Сенин супернөлүң+ (7 күнгө)

Сенин супернөлүң+ (7 күнгө)


Эркин баарлашууга умтулгандар үчүн!
  • Жогорку ылдамдыктагы 500 Мб
  • О! түйүнүндө акысыз чалуулар жана SMS
  • Башка түйүндөргө 5 мүнөт*
7 күнгө абоненттик төлөм:
80 сом
24 саатка абоненттик төлөм:
15 сом

Тарифти көрсөтүү шарттары:
Кошумча маалымат:
Абоненттик төлөм 7 күнгө 80 сом
Абоненттик төлөм 24 саатка 15 сом
Жогорку ылдамдыктагы интернет-трафиктин көлөмү 500 Мб суткасына
О! түйүнүндөгү номерлерге чалуулар Акысыз
Башка түйүндөргө чалуулар 4,50 сом/мүн.
КРнын стационардык байланыш операторлоруна чалуулар* 5,99 сом/ мүн.
О! номерлерине SMS Акысыз

«Мобилдик айлык акы» кызматынын алкагындагы тарифтин шарттарына ылайык, КР башка мобилдик операторлорунун абоненттеринен кирүүчү ар бир мүнөт үчүн БОНУС*

1 сом

КР башка байланыш операторлорунун номерлерине SMS 1,50 сом

Тарифтөө кадамы – 10 секунда. Тарификация кадамы – 100 Kb.

  • Жогорку ылдамдыктагы мобилдик интернет топтомдору күндүзгү жана түнкү убакта бирдей үлүштө берилет. 250 МБ өлчөмүндөгү күндүзгү интернет трафик күн сайын 08:00:00 дөн 23:59:59 чейин, 250 МБ өлчөмүндөгү түнкү интернет трафик күн сайын 00:00:00 дөн 07:59:59 чейин жеткиликтүү. Кызматтын чегиндеги жогорку ылдамдыктагы суткалык интернет-топтомдон ашкан учурда интернеттин ылдамдыгы азайтылышы мүмкүн.
  • Жогорку ылдамдыктагы интернет-трафиктин көлөмүн жана акысыз мүнөттөрдүн топтомунун көлөмүн текшерүү үчүн буйрутма: 7289#
  • Жогорку ылдамдыктагы интернет топтомду колдонуп бүткөндөн кийин, кызматтын чегинде, «Турбокнопка 200 Мб» жана «Турбокнопка 500 Мб» кызматтарын кошуу жеткиликтүү, алар мобилдик интенртетти учурдагы сутка аяктаганга чейин жогорку ылдамдыкта колдонууга мүмкүндүк берет. «Турбокнопка» кызматтарын «Жеке кабинеттеги» интерфейсте, WEB-интерфейстин жардамы аркылуу же төмөнкү USSD-буйрутмалары менен кошууга болот:
  • - «Турбокнопка 200 МБ» – *735*200# (Кошуу баасы 10 сом)
    - «Турбокнопка 500 МБ» – *735*500# (Кошуу баасы 20 сом.

  • «Сенин супернөлүң+ (7 күнгө)» тарифинин иштеши автоматтык түрдө узартылат. «Сенин супернөлүң+ (7 күнгө)» тарифинин кийинки 7 күнгө активдештирүү үчүн абоненттин эсебинен абоненттик төлөм алынат;
    • «Сенин супернөлүң+ (7 күнгө)» тарифтик планы эсептешүүлөрдү алдын ала төлөө тутумундагы бардык абоненттер үчүн жеткиликтүү;
    • КР боюнча бардык чыгуучу чалуулардын баасы 3 – секундага чейин – 0 сом;
    • Бардык чыгуучу чалуулар – акысыз, болгону КР башка байланыш операторлорунун номерлеринен 705 префиксиндеги номерлерге келген чалуулар-сүйлөшүүнүн бир мүнөтү – 5,99 сом;
    • Акылуу байланыш кызматтарын өчүрүү босогосу тарификациянын минималдык бирдигин төлөө үчүн керектүү акча каражаттарынын санына туура келет;
    • «Сенин супернөлүң+ (7 күнгө)» тарифтик планга кошулууда «Үн почтасы» кызматы автоматтуу түрдө жана акысыз активдештирилет. «Үн почтасы» кызматынын сунуштоо шарттары;
    • Жаңы SIM-картаны активдештиргенде, которулганда же «Сенин супернөлүң+ (7 күнгө)» тарифтик план үчүн абоненттик төлөм алынганда, бир гана жолу «Коңгуроо» кызматы автоматтык түрдө кошулат, «Коңгуроо» кызматы 14 календарлык күн бою акысыз көрсөтүлөт да, 15-күндөн баштап стандарттык шарттарда көрсөтүлө баштайт;
    • Чыгуучу эл аралык чалуулар жана SMS эл аралык байланыш кызматтарын көрсөтүү шарттарында жеткиликтүү. Эл аралык байланыш кызматтары жөнүндө кенен маалымат бул жерде;
    • «Сенин супернөлүң+ (7 күнгө)» тарифтик планындагы SIM-картаны активдештирүүдө же «Сенин супернөлүң+ (7 күнгө)» тарифтик планына өтүүдө, «Бүткүл дүйнө» кызматы автоматтык түрдө кошулат, анын жардамы менен арзан баада эл аралык чалууларды жасоого болот. «Бүткүл дүйнө» кызматы жөнүндө кенен маалымат бул жерде;
    • «Сенин супернөлүң+ (7 күнгө)» тарифин которуу үчүн жеткиликтүү болгон компаниянын каалаган тарифине алдамштырууда, бардык сарпталбаган акысыз мүнөттөр жана интернеттинмегабайттар күйүп кетет. Мында «Сенин супернөлүң+ (7 күнгө)» тарифи боюнча абоненттик төлөм үчүн алынган каражаттар кайтарылбайт;
    • Абоненттик төлөмдү алып жаткан учурда, абоненттин балансында жумалык же бир күндүк абоненттик төлөмдүн кем эмес сумма болсо, абоненттин балансындагы бардык сумма абоненттик төлөмдүн эсебине резервделет, эгер жетишсиз сумма болсо, ал баланста кемитүү белгиси менен (тескери баланс) чагылдырылат жана шашылыш кызматтардын бекер номерлеринен тышкары бардык чыгуучу байланыш кызматтары өчөт жана интернетке кирүүгө болбойт. Мобилдик байланыш кызматтарын колдонуу жана интернетке кирүү үчүн абоненттик төлөмдү алуу үчүн балансты жетиштүү суммада толуктоо керек. Абоненттик төлөм толугу менен алынгандан кийин чыгуучу байланыш кызматтарын берүү жана интернетке кирүү калыбына келтирилет.
    • Абоненттик төлөмдүн баасы бардык салыктарды эске алуу менен көрсөтүлдү, калган кызматтардын баасы КНС эсепке алуу менен, СС кошпой көрсөтүлдү;
    • *Сүйлөшүүнүн бир мүнөтү 7,49 сомдон тарифдештирилүүчү ««Кыргыз Темир Жолу» УК» Мамлекеттик ишканасынын +996-312-92-6х-хх жана +996-312-92-7х-хх жергиликтүү байланыш номерлерине чыгуучу чалууларынан башка.

      **Тарифке которулганда же бул тариф менен SIM-картаны активдештиргенде автоматтык түрдө "Мобилдик айлык акы!" кызматы - 30 сутка акысыз мөөнөт менен кошулат. Акысыз мөөнөт бүтөрү менен (31-суткада) «Мобилдик айлык акы!» кызматы өз алдынча өчүрүлгөнгө чейин стандарттык шарттарда көрсөтүлөт.