О!Үй-бүлѳ

О!Үй-бүлѳ

o.kg_940x250.png
Бүт үй-бүлө үчүн мобилдик байланыш!
  • О! түйүнүнүн ичинде акысыз сүйлѳшүү үчүн 4 SIM-карта.
  • Ар бири үчүн бир айга 40 ГБ интернет.
  • Жалпы комплект үчүн 30 күнгѳ 1290 сом ѳлчѳмүндѳ абоненттик тѳлѳм.

    Бир эле башкы SIM-картанын балансынан бир айда бир гана жолу тѳлѳнѳт!

    Комплектти алуу жана «О!Үй-бүлѳ» тарифине кошулуу үчүн бардык О! сатуу жана тейлөө кеӊселерине же O!Store дүкѳндѳрүнѳ кайрылыӊыз.

    Эгер сиз О! абоненти болсоӊуз, комплектти сатып алууда анын ичиндеги SIM-карталарды ѳзүңүздүн учурда колдонуп жаткан SIM-карталарыӊызга акысыз түрдѳ алмаштырып алсаӊыз болот.

    Тарифти кошуу ѳлкѳнүн бардык облустарында жеткиликтүү!

Башталгыч комплект менен 30 күн үчүн абоненттик тѳлѳмдүн баасы – 1290 сом.

Милдеттүү шарт:

«О!Үй-бүлѳ» тарифи үчүн ай сайын* 1290 сом ѳлчѳмүндѳ абоненттик төлөмдү төлөөгө 1 жылга келишим түзүү керек.

«О!Үй-бүлѳ» комплектиси 4 SIM-картадан турат:

1. Башкы SIM-карта (1 даана) – Айлык абоненттик тѳлѳм ушул SIM-картанын номеринен алынып турат. Кошумча номерлерди башкаруу аталган номерден ишке ашырылат.

2. Кошумча үч SIM-карта (3 даана) үй-бүлѳ мүчѳлѳрүнѳ берилет.

Номерлерди топко кошуу:

Үй-бүлѳ мүчѳлѳрүнүн санына жараша, топко дагы кошумча 2 SIM-картаны киргизсе болот: топко эӊ кѳп Башкы SIM-карта менен биригип, 6 SIM-картаны киргизүү мүмкүн. «О!Үй-бүлѳ» тарифин кошуу учурунда базалык комплекттин алкагында берилген номерди учурда колдонулуп жаткан абоненттик номерге бир жолу акысыз алмаштырууга уруксат берилет, ал эми кийинки номер алмаштыруулардын ар бири 200 сомду түзѳт. Базалык комплектке ар бир номерди кошуунун баасы 200 сом. Эгер базалык комплект орнотулган болсо, ар бир кошумча номердин баасы Абонент тарабынан өзүнчө төлөнөт. Эгер Башкы номер топко 5-кошумча номерди кошсо, анда кезектеги 30 күндүк абоненттик төлөм 1490 сомду түзөт, 6-кошумча номер кошулган учурда - кезектеги 30 күндүк абоненттик төлөм 1690 сом болот.

  • КР башка мобилдик операторлордун номерлерине чалуулар - 2,8 сом/мүн.
  • Кыргызстан боюнча SMS - 1,5 сом/даана
  • КР жергиликтүү телефон байланыш операторлорунун номерлерине чалуулар - 4,99 сом/мүн.
    • Ар бир SIM карта үчүн (1 башкы, 3 кошумча) мобилдик интернеттин алгачкы 40 гигабайты абоненттик төлөм алынган учурдан баштап 30 күн бою максималдуу мүмкүн болгон ылдамдыкта берилет. Андан кийин интернеттин ылдамдыгы азайышы мүмкүн;
    • Максималдуу ылдамдыктагы 40 ГБ интернет-топтому бирдей, күн менен түнгө БӨЛҮНБӨСТӨН берилет.
    • Максималдуу ылдамдыктагы интернет топтомун пайдалангандан кийин, Башкы SIM-картанын абоненти дагы, Кошумча SIM-картанын абоненттери дагы кезектеги абоненттик төлөмдү алуу учуруна чейин максималдуу ылдамдыктагы мобилдик интернет менен пайдаланууга мүмкүндүк бере турган 1 ГБ, 2 ГБ, 5 ГБ же 10ГБ «Турбокнопкаларын» кошуп алышса болот. «Турбокнопкаларды» «Жеке кабинеттен», web-интерфейс же төмөнкү буйрутмалардын жардамы менен кошсо болот:

    «Турбокнопка 1 ГБ» – *735*1# (30 сом);

    «Турбокнопка 2 ГБ» – *735*2# (50 сом);

    «Турбокнопка 5 ГБ» – *735*5# (100 сом);

    «Турбокнопка 10 ГБ» – *735*10# (150 сом).

  • «Турбокнопкалардын» иштөө мөөнөтү– «О!Үй-бүлѳ» тарифи үчүн кезектеги абоненттик төлөмдү алуу үчүн алгачкы аракетине чейин;
  • Бир мезгилде бир нече «Турбокнопкаларды» кошкондо интернет-трафик топтоштурулат;
  • «Турбокнопкаларды» өчүрүү мүмкүн эмес.
  • Кыргыз Республикасынын башка мобилдик түйүндѳрүнѳ пайдалуу чалуулар үчүн:
  • «Башка түйүндѳргѳ 10 мүнѳт» топтомун кошуу *545*10#(25 сом)
  • «Башка түйүндѳргѳ 20 мүнѳт» топтомун кошуу *545*20# (50 сом)
  • *1 жыл – бул 12 төлөнгөн мөөнөт. Келишимди мөөнөтүнөн мурда бузган жана 60 күндөн ашуун абоненттик төлөмдү төлөбөй койгон учурда айып төлөм 1 200 сомду түзөт.

    «О!Үй-бүлѳ» тарифинин чегинде О! түйүнүндө жеңилдетилген (тарифтештирилбеген) чыгуучу чалуулар жана SMS ар бир суткада төмөнкү көлөмдө берилет:

    •17:00:00 тартып 23:59:59 чейин түйүн ичиндеги добуштук чалуулар – 40 мүнөт (бардык чалуулардын суммардык көлөмү);

    • 00:00:00 тартып 16:59:59 чейин түйүн ичиндеги добуштук чалуулар – 140 мүнөт (бардык чалуулардын суммардык көлөмү);

    • 17:00:00 тартып 23:59:59 чейин SMS жөнөтүү – 20 билдирүү;

    • 00:00:00 тартып 16:59:59 чейин түйүн ичинде SMS жөнөтүү – 180 билдирүү.

    Жогоруда көрсөтүлгөн чектөөлөрдөн ашык колдонулган учурда тарифтештирүү шарттары төмөнкүдөй аткарылат, чалуунун 1 мүнөт баасы 1,18 сом, 1 SMS жөнөтүү баасы 1,50 сом.