Бирге арзан 2.0

Бирге арзан 2.0

Бирге арзан 2.0

Бүт үй-бүлѳ үчүн мобилдик байланыш + белекке зымдуу үй интернети жана ТВ!
  • О! түйүнүндѳ акысыз жана чексиз чалуулар, SMS үчүн 3 SIM-карта жана ар бирине айына 30 Гигабайттан интернет-трафик!
  • Зымдуу чексиз үй интернети!
  • «О!TV Премиум» топтому кошулган O!TV мобилдик телевидениеси! 200дѳн ашуун телеканал: балдар, спорт, жаӊылыктар жана башка кѳптѳгѳн каналдар.
  • Башкы SIM-картанын гана балансынан тѳлѳнѳт жана айына 1 эле жолу!

    02.08.2022-ж. тартып «Бирге Арзан 2.0» тарифин кошуп алуу мүмкүнчүлүгү жабылат.
Бүтүндѳй комплект үчүн абоненттик тѳлѳм:
айына 1290 сом.
ҮНѲМДѲѲНҮ АЗЫР БАШТАӉЫЗ
Байланыш маалыматтарыӊызды калтырыӊыз, биздин консультант сиз менен байланышат

Стоимость и тарификация
Башкаруу буйрутмалары:
Тарифти көрсөтүү шарттары:
Кошумча маалымат:
«Бирге арзан 2.0» тарифине бардык О! сатуу жана тейлөө кеңселеринен, О!Store дүкөнүнөн, «SAIMA TELECOM» ЖААК сатуу жана тейлѳѳ кеӊсесинен кошулууга жана комплектти сатып алууга, же 955 (О! абоненттери үчүн чалуу акысыз) номерине ѳтүнмѳ калтырууга болот. Башка мобилдик операторлордун абоненттери 0 500 000 955 номерине чала алышат (чалуу алардын тарифтик планына ылайык тарифтештирилет).

Милдеттүү шарт:

«Бирге арзан 2.0» тарифи үчүн абоненттик төлөмдү 1 290 сомдон 1 жылга ай сайын* төлөөгө келишим түзүү керек.

«Бирге арзан 2.0» комплекти 3 SIM-картадан турат:

1. Башкы SIM-карта (1 даана) – SIM-картаны телефондо пайдаланыш керек. Айлык абоненттик төлөм ушул SIM-картадагы номерден алынат. Кошумча номерлерди башкаруу да ушул номерден жүргүзүлөт.

2. Телефондо колдонуу үчүн кошумча эки SIM-карта (2 даана). SIM-карталарды үй-бүлө мүчөлөрүнө берип койсо болот жана аларды телефондо колдонуу керек.

Топко үй-бүлө мүчөлөрүнүн санына жараша кошумча 2 SIM-картага чейин дагы кошсо болот: максимум 5 SIM-картага чейин кошуу каралган. "Бирге арзан 2.0" тарифине кошулган учурда базалык комплектте бөлүнгөн номерди иштеп жаткан абоненттик номерге бир жолу акысыз алмаштырууга жол берилет, ал эми номердин улам кийинки алмаштыруусунун баасы 300 сомду түзөт. Базалык комплектке ар бир номерди кошуунун баасы 300 сом. Эгер базалык комплект орнотулган болсо, ар бир кошумча номердин баасы Абонент тарабынан өзүнчө төлөнөт. Эгер Башкы номер топко 3-кошумча номерди кошсо, анда кезектеги 30 күндүк абоненттик төлөм 1590 сомду түзөт, 4-кошумча номер кошулган учурда - кезектеги 30 күндүк абоненттик төлөм 1890 сом болот.

  • КР башка мобилдик операторлордун номерлерине чалуулар - 2,8 сом/мүн.
  • Кыргызстан боюнча SMS - 1,5 сом/даана
  • КР жергиликтүү телефон байланыш операторлорунун номерлерине чалуулар - 5,99 сом/мүн..
    • Ар бир SIM карта үчүн (1 башкы, 2 кошумча) мобилдик интернеттин алгачкы 30 гигабайты абоненттик төлөм алынган учурдан баштап 30 күн бою максималдуу мүмкүн болгон ылдамдыкта берилет. Андан кийин интернеттин ылдамдыгы азайышы мүмкүн;
    • • Бѳлүнгѳн зымдуу линия боюнча интернет түйүнүнѳ мүмкүндүк «SAIMA TELECOM» ЖААК техникалык ресурстары аркылуу берилет. «Бирге арзан 2.0» тарифинин алкагында бѳлүнгѳн линия боюнча интернет тѳмѳнкү шарттарда берилет: - Интернет-трафиктин кѳлѳмү – Чексиз;
      - KG зонасы боюнча каналдын ылдамдыгы – 100 Мбит/сек чейин;
      - МИР зонасы боюнча каналдын ылдамдыгы – 30 Мбит/сек чейин.
    • • Максималдуу ылдамдыктагы интернет топтомун пайдалангандан кийин, Башкы SIM-картанын абоненти дагы, Кошумча SIM-картанын абоненттери дагы кезектеги абоненттик төлөмдү алуу учуруна чейин максималдуу ылдамдыктагы мобилдик интернет менен пайдаланууга мүмкүндүк бере турган 1 ГБ, 2 ГБ же 10ГБ «Турбокнопкаларын» кошуп алышса болот. «Турбокнопкаларды» «Жеке кабинеттен», web-интерфейс, «Мой О!» мобилдик тиркемесинен же төмөнкү буйрутмалардын жардамы менен кошсо болот:
    • 1. «Турбокнопка 1 ГБ» – *735*1# (30 сом);

      2. «Турбокнопка 2 ГБ» – *735*2# (40 сом);

      3. «Турбокнопка 10 ГБ» – *735*10# (100 сом).

    • «Турбокнопкалардын» иштөө мөөнөтү– «Бирге арзан 2.0» тарифи үчүн кезектеги абоненттик төлөмдү алуу үчүн алгачкы аракетине чейин;
    • Бир мезгилде бир нече «Турбокнопкаларды» кошкондо интернет-трафик топтоштурулат;
    • «Турбокнопкаларды» өчүрүү мүмкүн эмес.
    • «Бирге арзан 2.0» тарифтик планынын алкагында Башкы номерде 200 ТВ каналды камтыган «О!TV Премиум» ТВ каналдар топтому каралган. Сүйүктүү ТВ каналдарыӊызды кѳрүү үчүн AppStore (iPhone жана iPad үчүн), Google PlayMarket (Android үчүн) дүкѳндѳрүнѳн тиркемени кѳчүрүп алуу же болбосо www.otv.kg веб-порталына кирүү жетиштүү. Мультискрин функциясынын жардамы менен сервисти үй-бүлѳнүн 3 мүчѳсү бир эле учурда ар башка түзүлүштѳрдѳн (телевизор, планшет же телефон) колдоно алат! О!TV кызматы жѳнүндѳ кененирээк маалымат бул жерде;

    * 1 жыл – бул 12 төлөнгөн мөөнөт. Келишимди мөөнөтүнөн мурда бузган жана 60 күндөн ашуун абоненттик төлөмдү төлөбөй койгон учурда айып төлөм 2 500 сомду түзөт.

    Башкы номер тарабынан Кошумча номерди кошуу

    *955*0X0Xxxxxxx#

    Башкы номер тарабынан Кошумча номерди өчүрүү

    *955*0*0X0Xxxxxxx#

    Башкы номер тарабынан Кошумча номерлердин тизмесин алуу

    *955*9#

    Интернет-трафиктин калдыгын топтогу бардык номерлер текшере алышат

    *728*9#

  • КР боюнча узактыгы 3 секундага чейинки бардык чыгуучу чалуулардын баасы – 0 сом;
  • Бардык кирүүчү чалуулар акысыз, КР жергиликтүү телефон байланыш операторлорунун номерлеринен 705 префиксиндеги номерлерге келген кирүүчү чалуулар – сүйлөшүүнүн бир мүнөтү - 5,99 сом;
  • O!Safe Kids – сизге виртуалдык жана чыныгы турмушта балаңызга кам көрүүгө, коргоого жардам бере турган кызмат. Кызмат «О!Үй-бүлө», «О!Үй-бүлө Регион», «Бирге арзан», «Бирге арзан 1.0», «Бирге арзан 2.0» жана «Бирге арзан Регион» тарифтериндеги Башкы номерде жеткиликтүү.
    Өз түзүлүшүңүздө O!Safe Kids тиркемесин орнотуңуз жана «Ата-эне» режиминде ырастаныз, андан кийин балдарыңыздын түзүлүштөрүндө «Бала» режиминде ырастаңыз.
    Эми сиз дайыма:
    • Балаӊыз кайда жүргѳнүн билип, кѳзѳмѳлдѳй аласыз;
    • Түзүлүшү заряддалып-зараяддалбаганынан кабардар болуп турасыз;
    • Каалабаган сайттарды жана жагымсыз контентти бѳгѳттѳй аласыз;
    • Балаӊыз телефон жана интернет менен ѳткѳргѳн убакытты башкара аласыз;
    • Айрым тиркемелерди бѳгѳттѳп, аларды колдонуунун күнүмдүк лимитин белгилей аласыз.
    • Ал тургай балаӊыздын Facebook жана VKontakte платформаларындагы активдүүлүгүн, ошондой эле анын жаӊы досторун кѳзѳмѳлдѳй аласыз.
    «O! Safe Kids» кызматын portal.safekids.kg сайтынан, ошондой эле AppStore же Google Play тиркеме дүкѳндѳрүнѳн кѳчүрүп алып колдоно баштасаӊыз болот.
    Кызматты 30 күнгө кошуу: *234*1# (кызматтын наркы100 сом);
    Кызматты 365 күнгө кошуу: *234*2# (кызматтын наркы 900 сом).
  • «Бирге арзан 2.0» тарифтик планына кошулганда, “Үн почтасы” кызматы кызматтын сайтта каралган шарттарынын негизинде автоматтык түрдө кошулат;
  • «Бирге арзан 2.0» тарифтик планынын абоненттери «Менин жаңы номерим» кызматынын шарттарына ылайык башка номерди тандай алышат жана өзгөртө алышат;
  • Эгер сизде абоненттик төлөм күн сайын алынуучу кошумча кызматтардын бири кошулган болсо, «Бирге арзан 2.0» тарифи боюнча кезектеги ай сайын алынуучу абоненттик төлөм алынган учурда балансыңыз 1 290 сомдон аз болсо, кошулган кошумча кызматты колдонуу чектеле баштайт, мында кошулган кошумча кызматты көрсөтүү шарттарына ылайык кызматтын абоненттик төлөмүн алуу улана берет. Конкреттүү кызматты көрсөтүү шарттарына ылайык пайдалануунун каалаган учурунда кызматтын маалыматтарын өчүрүүгө болот;
  • Чыгуучу эл аралык чалуулар жана SMS эл аралык байланыш кызматтарын көрсөтүү шарттарына жараша жеткиликтүү;
  • «Бирге арзан 2.0» тарифтик планына кошулганда, “Бүткүл дүйнө” кызматы автоматтык түрдө кошулат, анын жардамы менен арзан баада эл аралык чалууларды жүргүзүүгө болот;
  • «Бирге арзан 2.0» тарифинин алкагында роумингдин кызматы сайтта баяндалган жалпы эрежелердин негизинде көрсөтүлөт;
  • Эгер ай сайын алынуучу абоненттик төлөмдү алуу учурунда Башкы SIM-картанын балансында жеткиликтүү сумма жок болсо, анда абоненттин балансындагы бардык сумма болочок төлөм катары резервделет, ал эми жетишпеген сумма баланста кемитүү белгиси менен (терс баланс) көрсөтүлөт жана шашылыш кызматтардын акысыз номерлерине чалуулардан тышкары бардык чыгуучу мобилдик байланыш, O!TV жана интернетке кирүү (зымдуу интернет кошулуп) өчүрүлөт. Мобилдик байланыш кызматтарын, O!TV колдонууну улантуу жана интернетке кирүү үчүн балансты айлык абоненттик төлөмдү алууга жеткиликтүү суммага толуктоо керек;
  • Смартфонду башка түзүлүштөр үчүн интернетке кирүү жайы катары модем режиминде колдонгондо «Интернет тарат!» кызматы менен пайдалануу керек;
  • Интернетти үзгүлтүксүз колдонуу мүмкүндүгүн камсыздоо максатында, тариф боюнча негизги интернет-топтом түгѳнгѳн соӊ, 20 сомго 1 ГБ кошумча интернет-топтом берилет:
    ∙ 1 ГБ кошумча интернет-топтомдун жарамдуулук мѳѳнѳтү – тариф үчүн кезектеги абоненттик тѳлѳмдү алуу аракетине чейин. Мѳѳнѳт аяктагандан кийин интернет-топтомдун сарпталбаган кѳлѳмү күйүп кетет;
    ∙ 1 ГБ кошумча интернет-топтом тариф боюнча негизги интернет-топтом түгѳнгѳндѳн кийин дароо берилет. Ошондой эле алгач берилген 1 ГБ кошумча интернет-топтом түгѳнүп калса, баланста жетиштүү каражат болгон учурда, кошумча интернет-топтомду кайра алса болот;
    ∙ Эгерде тариф боюнча негизги интернет-топтомдун трафиги аяктаган учурда баланста 20 сомдон аз каражат болсо, анда 1 ГБ кошумча интернет-топтом берилбейт;
    ∙ 1 ГБ кошумча интернет-топтомду берүүгѳ тыюу салуу мүмкүн, бул үчүн каалаган Сатуу жана тейлѳѳ кеӊсесине барса же *707 номери аркылуу сурап-билүү борборуна кайрылса болот;
    ∙ 1 ГБ кошумча интернет-топтомду берүүгѳ салынган тыюуну *745*1# буйрутмасы аркылуу же «Мой О!» тиркемесинен жокко чыгаруу мүмкүн.
    ∙ Кошумча интернет-топтомду болжолдуу кошуулар чектелген (20 сомго 1 ГБ) – бир күндүн ичинде 5 жолудан кем эмес.
  • Бардык кардарларын интернет менен камсыздоо максатында компания ашыкча жүктөм сааттарында тармактык ресурстарын адилеттүү бөлүштүрүү үчүн трафиктин "адилеттүү пайдалануу саясатын" (FUP - Fair Usage Policy) колдонуп келет. Эгерде эсептешүү мезгилдин ичинде (абоненттик төлөм акыркы алынган күндөн тартып) абонент интернет-сервисти кыянаттык менен пайдаланса жана башка абоненттерге ыңгайсыздыктарды жаратса, анда тутум абоненттик төлөмдү алган күндөн тартып (эсептешүү мезгилине чейин) интернетке кирүү ылдамдыгын азайтат. Кезектеги абоненттик төлөм алынган күндөн тартып, интернетке кирүү ылдамдыгы автоматтык түрдө калыбына келет. Мындай ыкманын негизги артыкчылыгы катары түйүндүн ресурстарын бардык абоненттердин ортосунда бирдей бөлүштүрүү жана болуп саналат жана ошол учурда мүмкүн болгон максималдуу ылдамдык берилет;
  • «Бирге арзан 2.0» тарифинин алкагында Башкы жана Кошумча номерлерде төмөнкү кызматтарды кошуу мүмкүн эмес: ««5+5», «Сенин нөлүң күнүмдүк!», «Сенин чексиздигиң», «Сенин нөлүң!» (7 күн), «Сенин нөлүң 3, 6, 12!», «Түнкү чексиздик+», «СУПЕРХАЙП» жана «СУПЕРХАЙП + YouTube»;
  • Эгер топтун SIM-карталарындагы интернет топтому (30 ГБ) 30 күндүн ичинде толугу менен сарпталбаса, анда кезектеги айлык абоненттик төлөм алуу учурунда интернеттин сарпталбаган мегабайттары күйүп кетет.
  • Бир айлык абоненттик төлөмдүн, Кошумча номерди кошуунун/алмаштыруунун жана «Турбокнопка» кызматтарынын баасы бардык салыктарды эске алуу менен көрсөтүлдү, калган кызматтардын баасында КНС эске алынып, СС кошулган жок;
  • О! түйүнүндөгү чыгуучу чалуулардын жана КР башка байланыш операторлоруна чалуулардын тарифтештирүү интервалы – 10 секунда.
  • Акылуу байланыш кызматтарын өчүрүү босогосу тарификациянын минималдык бирдигин төлөө үчүн керектүү акча каражаттарынын санына туура келет.
  • Башкы номердеги «Бирге арзан 2.0» тарифин мөөнөтүнөн мурда алмаштыруу Башкы номер катталган абонент каалаган О! кеңсесине же O!Store дүкөнүнө кайрылган учурда жана 2 500 сом өлчөмүндөгү айып төлөмдү О! кеңсесинин же О!Store дүкөнүнүн кассасына накталай акча каражаттарды киргизүү жолу менен төлөгөндө гана мүмкүн;
  • Башкы номер тарабынан «Бирге арзан 2.0» тарифин компаниянын которулуу үчүн ыңгайлуу башка каалаган тарифине алмаштырылганда сарпталбаган бардык мүнөттөр жана интернеттин мегабайттары күйүп кетет. Мында мурда «Бирге арзан 2.0» тарифи үчүн алынган абоненттик төлөм кайтарылбайт;
  • Эгер Башкы номер «Бирге арзан 2.0» тарифин каалаган башка тарифке алмаштырса, анда бардык Кошумча номерлерде автоматтык түрдѳ «Переходи на О! 120 + O!TV» тарифи кошулат, ал эми зымдуу интернет кызматтарын кѳрсѳтүү автоматтык түрдѳ токтотулат;
  • Эгер Башкы номер топтогу Кошумча номерлердин бирөөсүн өчүрүп салса, анда өчүрүлгөн номердин тарифи «Переходи на О! 120 + О!TV» тарифине автоматтык түрдө алмашат;
  • Эгер Кошумча номерлердин бири «Бирге арзан 2.0» тарифин өз алдынча алмаштырып алса, анда Кошумча номердеги «Бирге арзан 2.0» тарифинин шарттары автоматтык түрдө өчөт да, учурдагы балансты эске алуу менен жаңы тарифтин шарттары кошулат.
«Бирге арзан 2.0» тарифине кошулууда зарылчылык келип чыккан учурда «SAIMA TELECOM» ЖААК адистеринен тѳмѳнкү жабдууну сатып алсаӊыз болот:

Wi-Fi роутерлер:

Модель

Үлгү

Баасы

Мүнѳздѳмѳсү

TP-Link

TL-WR840N V2

1500

Кененирээк

TP-Link

Archer C20 V5

2100

Кененирээк

TP-Link

Archer C50 V6

2600

Кененирээк

Баалар сом менен, бардык салыктар эске алынып кѳрсѳтүлгѳн.

Телевизиондук приставка:

Модель

Үлгү

Баасы

Мүнѳздѳмѳсү

Android

TV Box SB-303

2500

Пайдалануучунун колдонмосу

Баалар сом менен, бардык салыктар эске алынып кѳрсѳтүлгѳн.