Переходи на О! Чексиздик + TV + O!Кино

Переходи на О! Чексиздик + TV + O!Кино

Переходи на О! Чексиздик + TV + O!Кино

Сага керектүүнүн баары бир тарифте!
  • Чексиз интернет
  • Жогорку сапаттагы 40 ТВ канал O!TV
  • Жогорку сапаттагы жана жарнамасыз лицензияланган фильмдердин, сериалдардын, мульфильмдердин, телекөрсөтүүлөрдүн жана шоулардын көп миңдеген каталогу
  • Башка түйүндөргө 30 мүнөт
  • О! түйүнүндө акысыз чалуулар жана SMS
Тарифти көрсөтүү шарттары:
Башкаруу буйрутмалары:
Кошумча маалымат:

Абоненттик төлөм 7 күнгө

195 сом

Мобилдик интернет

Чексиз

Телеканалдарынын топтому

40

Фильмдер, сериалдар, мультфильмдер, телекөрсөтүүлөр жана шоулар

Миңдеген

Башка түйүндөргө акысыз чалуулар*

30 мүнөт

О! түйүнүндөгү номерлерге чалуулар жана SMS**

0 сом

"Мобилдик айлык акы" кызматынын алкагындагы тарифтин шарттарына ылайык, КР башка мобилдик операторлорунун абоненттеринен кирүүчү ар бир мүнөт үчүн БОНУС*
1 сом

КР башка байланыш операторлорунун номерлерине SMS 

1,50 сома


Тарифтик планды алмаштыруунун баасы 0 сом. Тарифти алмаштырган учурда, баланста 195 сомдон кем эмес сумманын болушу зарыл.

·         «Переходи на О! Чексиз + TV + O!Кино» тарифтик планынын алкагында 40 ТВ каналын камтыган «О!TV Базовый» ТВ каналдарынын топтому иштейт. Сүйүктүү ТВ каналдарыңызды көрүү үчүн AppStore (iPhone жана iPad үчүн),  Google PlayMarket (Android) платформаларында тиркемени жүктөп алуу же www.otv.kg веб-порталына кирүү жетиштүү. «О!TV» кызматы тууралуу толук маалымат бул жерде;

Көп сандагана ТВ-каналдары бар топтомдордун баасы жана кошулуу буйрутмалары:

  • «О!TV Стандарт» топтому 100 канал  –  күнүнө 3 сом  *750*2#
  • «О!TV Премиум» топтому 200 ашык канал  –  күнүнө 5 сом  *750*3#

«О!TV» кызматы тууралуу толук маалымат бул жерде;

  • «Переходи на О! Чексиз + TV + O!Кино» тарифтик планынын алкагында фильмдердин, мультфильмдердин, сериалдардын, ТВ-шоу, илимий-популярдуу жана башка көрсөтүүлөрдүн көп миңдеген каталогуна кирүү мүмкүнчүлүгүн бере турган  "О!Кино" топтому иштейт. 

Көп сандаган фильмдер менен сериалдарды камтыган топтомдордун баасы жана кошулуу буйрутмалары:

  • "О!Кино Премиум" топтому –  суткасына 3,5 сом *755*2#

«О!Кино» кызматы тууралуу толук маалымат бул жерде.

  • Тарифке өтүү:15519#
  • О!TV тиркемесине жана otv.kg сайтына жаңы шартбелги алуу: 7505#
  • О!TV кызматы боюнча маалымат алуу: 7508#
  • «О!Кино» кызматы боюнча маалымат: 7558#
  • Максималдуу ылдамдыктагы интернет-трафиктин калдыгын жана башка операторлордун номерлерине мүнөттөрдүн калдыгын текшерүү:7289#
  • «О!го которул Чексиздик + TV + O!Кино» тарифтик планы эсептешүүлөрдү алдын ала төлөө тутумундагы бардык абоненттер үчүн жеткиликтүү;;

  • КР боюнча узактыгы 3 секундага чейинки бардык чыгыш чалууларынын баасы – 0 сом;

  • «О!го которул Чексиздик + TV + O!Кино» тарифиндеги SIM-картанын баштапкы балансы – 0 сом;

  • Бардык чыгуучу чалуулар – акысыз, болгону КР стационардык байланыш операторлорунун номерлеринен 705 префиксиндеги номерлерге келген чалуулар – сүйлөшүүнүн бир мүнөтү - 5,99 сом;

  • Сүйлөшүүнүн бир мүнөтү 7,49 сомдон тарифдештирилүүчү ««Кыргыз Темир Жолу» УК» Мамлекеттик ишканасынын +996-312-92-6х-хх жана +996-312-92-7х-хх жергиликтүү байланыш номерлерине чыгуучу чалууларынан башка КР жергиликтүү байланыш операторлоруна чыгуучу чалуулар – мүн/5,99 сом;

  • O!Safe Kids – сизге виртуалдык жана чыныгы турмушта балаңызга кам көрүүгө, коргоого жардам бере турган кызмат.
    Өз түзүлүшүңүздө O!Safe Kids тиркемесин орнотуңуз жана «Ата-эне» режиминде ырастаныз, андан кийин балдарыңыздын түзүлүштөрүндө «Бала» режиминде ырастаңыз.
    Эми сиз дайыма:
    • Балаӊыз кайда жүргѳнүн билип, кѳзѳмѳлдѳй аласыз;
    • Түзүлүшү заряддалып-зараяддалбаганынан кабардар болуп турасыз;
    • Каалабаган сайттарды жана жагымсыз контентти бѳгѳттѳй аласыз;
    • Балаӊыз телефон жана интернет менен ѳткѳргѳн убакытты башкара аласыз;
    • Айрым тиркемелерди бѳгѳттѳп, аларды колдонуунун күнүмдүк лимитин белгилей аласыз.
    • Ал тургай балаӊыздын Facebook жана VKontakte платформаларындагы активдүүлүгүн, ошондой эле анын жаӊы досторун кѳзѳмѳлдѳй аласыз. «O! Safe Kids» кызматын portal.safekids.kg сайтынан, ошондой эле AppStore же Google Play тиркеме дүкѳндѳрүнѳн кѳчүрүп алып колдоно баштасаӊыз болот.
    Кызматты 30 күнгө кошуу: *234*1# (кызматтын наркы100 сом);
    Кызматты 365 күнгө кошуу: *234*2# (кызматтын наркы 900 сом).
  • «Переходи на О! Чексиздик + TV + O!Кино» тарифтик планына кошууда ««Добуштук почта» кызматы автоматтык түрдө кошулат;

  • Жаңы SIM-картаны активдештиргенде, которулганда же «Переходи на О! Чексиздик + TV + O!Кино» тарифтик план үчүн абоненттик төлөм алынганда, бир гана жолу "Коңгуроо" кызматы автоматтык түрдө кошулат, "Коңгуроо" кызматы 14 календарлык күн бою акысыз көрсөтүлөт да, 15-күндөн баштап стандарттык шарттарда көрсөтүлө баштайт;

  • «Переходи на О! Чексиздик + TV + O!Кино» тарифтик планынын абоненттери «Менин жаңы номерим» кызматынын шарттарына ылайык номерди тандай жана алмаштыра алышат;

  • Бир жумалык абоненттик төлөмдү алып жаткан учурда, абоненттин балансында 195 сомдон кем эмес сумма болсо, абоненттин балансындагы бардык сумма абоненттик төлөмдүн эсебине резервделет, эгер жетишсиз сумма болсо, ал баланста кемитүү белгиси менен (терс баланс) чагылдырылат жана шашылыш кызматтардын бекер номерлеринен тышкары бардык чыгуучу байланыш кызматтары өчөт жана интернетке кирүүгө болбойт. Мобилдик байланыш кызматтарын колдонуу жана интернетке кирүү үчүн бир жумалык абоненттик төлөмдү алуу үчүн балансты жетиштүү суммада толуктоо керек. Бир жумалык абоненттик төлөм толугу менен алынгандан кийин чыгуучу байланыш кызматтарын берүү жана интернетке кирүү калыбына келтирилет;

  • Эгер абонентте «АнтиАОН» же «АнтиАОН+» кызматтарынын бири кошулуп турган болсо жана кезектеги бир жумалык абоненттик төлөмдү алып жатан учурда, баланста 195 сомдон аз сумма болсо, жогоруда аталган кызматтарды колдонуу чектелет, мында кошулган кызматты көрсөтүү шарттарына жараша кызмат боюнча абоненттик төлөм алына берет. Бул кызматтарды конкреттүү бир кызматты көрсөтүү эрежелерине ылайык каалаган учурда өчүрсө болот;

  • Чыгыш эл аралык чалуулары жана SMS эл аралык байланыш кызматтарын көрсөтүү шарттарында жеткиликтүү;

  • «Переходи на О! Чексиздик + TV + O!Кино» тарифтик планындагы SIM-картаны активдештирүүдө же «Переходи на О! Чексиздик + TV + O!Кино» тарифтик планына өтүүдө «Бүткүл дүйнө» кызматы автоматтык түрдө кошулат, анын жардамы менен арзан баада эл аралык чалууларды жүгүзүүгө болот;

  • Жогорку ылдамдыктагы интернет-трафиктин көлөмү ушул тарифтеги SIM-карта менен смартфондо гана колдонулушу мүмкүн. Смартфонду башка түзүлүштөр үчүн интернет кирүү түйүнү катарында (модем режиминде) колдонуу үчүн - «Интернет тарат!!»кызматын колдонуңуз;

  • «О!го которул Чексиздик + TV + O!Кино» тарифи иштеп жатканда, «5+5», «Мобилдик эмгек акы», «Сенин күнүмдүк нөлүң!», «Сенин чексиздигиң», «Сенин нөлүң!» (7күн), «Сенин нөлүң белекке!», «Сенин нөлүң 3,6,12!», «Сенин нөлүң плюс», «Smart 300», «Smart 1000», «Smart Unlim», «Smart 300 белекке», «Smart 1000 белекке», «Smart Unlim беелкке» жана «Планшет Unlim» кызматтарын жана интернет-топтомдорун кошууга болбойт;

  • Бардык кардарларын интернет менен камсыздоо максатында компания ашыкча жүктөм сааттарында тармактык ресурстарын адилеттүү бөлүштүрүү үчүн трафиктин "адилеттүү пайдалануу саясатын" (FUP - Fair Usage Policy) колдонуп келет. Эсептешүү мезгилдин ичинде (абоненттик төлөмдү акыркы алган күндөн тартып) абонент интернеттин ашыкча көп көлөмүн колдонуп жатса жана башка абоненттер үчүн ыңгайсыздыктарды жаратса, тутум абоннеттик төлөмдү кийинки алганга чейин (эсептешүү мезгили аяктаганга чейин) интернетке кирүү ылдамдыгын азайтат. Кезектеги абоненттик төлөмдү алган күндөн тартып, интернетке кирүү ылдамдыгы автоматтык түрдө калыбына келтирилет. Мындай мамиле жасоонун негизги артыкчылыгы болуп түйүндүн ресурстарын бардык абоненттердин ортосунда адилеттүү бөлүштүрүү жана ошол учурда мүмкүн болгон максималдуу ылдамдыкты берүү саналат;

  • О! түйүнүндөгү чыгыш чалууларынын жана КР башка байланыш операторлорунун чыгыш чалууларынын тарифтөө кадамы - 10 секунда.

  • Акылуу байланыш кызматтарын өчүрүү босогосу тарификациянын минималдык бирдигин төлөө үчүн керектүү акча каражаттарынын санына туура келет.
  • В рамках услуги «O!Кино» контент предоставляется пользователю онлайн-кинотеатром MEGOGO посредством технических ресурсов ОсОО «Нур Телеком» и ОсОО «ДиасТВ». В рамках услуги «O!TV» телеканалы распространяются ОсОО «Диас ТВ».

*Наркы алгачкы 60 мүнөт үчүн бир жумалык абоненттик төлөм алынган учурдан тартып 7 календарлык күндүн ичинде жарамдуу. 61- мүнөттөн тартып КР башка мобилдик GSM байланыш операторлорунун номерлерине 1 мүнөт сүйлөшүүнүн баасы 4,90 сомду түзөт. Эгер абонент КР мобилдик операторлорунун номерлерине акысыз чалуулардын бардык 60 мүнөтүн сарптай элек болсо, кезектеги бир жумалык абоненттик төлөмдү алып жатканда сарталбаган мүнөттөр жокко чыгарылат.

** «О!го которул Чексиздик + TV + O!Кино» тарифтик планынын чегинде О! түйүнүндө (тарифтештирилбеген) жеңилдетилген чыгыш чалуулары жана SMS ар бир суткада төмөнкү көлөмдө берилет:

  • Голосовые вызовы внутри сети с 17:00:00 до 23:59:59 – 40 минут (суммарный объем всех вызовов);

  • 00:00:00 тартып 16:59:59 чейин түйүн ичиндеги добуштук чалуулар – 140 мүнөт (бардык чалуулардын суммардык көлөмү;

  • 17:00:00 тартып 23:59:59 чейин SMS жөнөтүү – 20 билдирүү;

  • 00:00:00 тартып 16:59:59 чейин түйүн ичинде SMS жөнөтүү – 180 билдирүү.

17:00:00 тартып 23:59:59 чейин түйүн ичиндеги добуштук чалуулар – 40 мүнөт (бардык чалуулардын суммардык көлөмү);

Жогоруда көрсөтүлгөн чектөөлөрдөн ашыкча колдонулган кызматтардын тарификациясы 1 мүнөт сүйлөшүүнүн баасы - 1,18 сомду, же жөнөтүлгөн SMS - 1,50 сомду түзөт.