сааттарында тармактык ресурстарын адилеттүү бөлүштүрүү үчүн трафиктин "адилеттүү пайдалануу саясатын" (FUP - Fair Usage Policy) колдонуп келет. Эгерде эсептешүү мезгилдин ичинде (абоненттик төлөмдү акыркы алган күндөн тартып) абонент интернеттин ашыкча көп көлөмүн колдонуп жатса жана башка абоненттер үчүн ыңгайсыздыктарды жаратса, тутум абоненттик төлөмдү кийинки алганга чейин (эсептешүү мезгили аяктаганга чейин) интернетке кирүү ылдамдыгын азайтат. Кезектеги абоненттик төлөмдү алган күндөн тартып, интернетке кирүү ылдамдыгы автоматтык түрдө калыбына келтирилет. Мындай мамиле жасоонун негизги артыкчылыгы болуп түйүндүн ресурстарын бардык абоненттердин ортосунда адилеттүү бөлүштүрүү жана ошол учурда мүмкүн болгон максималдуу ылдамдыкты берүү саналат;
  • «Мугалим PRO» тарифи иштеп жатканда төмөнкү кызматтарды кошууга болбойт: «5+5», «Сенин күнүмдүк нөлүң!», «Сенин чексиздигиң», «Сенин нөлүң!» (7 күн), «Сенин нөлүң белекке!», «Сенин нөлүң 3,6,12!», «Түнкү чексиздик+»;
  • Абоненттик төлөмдүн баасы жана "Турбокнопка" кызматтарынын баасы бардык салыктарды эске алуу менен көрсөтүлдү, калган кызматтардын баасы КНС эсепке алуу менен, СС кошпой көрсөтүлдү;
  • О! түйүнүндөгү чыгуучу чалуулардын жана КРнын башка байланыш операторлорунун чыгуучу чалууларынын тарифтөө кадамы - 10 секунда.
  • *КРнын башка мобилдик байланыш операторлоруна «Альфа Телеком» ЖЧКсынын («Megacom» бренди), «СкайМобайл» ЖЧКсынын («Beeline» бренди), «КТ Мобайл» ЖЧКсынын («Salam» бренди) номерлери кирет. Баасы ар айлык абоненттик төлөм алынган учурдан (же тарифтеги топтомдор жаңылангандан) тартып 30 календардык күндүн ичинде алгачкы 100 мүнөтүнө карата жеткиликтүү. 101- мүнөттөн баштап КРнын башка GSM байланыш операторунун номерлерине сүйлөшүүлөрдүн 1 мүнөтүнүн баасы 2,8 сомду түзөт. Эгер абонент КРнын башка мобилдик операторлоруна акысыз чалууларынын акысыз 100 мүнөтүн сарптабаган болсо, анда 30 күндөн кийин сарпталбаган мүнөттөр нөлгө түшүрүлөт.