Переходи на О! 115

Переходи на О! 115


Интернет күндүзгү менен түнкүгө, 3G жана 4G деп бөлүнбөстөн!

ЖӨН ГАНА ПАЙДАЛУУ, ЖӨН ГАНА ЫҢГАЙЛУУ!

МААНИЛҮҮ! «Переходи на О! 115» атайын акциялык тариф болуп саналат жана аны башка тарифке которгон учурда, тарифти кайрадан кайтарып алуу мүмкүн болбойт.

  • Жогорку ылдамдыктагы 10 ГБ, андан кийин ЧЕКСИЗ интернет
  • О! түйүнүндө акысыз ЧЕКСИЗ чалуулар жана SMS
  • КРнын башка түйүндөрүнө 10 мүнөт
  • Сиздердин сурооңуздар боюнча тарифте жаңы жана ыңгайлуураак эсептешүү тутуму иштеп жатат! Эгерде тариф үчүн абоненттик төлөмдү алуу учурунда балансыңызда 115 сомдон кем сумма боло турган болсо, анда баланстан автоматтык түрдө 23 сом алынат да, тарифтин мөөнөтү 1 күнгө узартылат (учурдагы сутканын 23:59:59га чейин). Сизге төмөнкүлөр жеткиликтүү болот:
  • Түйүндөн тышкары члауу үчүн 1 мүнөт
  • О! түйүнүндө акысыз чалуулар жана SMS
  • 1.4 ГБ максималдуу ылдамдыкта.
  • Тарифти көрсөтүү шарттары:
    Кошумча маалымат:

    7 күнгө абоненттик төлөм

    115 сом

    Мобилдик интернет

    Чексиз

    Жогорку ылдамдыктагы интернет-трафиктин көлөмү

    10 ГБ

    Башка түйүндөргө акысыз чалуулар*

    10 мүнөт

    О! түйүнүндөгү номерлерге чалуулар жана SMS

    0 сом

    "Мобилдик айлык акы" кызматынын алкагындагы тарифтин шарттарына ылайык, КРнын башка мобилдик операторлорунун абоненттеринен кирүүчү ар бир мүнөт үчүн БОНУС**

    1 сом

    КРнын башка байланыш операторлорунун номерлерине SMS

    1,50 сом

    Жогорку ылдамдыктагы интернет-трафиктин көлөмүнүн жана башка операторлордун номерлерине акысыз чалуулардын көлөмүнүн калдыгын текшерүү үчүн буйрутма

    *728*9#

    • Алгачкы 10 гигабайт мобилдик интернет абоненттик төлөм алынган учурдан тартып 7 күндүн ичинде мүмкүн болгон жогорку ылдамдыкта берилет. Андан ары интернеттин ылдамдыгы азайтылышы мүмкүн.

    • Жогорку ылдамдыктагы мобилдик интернеттин топтому күндүзгү жана түнкү топтомдорго бөлүнбөстөн берилет.

    • Жогорку ылдамдыктагы интернет топтомду колдонуп бүткөндөн кийин, «Турбокнопка 1 ГБ» кызматын кошууга болот, алар тариф боюнча кезектеги абоненттик төлөмдү алганга чейин мобилдик интернетти жогорку ылдамдыкта колдонууга мүмкүндүк берет. «Турбокнопканы» “Жеке кабинет”, web-интерфейс же төмөнкү буйрутмалардын жардамы менен кошуп алса болот:

    «Турбокнопка 1 ГБ» – *735*1# (30 сом);

    «Мой О!» мобилдик тиркемесинен тарифтерди жана кызматтарды башкарыңыз, мүнөттөрдүн жана гигабайттардын калдыктарын текшериңиз, толук детализация менен күнү-түнү онлайн-консультация алыңыз. Тиркемени дароо азыр жүктөп алыңыз!

    • «Переходи на О! 115» тарифтик планы эсептешүүлөрдү алдын ала төлөө тутумундагы бардык абоненттер үчүн жеткиликтүү;

    • КР боюнча бардык чыгуучу чалуулардын баасы 3-секундага чейин – 0 сом;

    • Бардык чыгуучу чалуулар – акысыз, болгону КР башка байланыш операторлорунун номерлеринен 705 префиксиндеги номерлерге келген чалуулар – сүйлөшүүнүн бир мүнөтү - 5,99 сом;

    • Сүйлөшүүнүн бир мүнөтү 7,49 сомдон тарифдештирилүүчү ««Кыргыз Темир Жолу» УК» Мамлекеттик ишканасынын +996-312-92-6х-хх жана +996-312-92-7х-хх жергиликтүү байланыш номерлерине чыгуучу чалууларынан башка КР жергиликтүү байланыш операторлоруна чыгуучу чалуулар – мүн/5,99 сом;

    • O!Safe Kids – сизге виртуалдык жана чыныгы турмушта балаңызга кам көрүүгө, коргоого жардам бере турган кызмат.
      Өз түзүлүшүңүздө O!Safe Kids тиркемесин орнотуңуз жана «Ата-эне» режиминде ырастаныз, андан кийин балдарыңыздын түзүлүштөрүндө «Бала» режиминде ырастаңыз.
      Эми сиз дайыма:
      • Балаӊыз кайда жүргѳнүн билип, кѳзѳмѳлдѳй аласыз;
      • Түзүлүшү заряддалып-зараяддалбаганынан кабардар болуп турасыз;
      • Каалабаган сайттарды жана жагымсыз контентти бѳгѳттѳй аласыз;
      • Балаӊыз телефон жана интернет менен ѳткѳргѳн убакытты башкара аласыз;
      • Айрым тиркемелерди бѳгѳттѳп, аларды колдонуунун күнүмдүк лимитин белгилей аласыз.
      • Ал тургай балаӊыздын Facebook жана VKontakte платформаларындагы активдүүлүгүн, ошондой эле анын жаӊы досторун кѳзѳмѳлдѳй аласыз. «O! Safe Kids» кызматын portal.safekids.kg сайтынан, ошондой эле AppStore же Google Play тиркеме дүкѳндѳрүнѳн кѳчүрүп алып колдоно баштасаӊыз болот.
      Кызматты 30 күнгө кошуу: *234*1# (кызматтын наркы100 сом);
      Кызматты 365 күнгө кошуу: *234*2# (кызматтын наркы 900 сом).
    • Байланыштын акылуу кызматтарын өчүрүү босогосу тарифтөөнүн минималдык бирдигин төлөө үчүн керектүү акча каражаттарынын санына туура келет.

    • «Өзгөрүшүбүз керек» акциясына кошулуу мүмкүн, анын алкагында башка түйүндөргө чалуулар үчүн колдонулбаган мүнөттөрдү толугу менен АКЫСЫЗ алмашууга болот: *796*1# буйрутмасы менен КРнын башка мобилдик түйүндөрүнө акысыз чалуулардын 5 мүнөтүн алмашуу менен кошумча 1 ГБ жогорку ылдамдыктагы интернетти алуу мүмкүн;

    • «Переходи на О! 115» тарифтик планына кошулганда «Үн почтасы» кызматы автоматтык түрдө кошулат;

    • Жаңы SIM-картаны активдештиргенде, которулганда же «Переходи на О! 115» тарифтик планы үчүн абоненттик төлөм алынганда, бир гана жолу «Коңгуроо» кызматы автоматтык түрдө кошулат, «Коңгуроо» кызматы 14 календарлык күн бою акысыз көрсөтүлөт да, 15-күндөн баштап стандарттык шарттарда көрсөтүлө баштайт;

    • «Переходи на О! 115» тарифтик планындагы абоненттер «Менин жаңы номерим» кызматынын шарттары боюнча номерин тандаса жана алмаштырса болот;

    • Бир жумалык абоненттик төлөмдү алып жаткан учурда, сиздин балансыңызда 23 сомдон кем эмес сумма болсо, анда баланстагы бардык сумма абоненттик төлөмдүн эсебине 7 күн үчүн (115 сом) резервделет, ал эми жетишсиз сумма болсо, ал баланста кемитүү белгиси менен (тескери баланс) чагылдырылат жана шашылыш кызматтардын бекер номерлеринен тышкары бардык чыгуучу байланыш кызматтары өчөт жана интернетке кирүүгө болбойт. Мобилдик байланыш кызматтарын колдонуу жана интернетке кирүү үчүн бир жумалык абоненттик төлөмдү алуу үчүн балансты жетиштүү суммада толуктоо керек;

    • Эгер абонентте «АнтиАОН» же «АнтиАОН+» кызматтарынын бири кошулуп турган болсо жана кезектеги бир жумалык абоненттик төлөмдү алып жаткан учурда, баланста 115 сомдон аз сумма болсо, жогоруда аталган кызматтарды колдонуу чектелет, мында кошулган кызматты көрсөтүү шарттарына жараша кызмат боюнча абоненттик төлөм алына берет. Бул кызматтарды конкреттүү бир кызматты көрсөтүү эрежелерине ылайык каалаган учурда өчүрсө болот;

    • Чыгуучу эл аралык чалуулар жана SMS эл аралык байланыш кызматтарын көрсөтүү шарттарында жеткиликтүү;

    • «Переходи на О! 115» тарифтик планында «Бүткүл дүйнө» кызматы автоматтык түрдө кошулат, анын жардамы менен арзан баада эл аралык чалууларды жасоого болот;

    • Жогорку ылдамдыктагы интернет-трафиктин көлөмү ушул тарифтеги SIM-карта менен смартфондо гана колдонулушу мүмкүн. Смартфонду башка түзүлүштөр үчүн интернет кирүү түйүнү катарында (модем шарттамында) колдонуу үчүн - «Интернет тарат!» кызматын колдонуңуз;

    • Бул тарифтин алкагында чексиз интернеттин шарттарын туура көрсөтүү үчүн тутум тарабынан максималдуу мүмкүн болгон ылдамдыктагы 300 МБ чейин интернет-трафик резервделет. Максималдуу мүмкүн болгон ылдамдыктагы интернет-трафиктин актуалдуу калдыгын текшерүү үчүн алгач маалыматтардын топтомдук өткөрүүсүн өчүрүү керек, андан кийин аппаратты "учуу" режимине алуу жана бул режимден чыгуу, андан соң маалыматтардын топтомдук өткөрүүсүн күйгүзбөстөн, *728*9# буйрутмасын терүү керек;

    • Эгер интернеттин топтому 1 же 7 күндүн ичинде сарпталбаса, кезектеги бир жумалык абоненттик төлөмдү алып жатканда сарпталбаган мобилдик интернеттин мегабайттары күйүп кетет;

    • «Переходи на О! 115» тарифин которуу үчүн жеткиликтүү болгон компаниянын каалаган тарифине алмаштырууда, бардык сарпталбаган акысыз мүнөттөр жана интернеттин мегабайттары күйүп кетет. Мында «Переходи на О! 115» тарифи боюнча абоненттик төлөм үчүн мурун алынган каражаттар кайтарылбайт;

    • Интернетти үзгүлтүксүз колдонуу мүмкүндүгүн камсыздоо максатында, тариф боюнча негизги интернет-топтом түгѳнгѳн соӊ, 25 сомго 1 ГБ кошумча интернет-топтом берилет:
      ∙ 1 ГБ кошумча интернет-топтомдун жарамдуулук мѳѳнѳтү – тариф үчүн кезектеги абоненттик тѳлѳмдү алуу аракетине чейин. Мѳѳнѳт аяктагандан кийин интернет-топтомдун сарпталбаган кѳлѳмү күйүп кетет;
      ∙ 1 ГБ кошумча интернет-топтом тариф боюнча негизги интернет-топтом түгѳнгѳндѳн кийин дароо берилет. Ошондой эле алгач берилген 1 ГБ кошумча интернет-топтом түгѳнүп калса, баланста жетиштүү каражат болгон учурда, кошумча интернет-топтомду кайра алса болот;
      ∙ Эгерде тариф боюнча негизги интернет-топтомдун трафиги аяктаган учурда баланста 25 сомдон аз каражат болсо, анда 1 ГБ кошумча интернет-топтом берилбейт;
      ∙ 1 ГБ кошумча интернет-топтомду берүүгѳ тыюу салуу мүмкүн, бул үчүн каалаган Сатуу жана тейлѳѳ кеӊсесине барса же *707 номери аркылуу сурап-билүү борборуна кайрылса болот;
      ∙ 1 ГБ кошумча интернет-топтомду берүүгѳ салынган тыюуну *745*1# буйрутмасы аркылуу же «Мой О!» тиркемесинен жокко чыгаруу мүмкүн.
      ∙ Кошумча интернет-топтомду болжолдуу кошуулар чектелген (25 сомго 1 ГБ) – бир күндүн ичинде 5 жолудан кем эмес.

    • Бардык кардарларын интернет менен камсыздоо максатында компания ашыкча жүктөм сааттарында тармактык ресурстарын адилеттүү бөлүштүрүү үчүн трафиктин "адилеттүү пайдалануу саясатын" (FUP - Fair Usage Policy) колдонуп келет. Эсептешүү мезгилдин ичинде (абоненттик төлөмдү акыркы алган күндөн тартып) абонент интернеттин ашыкча көп көлөмүн колдонуп жатса жана башка абоненттер үчүн ыңгайсыздыктарды жаратса, тутум абоннеттик төлөмдү кийинки алганга чейин (эсептешүү мезгили аяктаганга чейин) интернетке кирүү ылдамдыгын азайтат. Кезектеги абоненттик төлөмдү алган күндөн тартып, интернетке кирүү ылдамдыгы автоматтык түрдө калыбына келтирилет. Мындай мамиле жасоонун негизги артыкчылыгы болуп түйүндүн ресурстарын бардык абоненттердин ортосунда адилеттүү бөлүштүрүү жана ошол учурда мүмкүн болгон максималдуу ылдамдыкты берүү саналат;

    • «Переходи на О! 115» тарифи иштеп жатканда төмөндөгү кызматтарды кошууга болбойт: «5+5», «Сенин күнүмдүк нөлүң!», «Сенин чексиздигиң», «Сенин нөлүң» (7 күн), «Сенин нөлүң белекке», «Сенин нөлүң 3,6,12!», «Түнкү чексиздик+»;

    • «Переходи на О! 115» тарифинин шарттарын 1 күнгө (23 сом) узарткан учурда төмөндөгү кызматтарды кошуу жана көрсөтүү жеткиликсиз болот: «Интернет тарат!», «СУПЕРХАЙП+Youtube», «Gamer», «Башка түйүндөргө 10 мүнөт», «Башка түйүндөргө 20 мүнөт», «Турбокнопка 1 ГБ».

    • Абоненттик төлөмдүн жана «Турбокнопка» кызматынын баасы бардык салыктарды эске алуу менен көрсөтүлдү, калган кызматтардын баасы КНС эсепке алуу менен, СС кошпой көрсөтүлдү;

    • О! түйүнүндөгү чыгуучу чалуулардын жана КРнын башка байланыш операторлорунун чыгуучу чалууларынын тарифтөө кадамы - 10 секунда.

    • *КРнын башка мобилдик байланыш операторлоруна «Альфа Телеком» ЖЧКсынын («Megacom» бренди), «СкайМобайл» ЖЧКсынын («Beeline» бренди), «КТ Мобайл» ЖЧКсынын («Salam» бренди) номерлери кирет. Баасы абоненттик төлөм алынган учурдан баштап 7/1 календарлык күнүнүн алгачкы 10/1 мүнөтүнө карата жеткиликтүү. 11/2 мүнөтүнөн баштап КРнын башка GSM байланыш операторунун номерлерине сүйлөшүүлөрдүн 1 мүнөтүнүн баасы 4,5 сомду түзөт. Эгер абонент КРнын башка мобилдик операторлоруна акысыз чалууларынын 10/1 мүнөтүн сарптабаган болсо, кезектеги абоненттик төлөм алынган учурда сарпталбаган мүнөттөр нөлгө түшүрүлөт.

      **Тарифке которулганда же бул тариф менен SIM-картаны активдештиргенде автоматтык түрдө «Мобилдик айлык акы!» кызматы - 30 сутка акысыз мөөнөт менен кошулат. Акысыз мөөнөт бүтөрү менен (31-суткада) «Мобилдик айлык акы!» кызматы өз алдынча өчүрүлгөнгө чейин стандарттык шарттарда көрсөтүлөт.