Сенин супернөлүң 1 жума

Сенин супернөлүң 1 жума

Эркин баарлашууга умтулгандар үчүн!

2022-жылдын 11-майынан тартып «Сенин Супернөлүң 1 жума» тарифин кошуп алуу мүмкүнчүлүгү жабылат.

  • Жогорку ылдамдыктагы 500 Мб
  • О! түйүнүндө акысыз чалуулар жана SMS
  • Башка түйүндөргө 5 мүнөт*
24 саатка абоненттик төлөм:
20 сом
7 күнгө абоненттик төлөм:
100 сом

Тарифти көрсөтүү шарттары:
Кошумча маалымат:
7 күнгө абоненттик төлөм
100 сом
24 саатка абоненттик төлөм 20 сом
Жогорку ылдамдыктагы интернет-трафиктин көлөмү 500 Мб суткасына
О! түйүнүндөгү номерлерге чалуулар Акысыз
Башка түйүндөргө чалуулар 2,8 сом/мүн.
О! номерлерине SMS Акысыз

«Мобилдик айлык акы» кызматынын алкагындагы тарифтин шарттарына ылайык, КР башка мобилдик операторлорунун абоненттеринен кирүүчү ар бир мүнөт үчүн БОНУС*

1 сом

КР башка байланыш операторлорунун номерлерине SMS 1,50 сом

Тарифтөө кадамы – 10 секунда. Тарификация кадамы – 100 Kb.

  • Жогорку ылдамдыктагы мобилдик интернет топтомдору күндүзгү жана түнкү убакта бирдей үлүштө берилет. 250 МБ өлчөмүндөгү күндүзгү интернет трафик күн сайын 08:00:00 дөн 23:59:59 чейин, 250 МБ өлчөмүндөгү түнкү интернет трафик күн сайын 00:00:00 дөн 07:59:59 чейин жеткиликтүү. Кызматтын чегиндеги жогорку ылдамдыктагы суткалык интернет-топтомдон ашкан учурда интернеттин ылдамдыгы азайтылышы мүмкүн.
  • Жогорку ылдамдыктагы интернет-трафиктин көлөмүн жана акысыз мүнөттөрдүн топтомунун көлөмүн текшерүү үчүн буйрутма: 7289#
  • Жогорку ылдамдыктагы интернет топтомду колдонуп бүткөндөн кийин, кызматтын чегинде, «Турбокнопка 200 Мб» жана «Турбокнопка 500 Мб» кызматтарын кошуу жеткиликтүү, алар мобилдик интенртетти учурдагы сутка аяктаганга чейин жогорку ылдамдыкта колдонууга мүмкүндүк берет. «Турбокнопка» кызматтарын «Жеке кабинеттеги» интерфейсте, WEB-интерфейстин жардамы аркылуу же төмөнкү USSD-буйрутмалары менен кошууга болот:
  • - «Турбокнопка 200 МБ» – *735*200# (Кошуу баасы 10 сом) - «Турбокнопка 500 МБ» – *735*500# (Кошуу баасы 20 сом).
    • «Сенин супернөлүң 7 күн» тарифтик планы эсептешүүлөрдү алдын ала төлөө тутумундагы бардык абоненттер үчүн жеткиликтүү;

    • КР боюнча бардык чыгуучу чалуулардын баасы 3 – секундага чейин – 0 сом;

    • Бардык кирүүчү чалуулар – акысыз, болгону КР башка байланыш операторлорунун номерлеринен 705 префиксиндеги номерлерге келген чалуулар-сүйлөшүүнүн бир мүнөтү – 5,99 сом;

    • Сүйлөшүүнүн бир мүнөтү 7,49 сомдон тарифдештирилүүчү ««Кыргыз Темир Жолу» УК» Мамлекеттик ишканасынын +996-312-92-6х-хх жана +996-312-92-7х-хх жергиликтүү байланыш номерлерине чыгуучу чалууларынан башка КР жергиликтүү байланыш операторлоруна чыгуучу чалуулар – мүн/5,99 сом;

    • Акылуу байланыш кызматтарын өчүрүү босогосу тарификациянын минималдык бирдигин төлөө үчүн керектүү акча каражаттарынын санына туура келет;

    • «Сенин супернөлүң 7 күн» тарифтик планга кошулууда «Үн почтасы» кызматы автоматтуу түрдө жана акысыз активдештирилет. «Үн почтасы» кызматынын сунуштоо шарттары;

    • Жаңы SIM-картаны активдештиргенде, которулганда же «Сенин супернөлүң 7 күн» тарифтик план үчүн абоненттик төлөм алынганда, бир гана жолу «Коңгуроо» кызматы автоматтык түрдө кошулат, «Коңгуроо» кызматы 14 календарлык күн бою акысыз көрсөтүлөт да, 15-күндөн баштап стандарттык шарттарда көрсөтүлө баштайт;

    • «Сенин супернөлүң 7 күн» тарифтик планындагы абоненттер «Менин жаңы номерим» кызматынын шарттары боюнча номерди тандап, алмаштыра алышат;

    • Тарифке которулганда же бул тариф менен SIM-карта активдештирилгенде 30 күнгө (720 саатка) акысыз мөөнөт менен «Мобилдик айлык акы»** кызматы автоматтык түрдө кошулат;

    • Чыгуучу эл аралык чалуулар жана SMS эл аралык байланыш кызматтарын көрсөтүү шарттарында жеткиликтүү.

    • «Сенин супернөлүң 7 күн» тарифтик планындагы SIM-картаны активдештирүүдө же «Сенин супернөлүң 7 күн» тарифтик планына өтүүдө, «Бүткүл дүйнө» кызматы автоматтык түрдө кошулат, анын жардамы менен арзан баада эл аралык чалууларды жасоого болот.

    • «Сенин Супернөлүң 7 күн» тарифин которуу үчүн жеткиликтүү болгон компаниянын каалаган тарифине алдамштырууда, бардык сарпталбаган акысыз мүнөттөр жана интернеттин мегабайттары күйүп кетет. Мында «Сенин Супернөлүң 7 күн» тарифи боюнча абоненттик төлөм үчүн алынган каражаттар кайтарылбайт;

    • Бардык кардарларын интернет менен камсыздоо максатында компания ашыкча жүктөм сааттарында тармактык ресурстарын адилеттүү бөлүштүрүү үчүн трафиктин «адилеттүү пайдалануу саясатын» (FUP - Fair Usage Policy) колдонуп келет. Эсептешүү мезгилдин ичинде (абоненттик төлөмдү акыркы алган күндөн тартып) абонент интернеттин ашыкча көп көлөмүн колдонуп жатса жана башка абоненттер үчүн ыңгайсыздыктарды жаратса, тутум абоннеттик төлөмдү кийинки алганга чейин (эсептешүү мезгили аяктаганга чейин) интернетке кирүү ылдамдыгын азайтат. Кезектеги абоненттик төлөмдү алган күндөн тартып, интернетке кирүү ылдамдыгы автоматтык түрдө калыбына келтирилет. Мындай мамиле жасоонун негизги артыкчылыгы болуп түйүндүн ресурстарын бардык абоненттердин ортосунда адилеттүү бөлүштүрүү жана ошол учурда мүмкүн болгон максималдуу ылдамдыкты берүү саналат;

    • Абоненттик төлөмдү алып жаткан учурда, абоненттин балансында абоненттик төлөмдүн кем эмес сумма болсо, абоненттин балансындагы бардык сумма абоненттик төлөмдүн эсебине резервделет, эгер жетишсиз сумма болсо, ал баланста кемитүү белгиси менен (тескери баланс) чагылдырылат жана шашылыш кызматтардын бекер номерлеринен тышкары бардык чыгуучу байланыш кызматтары өчөт жана интернетке кирүүгө болбойт. Мобилдик байланыш кызматтарын колдонуу жана интернетке кирүү үчүн абоненттик төлөмдү алуу үчүн балансты жетиштүү суммада толуктоо керек. Абоненттик төлөм толугу менен алынгандан кийин чыгуучу байланыш кызматтарын берүү жана интернетке кирүү калыбына келтирилет.

    • Эгер абонентте «АнтиАОН» же «АнтиАОН+» кызматтарынын бири кошулуп турган болсо жана кезектеги төлөмдү алып жаткан учурда, баланста 20/100 сомдон аз сумма болсо, жогоруда аталган кызматтарды колдонуу чектелет, мында кошулган кызматты көрсөтүү шарттарына жараша кызмат боюнча абоненттик төлөм алына берет. Бул кызматтарды конкреттүү бир кызматты көрсөтүү эрежелерине ылайык каалаган учурда өчүрсө болот;

    • Ар апталык абоненттик төлөмдүн жана «Турбокнопка» кызматтарынын баасы бардык салыктарды эске алуу менен көрсөтүлдү, калган кызматтардын баасы КНС эсепке алуу менен, СС кошпой көрсөтүлдү;

    * КР мобилдик байланыш операторлоруна «Альфа Телеком» ЖЧКсынын (бренд «Megacom»), «Скай Мобайл» ЖЧКсынын (бренд «Beeline») номерлери кирет. Наркы алгачкы 5 мүнөт үчүн бир апталык абоненттик төлөм алынган учурдан тартып 7 календарлык күндүн ичинде жарамдуу. 6- мүнөттөн тартып КР башка мобилдик GSM байланыш операторлорунун номерлерине 1 мүнөт сүйлөшүүнүн баасы 2,8 сомду түзөт. Эгер абонент КР мобилдик операторлорунун номерлерине акысыз чалуулардын бардык 5 мүнөтүн сарптай элек болсо, кезектеги бир апталык абоненттик төлөмдү алып жатканда сарпталбаган мүнөттөр жокко чыгарылат.

    ** Акысыз мөөнөт бүтөрү менен (31-суткада) «Мобилдик айлык акы!» кызматы өз алдынча өчүрүлгөнгө чейин стандарттык шарттарда көрсөтүлөт.