VIP О!го которул

VIP О!го которул


Сага керектин баары бир тарифте!
  • Жогорку ылдамдыктагы 1 ГБ, андан кийин чексиз интернет
  • Башка түйүндөргө 50 мүнөт   
  • О! түйүнүндө акысыз чалуулар жана SMS

  • 27.05.2016 тартып «О!го которул» тарифине кошулуу мүмкүн эмес.
Тарифти көрсөтүү шарттары:
Кошумча маалымат:

Абоненттик төлөм 7 күнгө

 190 сом

Мобилдик интернет

 Чексиз

Жогорку ылдамдыктагы интернет-трафиктин көлөмү

 1 ГБ

Башка түйүндөргө*

 50 мүнөт

О! түйүнүндөгү номерлерге чалуулар жана SMS**

 0 сом

КР башка байланыш операторлорунун номерлерине SMS

1,50 сом

Жогорку ылдамдыктагы интернет-трафиктин көлөмүн жана акысыз 

мүнөттөрдүн топтомунун  көлөмүн текшерүү үчүн буйрутма

 *728*9#


  • «О!го которул VIP» тарифтик планынын чегинде чексиз интернет берилет. Алгачкы 16 гигабайт мобилдик интернет абоненттик төлөм алынган учурдан тартып 7 күндүн ичинде мүмкүн болгон жогорку ылдамдыкта берилет. Тарифтин чегинде жума сайын берилчү жогорку ылдамдыктагы интернет-топтомдон ашкан учурда интернеттин ылдамдыгы азайтылышы мүмкүн.
  • «О!го которул VIP» тарифтик планындагы абоненттерге тарифтин чегиндеги жогорку ылдамдыктагы интернет-топтомду колдонуп бүткөндөн кийин, «Турбокнопка 1 ГБ», «Турбокнопка 2 ГБ» жана «Турбокнопка 10 ГБ» кызматтарын кошууга болот, алар тариф боюнча кезектеги абоненттик төлөмдү алганга чейин мобилдик интернетти жогорку ылдамдыкта колдонууга мүмкүндүк берет. Кызматтарды кошуу баасы:

«Турбокнопка 1 ГБ» – *735*1# (30 сом); 

«Турбокнопка 2 ГБ» – *735*2# (40 сом); 

«Турбокнопка 10 ГБ» – *735*10# (100 сом).
  • «О!го которул VIP» тарифтик планы эсептешүүлөрдү алдын ала төлөө тутумундагы бардык абоненттер үчүн жеткиликтүү;

  • КР боюнча бардык чыгуучу чалуулардын баасы 3-секундага чейин – 0 сом;

  • «О!го которул VIP» тарифиндеги SIM-картанын баштапкы балансы – 0 сом;

  • Бардык чыгуучу чалуулар – акысыз, болгону КР башка байланыш операторлорунун номерлеринен 705 префиксиндеги номерлерге келген чалуулар – сүйлөшүүнүн бир мүнөтү - 5,99 сом;

  • КРнын стационардык байланыш операторлоруна чалуулар – 5,99 сомов;

  • Сүйлөшүүнүн бир мүнөтү 7,49 сомдон тарифдештирилүүчү ««Кыргыз Темир Жолу» УК» Мамлекеттик ишканасынын +996-312-92-6х-хх жана +996-312-92-7х-хх жергиликтүү байланыш номерлерине чыгуучу чалууларынан башка КР жергиликтүү байланыш операторлоруна чыгуучу чалуулар – мүн/5,99 сом.

  • Акылуу байланыш кызматтарын өчүрүү босогосу – 0,00 сом. Баланс 0,00 сомго жеткенде, абонент акысыз чалууларды жана SMS кабыл ала алат. Ошондой эле шашылыш кызматтардын жана О! нун маалымат-сурап билүү кызматтарынын акысыз номерлерине чалууларды аткара алат.

  • O!Safe Kids – сизге виртуалдык жана чыныгы турмушта балаңызга кам көрүүгө, коргоого жардам бере турган кызмат.
    Өз түзүлүшүңүздө O!Safe Kids тиркемесин орнотуңуз жана «Ата-эне» режиминде ырастаныз, андан кийин балдарыңыздын түзүлүштөрүндө «Бала» режиминде ырастаңыз.
    Эми сиз дайыма:
    • Балаӊыз кайда жүргѳнүн билип, кѳзѳмѳлдѳй аласыз;
    • Түзүлүшү заряддалып-зараяддалбаганынан кабардар болуп турасыз;
    • Каалабаган сайттарды жана жагымсыз контентти бѳгѳттѳй аласыз;
    • Балаӊыз телефон жана интернет менен ѳткѳргѳн убакытты башкара аласыз;
    • Айрым тиркемелерди бѳгѳттѳп, аларды колдонуунун күнүмдүк лимитин белгилей аласыз.
    • Ал тургай балаӊыздын Facebook жана VKontakte платформаларындагы активдүүлүгүн, ошондой эле анын жаӊы досторун кѳзѳмѳлдѳй аласыз. «O! Safe Kids» кызматын portal.safekids.kg сайтынан, ошондой эле AppStore же Google Play тиркеме дүкѳндѳрүнѳн кѳчүрүп алып колдоно баштасаӊыз болот.
    Кызматты 30 күнгө кошуу: *234*1# (кызматтын наркы100 сом);
    Кызматты 365 күнгө кошуу: *234*2# (кызматтын наркы 900 сом).
  • «О!го которул VIP» тарифтик планына кошууда «Үн почтасы» кызматты автоматтык түрдө кошулат.  «Үн почтасы» кызматты жөнүндө кенен маалымат бул жерде;

  • «О!го которул VIP» тарифтик планындагы SIM-картаны активдештирүүдө же «О!го которул VIP»  тарифтик планына өтүүдө Коңгуроо» кызматы автоматтык түрдө кошулат, «Коңгуроо» кызматы жөнүндө кенен маалымат бул жерде;

  • «О!го которул VIP» тарифтик планындагы абоненттер 706 префиксиндеги каалаган номерди тандаса болот жана «Менин жаңы номерим» кызматынын шарттары боюнча номерин алмаштырса болот. «Менин жаңы номерим» кызматы жөнүндө кенен маалымат бул жерде;

  • Бир жумалык абоненттик төлөмдү алып жаткан учурда, абоненттин балансында 190 сомдон кем эмес сумма болсо, абоненттин балансындагы бардык сумма абоненттик төлөмдүн эсебине резервделет, эгер жетишсиз сумма болсо, ал баланста  кемитүү белгиси менен (тескери баланс) чагылдырылат жана шашылыш кызматтардын бекер номерлеринен тышкары бардык чыгуучу байланыш кызматтары өчөт жана интернетке кирүүгө болбойт. Мобилдик байланыш кызматтарын колдонуу жана интернетке кирүү үчүн бир жумалык абоненттик төлөмдү алуу үчүн балансты жетиштүү суммада толуктоо керек.  Бир жумалык абоненттик төлөм толугу менен алынгандан кийин чыгуучу байланыш кызматтарын берүү жана интернетке кирүү калыбына келтирилет. 

  • Эгер абонентте «АнтиАОН» же «АнтиАОН+» кызматтарынын бири кошулуп турган болсо жана кезектеги бир жумалык абоненттик төлөмдү алып жатан учурда, баланста 190 сомдон аз сумма болсо, жогоруда аталган кызматтарды колдонуу чектелет, мында  кошулган кызматты көрсөтүү шарттарына жараша кызмат боюнча абоненттик төлөм алына берет. Бул кызматтарды конкреттүү бир кызматты көрсөтүү  эрежелерине ылайык каалаган учурда өчүрсө болот.

  • Чыгуучу эл аралык чалуулар жана SMS эл аралык байланыш кызматтарын көрсөтүү шарттарында жеткиликтүү. Эл аралык байланыш кызматтары жөнүндө кенен маалымат бул жерде;

  • «О!го которул VIP» тарифтик планындагы SIM-картаны активдештирүүдө же «О!го которул VIP»  тарифтик планына өтүүдө, «Бүткүл дүйнө» кызматы автоматтык түрдө кошулат, анын жардамы менен арзан баада эл аралык чалууларды жасоого болот. «Бүткүл дүйнө» кызматы жөнүндө кенен маалымат бул жерде;

  • Жогорку ылдамдыктагы интернет-трафиктин көлөмү ушул тарифтеги SIM-карта менен смартфондо гана колдонулушу мүмкүн. Смартфонду башка түзүлүштөр үчүн интернет кирүү түйүнү катарында (модем шарттамында) колдонуу үчүн - «Интернет тарат!» кызматын колдонуңуз. «Интернет тарат!» кызматы жөнүндө кенен маалымат бул жерде;

  • Интернетти үзгүлтүксүз колдонуу мүмкүндүгүн камсыздоо максатында, тариф боюнча негизги интернет-топтом түгѳнгѳн соӊ, 20 сомго 1 ГБ кошумча интернет-топтом берилет:
    ∙ 1 ГБ кошумча интернет-топтомдун жарамдуулук мѳѳнѳтү – тариф үчүн кезектеги абоненттик тѳлѳмдү алуу аракетине чейин. Мѳѳнѳт аяктагандан кийин интернет-топтомдун сарпталбаган кѳлѳмү күйүп кетет;
    ∙ 1 ГБ кошумча интернет-топтом тариф боюнча негизги интернет-топтом түгѳнгѳндѳн кийин дароо берилет. Ошондой эле алгач берилген 1 ГБ кошумча интернет-топтом түгѳнүп калса, баланста жетиштүү каражат болгон учурда, кошумча интернет-топтомду кайра алса болот;
    ∙ Эгерде тариф боюнча негизги интернет-топтомдун трафиги аяктаган учурда баланста 20 сомдон аз каражат болсо, анда 1 ГБ кошумча интернет-топтом берилбейт;
    ∙ 1 ГБ кошумча интернет-топтомду берүүгѳ тыюу салуу мүмкүн, бул үчүн каалаган Сатуу жана тейлѳѳ кеӊсесине барса же *707 номери аркылуу сурап-билүү борборуна кайрылса болот;
    ∙ 1 ГБ кошумча интернет-топтомду берүүгѳ салынган тыюуну *745*1# буйрутмасы аркылуу же «Мой О!» тиркемесинен жокко чыгаруу мүмкүн.
    ∙ Кошумча интернет-топтомду болжолдуу кошуулар чектелген (20 сомго 1 ГБ) – бир күндүн ичинде 5 жолудан кем эмес.
  • Бул тарифтин алкагындагы чексиз интернеттин шарттарын туура пайдалануу үчүн тутум тарабынан  300 МБ чейин максималдуу мүмкүн болгон ылдамдыктагы  интернет-трафик автоматтык түрдө сакталып турат. Максималдуу мүмкүн болгон ылдамдыктагы интернет-трафиктин актуалдуу калдыгын текшерүү үчүн алгач топтомдук маалыматтарды өткөрүүнү өчүрүү керек, андан кийин аппаратты "учуу" режимине коюп жана кайрадан бул режимден чыгып, андан ары  топтомдук маалыматтарды өткөрүүнү кошпой туруп, *728*9# текшерүү буйрутмасын терүү зарыл;

  • Абонент 7 күндүн ичинде  мобилдик интернеттин топтомун сарптабаса, кезектеги бир жумалык абоненттик төлөмдү алып жатканда сарпталбаган мобилдик интернеттин мегабайттары күйүп кетет.

  • «О!го которул VIP» тарифин которуу үчүн жеткиликтүү болгон компаниянын каалаган тарифине алдамштырууда, бардык сарпталбаган акысыз мүнөттөр жана интернеттин мегабайттар күйүп кетет. Мында «О!го которул VIP» тарифи боюнча абоненттик төлөм үчүн алынган каражаттар кайтарылбайт.

  • «О!го которул VIP+» тарифи иштеп жатканда, «Интернет 50», «Интернет 250», «Интернет 500», «Интернет 1000», «Интернет 2000», 5+5», «Жөнөкөй», «Уюлдук эмгек акы», «Шок+», «Автотөлөм», «Сенин күнүмдүк нөлүң!», «Сенин чексиздигиң», «Сенин нөлүң» (30 күн), «Сенин нөлүң (7 күн)», «Сенин нөлүң белекке», «Сенин нөлүң 3,6,12!», «Түнкү чексиздик», «Супер нөл!», «Оптима», «Smart 300», «Smart 1000», «SmartUnlim», «Smart 300 белекке», «Smart 1000 белекке», «SmartUnlim белекке», «Smart 300 промо», «Smart 1000 промо», «SmartUnlim промо» жана  «Планшет Unlim» кызматтарын жана интернет-топтомдорун кошууга болбойт.

  • Бир жумалык абоненттик төлөмдүн баасы бардык салыктарды эске алуу менен көрсөтүлдү, калган кызматтардын  баасы КНС эсепке алуу менен, СС кошпой көрсөтүлдү.

  • О! түйүнүндөгү чыгуучу чалуулардын, эл аралык чыгуучу чалуулардын  тартифтөө кадамы – 1 секунда, КР башка байланыш операторлорунун чыгуучу чалууларынын тарифтөө кадамы - 10 секунда.

*   Наркы алгачкы 50 мүнөт үчүн бир жумалык абоненттик төлөм алынган учурдан тартып 7 календарлык күндүн ичинде жарамдуу.  51- мүнөттөн тартып КР башка мобилдик  GSM  байланыш операторлорунун номерлерине 1 мүнөт сүйлөшүүнүн баасы 4,90 сомду түзөт. Эгер абонент КР мобилдик операторлорунун номерлерине акысыз чалуулардын бардык 50 мүнөтүн сарптай элек болсо, кезектеги бир жумалык абоненттик төлөмдү алып жатканда сарталбаган мүнөттөр жокко чыгарылат.

КР мобилдик байланыш операторлоруна «Альфа Телеком» ЖЧКсынын (бренд «Megacom»), «СкайМобайл» ЖЧКсынын (бренд «Beeline») номерлери кирет.

**   «О!го которул VIP» тарифтик планынын чегинде О! түйүнүндө (тарифтештирилбеген) жеңилдетилген  чыгуучу чалуулар жана SMS ар бир суткада төмөнкү көлөмдө берилет:

  • 17:00:00 тартып 23:59:59 чейин түйүн ичиндеги добуштук чалуулар  - 40 мүнөт (бардык чалулуардын суммардык көлөмү);
  • 00:00:00 тартып  16:59:59 чейин түйүн ичиндеги добуштук чалуулар - 140 мүнөт (бардык чалулуардын суммардык көлөмү)
  • 17:00:00 тартып 23:59:59 чейин SMS жөнөтүү – 20 билдирүү;
  • 00:00:00 тартып  16:59:59 чейин түйүн ичинде SMS жөнөтүү – 180 билдирүү.

Жогоруда көрсөтүлгөн чектөөлөрдөн ашыкча колдонулган кызматтардын тарификациясы 1 мүнөт сүйлөшүүнүн же жөнөтүлгөн SMS баасы 1,50 сомду түзөт.