Бирге Арзан Регион

Бирге Арзан Регион

БҮТ ҮЙ-БҮЛӨ ҮЧҮН ИНТЕРНЕТ ТОПТОМУ!

  • Трафик боюнча чектөөсүз максималдуу ылдамдыктагы үйдөгү Интернет үчүн РОУТЕР!
  • Ар биринде О! түйүнүнүн ичинде акысыз чалуулар жана SMS, өлкөнүн башка мобилдик түйүндөрүнө чалуу үчүн 10 мүнөт жана бир айга 30 ГБ интернет-трафик берилген 3 SIM-карта.
  • Үнөмдөөнү дароо азыр баштаңыз! Кошууга өтүнмөнү төмөнкү номерлер аркылуу калтырыңыз:

    557 (О! абоненттери үчүн чалуу акысыз);

    0 500 000 955 (башка мобилдик операторлордун абоненттери үчүн чалуулар алардын тарифтик планына ылайык тарифтештирилет).

    Топтомду каалаган О! Сатуу жана тейлөө кеңсесинен же O!Store дүкөнүнөн сатып алып, ошол эле жерден «Бирге арзан Регион» тарифин кошууга болот.

    Тарифке кошуу Ысык-Көл, Нарын, Талас, Жалал-Абад, Ош жана Баткен областтарында жеткиликтүү. Чүй обласынын аймагында жана Бишкек шаарында мобилдик интернеттин ылдамдыгы 128 Кбит/с чейин төмөндөйт.

Бүтүндөй топтом үчүн абоненттик төлөм айына
1090 сом.
Бир эле башкы SIM-картанын балансынан жана айына 1 гана жолу төлөнөт!

«Бирге арзан Регион» топтому 4 SIM-картадан турат:

1. Башкы SIM-карта (1 даана) – SIM-картаны телефондо пайдаланыш керек. Айлык абоненттик төлөм ушул SIM-картадагы номерден алынат. Кошумча номерлерди башкаруу да ушул номерден жүргүзүлөт.

2. Роутер үчүн SIM-карта (1 даана) – Топтомдогу бул SIM-картаны роутерде Интернетке чыгуу үчүн колдонуу керек. Топтомдогу гана SIM-карта менен роутер туура иштеши мүмкүн.

3. Телефондо колдонуу үчүн кошумча SIM-карта (2 даана) SIM-карталарды үй-бүлө мүчөлөрүнө берип койсо болот жана аларды телефондо колдонуу керек.

Топко үй-бүлө мүчөлөрүнүн санына жараша кошумча 2 SIM-картага чейин дагы кошсо болот: топто роутердеги SIM-карта менен бирге максимум 6 SIM-картага чейин кошуу каралган. "Бирге арзан Регион" тарифине кошулган учурда базалык топтомдо бөлүнгөн номерди (роутер үчүн каралган номерден башка) иштеп жаткан абоненттик номерге бир жолу акысыз алмаштырууга жол берилет, ал эми номерди улам кийинки алмаштыруунун баасы 250 сомду түзөт. Базалык топтомго ар бир номерди кошуунун баасы 250 сом. Эгер базалык топтом орнотулган болсо, ар бир кошумча номердин баасы Абонент тарабынан өзүнчө төлөнөт. Эгер Башкы номер топко 3-кошумча номерди кошсо, анда кезектеги 30 күндүк абоненттик төлөм 1090 сомду түзөт, 4-кошумча номер кошулган учурда - кезектеги 30 күндүк абоненттик төлөм 1290 сом болот.

  • КР башка мобилдик операторлордун номерлерине чалуулар - 2,8 сом/мүн.
  • Кыргызстан боюнча SMS - 1,5 сом/даана.
  • КР жергиликтүү телефон байланыш операторлорунун номерлерине чалуулар - 5,99 сом/мүн.
    • Ар бир SIM карта үчүн (1 башкы, 2 кошумча) алгачкы 40 мобилдик интернеттин алгачкы 30 гигабайты абоненттик төлөм алынган учурдан баштап 30 күн бою максималдуу мүмкүн болгон ылдамдыкта берилет. Андан кийин интернеттин ылдамдыгы азайышы мүмкүн;
    • Максималдуу ылдамдыктагы 30 ГБ интернет-топтому бирдей, күн менен түнгө БӨЛҮНБӨСТӨН берилет;
    • Роутердеги номер үчүн максималдуу ылдамдыктагы интернет 250 ГБ көлөмүндө берилет, андан ары ылдамдыгы секундасына 1 Мбит болуп белгиленет;
    • Максималдуу ылдамдыктагы интернет топтомун пайдалангандан кийин, Башкы SIM-картанын абоненти дагы, Кошумча SIM-картанын абоненттери дагы кезектеги абоненттик төлөмдү алуу учуруна чейин максималдуу ылдамдыктагы мобилдик интернет менен пайдаланууга мүмкүндүк бере турган 1 ГБ, 2 ГБ, 5 ГБ же 10 ГБ «Турбокнопкаларын» кошуп алышса болот. «Турбокнопкаларды» «Жеке кабинеттен», web-интерфейс же төмөнкү буйрутмалардын жардамы менен кошсо болот:

    «Турбокнопка 1 ГБ» – *735*1# (30 сом);

    «Турбокнопка 2 ГБ» – *735*2# (50 сом);

    «Турбокнопка 5 ГБ» – *735*5# (100 сом);

    «Турбокнопка 10 ГБ» – *735*10# (150 сом).

  • «Турбокнопкалардын» иштөө мөөнөтү– «Бирге арзан Регион» тарифи үчүн кезектеги абоненттик төлөмдү алуу үчүн алгачкы аракетине чейин;
  • Бир мезгилде бир нече «Турбокнопкаларды» кошкондо интернет-трафик топтоштурулат;
  • «Турбокнопкаларды» өчүрүү мүмкүн эмес.
  • * 1 жыл – бул 12 төлөнгөн мезгил. Келишимди мөөнөтүнөн мурда бузган жана 60 күндөн ашуун абоненттик төлөмдү төлөбөй койгон учурда айып төлөм 3 900 сомду түзөт.

    «Бирге арзан Регион» тарифинин алкагында О! түйүнүндө жеңилдетилген (тарифтештирилбеген) чыгуучу чалуулар жана SMS ар бир суткада төмөнкү көлөмдө берилет:

    • 17:00:00 тартып 23:59:59 чейин түйүн ичиндеги добуштук чалуулар – 40 мүнөт (бардык чалуулардын жыйынтык көлөмү);

    • 00:00:00 тартып 16:59:59 чейин түйүн ичиндеги добуштук чалуулар – 140 мүнөт (бардык чалуулардын жыйынтык көлөмү);

    • 17:00:00 тартып 23:59:59 чейин SMS жөнөтүү – 20 билдирүү;

    • 00:00:00 тартып 16:59:59 чейин түйүн ичинде SMS жөнөтүү – 180 билдирүү.

    Жогоруда көрсөтүлгөн чектөөлөрдөн ашык колдонулган учурда тарифтештирүү шарттары кийинкидей аткарылат: чалуунун 1 мүнөт баасы 1,18 сом, 1 SMS жөнөтүү баасы 1,50 сом.

    Башкы номер тарабынан Кошумча номердин кошулушу

    *557*0X0Xxxxxxx#

    Башкы номер тарабынан Кошумча номердин чыгарылышы

    *557*0*0X0Xxxxxxx#

    Башкы номер тарабынан Кошумча номерлердин тизмесинин алынышы

    *557*9#

    Интернет-трафиктин топтомунун калдыгын топтун ичиндеги бардык номерлер текшере алышат

    *728*9#


    • КР боюнча узактыгы 3 секундага чейинки бардык чыгуучу чалуулардын баасы – 0 сом;
    • Кирүүчү чалуулардын баары акысыз. КР дайындуу байланыш операторлорунун номерлеринен 705 префиксиндеги номерлерге келген чалуулар – сүйлөшүүнүн бир мүнөтү - 5,99 сом;
    • КР дайындуу байланыш операторлоруна чыгуучу чалуулар – 5,99 сом;
    • Акы төлөнүүчү байланыш кызматтарын өчүрүү босогосу тарифтөөнүн минималдуу бирдигин төлөө үчүн зарыл болгон акча каражаттарынын өлчөмүнө барабар;
    • O!Safe Kids – сизге виртуалдык жана чыныгы турмушта балаңызга кам көрүүгө, коргоого жардам бере турган кызмат. Кызмат «О!Үй-бүлө», «О!Үй-бүлө Регион», «Бирге арзан», «Бирге арзан 1.0», «Бирге арзан 2.0» жана «Бирге арзан Регион» тарифтериндеги Башкы номерде жеткиликтүү.
      Өз түзүлүшүңүздө O!Safe Kids тиркемесин орнотуңуз жана «Ата-эне» режиминде ырастаныз, андан кийин балдарыңыздын түзүлүштөрүндө «Бала» режиминде ырастаңыз.
      Эми сиз дайыма:
      • Балаӊыз кайда жүргѳнүн билип, кѳзѳмѳлдѳй аласыз;
      • Түзүлүшү заряддалып-зараяддалбаганынан кабардар болуп турасыз;
      • Каалабаган сайттарды жана жагымсыз контентти бѳгѳттѳй аласыз;
      • Балаӊыз телефон жана интернет менен ѳткѳргѳн убакытты башкара аласыз;
      • Айрым тиркемелерди бѳгѳттѳп, аларды колдонуунун күнүмдүк лимитин белгилей аласыз.
      • Ал тургай балаӊыздын Facebook жана VKontakte платформаларындагы активдүүлүгүн, ошондой эле анын жаӊы досторун кѳзѳмѳлдѳй аласыз.
      «O! Safe Kids» кызматын portal.safekids.kg сайтынан, ошондой эле AppStore же Google Play тиркеме дүкѳндѳрүнѳн кѳчүрүп алып колдоно баштасаӊыз болот.
      Кызматты 30 күнгө кошуу: *234*1# (кызматтын наркы 100 сом);
      Кызматты 365 күнгө кошуу: *234*2# (кызматтын наркы 900 сом).
    • «Бирге арзан Регион» тарифтик планына кошулганда, “Үн почтасы” кызматы кызматтын сайтта каралган шарттарынын негизинде автоматтык түрдө кошулат;
    • «Бирге арзан Регион» тарифтик планынын абоненттери «Менин жаңы номерим» кызматынын шарттарына ылайык Роутер үчүн SIM-картанын номеринен башка номерди тандай алышат жана өзгөртө алышат;
    • Эгер сизде абоненттик төлөм күн сайын алынуучу кошумча кызматтардын бири кошулган болсо, «Бирге арзан Регион» тарифи боюнча кезектеги ай сайын алынуучу абоненттик төлөм алынган учурда балансыңыз 890 сомдон аз болсо, кошулган кошумча кызматты колдонуу чектеле баштайт, мында кошулган кошумча кызматты көрсөтүү шарттарына ылайык кызматтын абоненттик төлөмүн алуу улана берет. Конкреттүү кызматты көрсөтүү шарттарына ылайык пайдалануунун каалаган учурунда кызматтын маалыматтарын өчүрүүгө болот;
    • Чыгуучу эл аралык чалуулар жана SMS эл аралык байланыш кызматтарын көрсөтүү шарттарына жараша жеткиликтүү;
    • «Бирге арзан Регион» тарифтик планына кошулганда, “Бүткүл дүйнө” кызматы автоматтык түрдө кошулат, анын жардамы менен арзан баада эл аралык чалууларды жүргүзүүгө болот;
    • «Бирге арзан Регион» тарифинин алкагында роумингдин кызматы сайтта баяндалган жалпы эрежелердин негизинде көрсөтүлөт;
    • Эгер ай сайын алынуучу абоненттик төлөмдү алуу учурунда Башкы SIM-картанын балансында жеткиликтүү сумма жок болсо, анда абоненттин балансындагы бардык сумма болочок төлөм катары резервделет, ал эми жетишпеген сумма баланста кемитүү белгиси менен (терс баланс) көрсөтүлөт жана шашылыш кызматтардын акысыз номерлерине чалуулардан башка бардык чыгуучу мобилдик байланыш кызматтары менен интернетке кирүү өчүрүлөт. Мобилдик байланыш кызматтарын жана интернетти колдонууну улантуу үчүн балансты айлык абоненттик төлөмдү алууга жеткиликтүү суммага толуктоо керек;
    • Абоненттик төлөм айына 1 жолу Башкы SIM-картанын балансынан алынат. Эгер абоненттик төлөм алынган учурда Башкы номердин балансында абоненттик төлөмдү төлөө үчүн каражат жетишсиз болуп калса, анда роутердин балансы автоматтык түрдө текшерилип, анда жетиштүү каражат болсо, акча каражаттары роутердин номеринен Башкы номерге өткөрүлөт да, абоненттик төлөм Башкы номердин балансынан алынат;
    • Роутерге Wi-Fi аркылуу 32 түзүлүшкө чейин эркин кошсо болот: үйдөгү телевизор, смартфондор, ноутбуктар, башка түзүлүштөр, Wi-Fi түйүнүн Сиздин коноктор да пайдалана алышат;
    • Смартфонду башка түзүлүштөр үчүн интернетке кирүү жайы катары модем режиминде колдонгондо «Интернет тарат!» кызматы менен пайдалануу керек;
    • Интернетти үзгүлтүксүз колдонуу мүмкүндүгүн камсыздоо максатында, тариф боюнча негизги интернет-топтом түгѳнгѳн соӊ, 25 сомго 1 ГБ кошумча интернет-топтом берилет:
      ∙ 1 ГБ кошумча интернет-топтомдун жарамдуулук мѳѳнѳтү – тариф үчүн кезектеги абоненттик тѳлѳмдү алуу аракетине чейин. Мѳѳнѳт аяктагандан кийин интернет-топтомдун сарпталбаган кѳлѳмү күйүп кетет;
      ∙ 1 ГБ кошумча интернет-топтом тариф боюнча негизги интернет-топтом түгѳнгѳндѳн кийин дароо берилет. Ошондой эле алгач берилген 1 ГБ кошумча интернет-топтом түгѳнүп калса, баланста жетиштүү каражат болгон учурда, кошумча интернет-топтомду кайра алса болот;
      ∙ Эгерде тариф боюнча негизги интернет-топтомдун трафиги аяктаган учурда баланста 25 сомдон аз каражат болсо, анда 1 ГБ кошумча интернет-топтом берилбейт;
      ∙ 1 ГБ кошумча интернет-топтомду берүүгѳ тыюу салуу мүмкүн, бул үчүн каалаган Сатуу жана тейлѳѳ кеӊсесине барса же *707 номери аркылуу сурап-билүү борборуна кайрылса болот;
      ∙ 1 ГБ кошумча интернет-топтомду берүүгѳ салынган тыюуну *745*1# буйрутмасы аркылуу же «Мой О!» тиркемесинен жокко чыгаруу мүмкүн;
      ∙ Кошумча интернет-топтомду болжолдуу кошуулар чектелген (25 сомго 1 ГБ) – бир күндүн ичинде 5 жолудан кем эмес.
    • Бардык кардарларын интернет менен камсыздоо максатында компания ашыкча жүктөм сааттарында тармактык ресурстарын адилеттүү бөлүштүрүү үчүн трафиктин "адилеттүү пайдалануу саясатын" (FUP - Fair Usage Policy) колдонуп келет. Эгерде эсептешүү мезгилдин ичинде (абоненттик төлөм акыркы алынган күндөн тартып) абонент интернет-сервисти кыянаттык менен пайдаланса жана башка абоненттерге ыңгайсыздыктарды жаратса, анда тутум абоненттик төлөмдү алган күндөн тартып (эсептешүү мезгилине чейин) интернетке кирүү ылдамдыгын азайтат. Кезектеги абоненттик төлөм алынган күндөн тартып, интернетке кирүү ылдамдыгы автоматтык түрдө калыбына келет. Мындай ыкманын негизги артыкчылыгы катары түйүндүн ресурстарын бардык абоненттердин ортосунда бирдей бөлүштүрүү жана болуп саналат жана ошол учурда мүмкүн болгон максималдуу ылдамдык берилет;
    • «Бирге арзан Регион» тарифинин алкагында Башкы жана Кошумча номерлерде кийинки кызматтарды кошуп алууга болот: "Башка түйүндөргө 10 мүнөт", "Башка түйүндөргө 20 мүнөт", "Мобилдик айлык!" кызматы, ал эми кийинки кызматтарды кошуу мүмкүн эмес: "5+5", " Сенин нөлүң күнүмдүк!", " Сенин чексиздигиң ", " Сенин нөлүң плюс", " Сенин нөлүң!" (7 күн), " Сенин нөлүң 3, 6, 12!", " Түнкү чексиздик +", "Smart 300", "Smart 1000", "Smart Unlim", "Планшет Unlim", "Бирге", "СУПЕРХАЙП" акциясы, "Переходи на О! Light+ белек", "Smart 300 белекке", "Smart 1000 белекке", "Smart Unlim белекке" жана "7 күнгө Сенин нөлүң белекке" (Белекке берүүчү жана Алуучу сапатында "белекке" кызматтарын кошуу мүмкүн эмес).
    • Эгер роутер жана топтогу бардык SIM-карталардагы интернет топтому 30 күндүн ичинде толугу менен сарпталбаса, анда кезектеги айлык абоненттик төлөм алынган учурда интернеттин сарпталбаган мегабайттары күйүп кетет.
    • Топтомдун, бир айлык абоненттик төлөмдүн, Кошумча номерди кошуунун/алмаштыруунун жана «Турбокнопка» кызматтарынын баасы бардык салыктарды эске алуу менен көрсөтүлдү, калган кызматтардын баасында КНС эсепке алынып, СС кошулган эмес.
    • О! түйүнүндөгү чыгуучу чалууларды, чыгуучу эл аралык чалууларды жана КР башка байланыш операторлоруна чыгуучу чалууларды тарифтештирүү интервалы – 10 секунда.

    • Башкы номердеги «Бирге арзан Регион» тарифин мөөнөтүнөн мурда алмаштыруу Башкы номер катталган абонент каалаган О! кеңсесине же O!Store дүкөнүнө кайрылган учурда жана 3 900 сом өлчөмүндөгү айып төлөмдү О! кеңсесинин же О!Store дүкөнүнүн кассасына накталай акча каражаттарды киргизүү жолу менен төлөгөндө гана мүмкүн;
    • Эгерде Абонент «Бирге арзан Регион» тарифин колдонууну уланткысы келбесе, анда ал О 3 900 сом өлчөмүндө айып төлөмдү ! кеңсесинин же О!Store дүкөнүнүн кассасына накталай акча каражаттарды киргизүү жолу менен төлөөгө милдеттүү болот;
    • Башкы номер тарабынан «Бирге арзан Регион» тарифин компаниянын которулуу үчүн ыңгайлуу башка каалаган тарифине алмаштырылганда сарпталбаган бардык мүнөттөр жана интернеттин мегабайттары күйүп кетет. Мында мурда «Бирге арзан Регион» тарифи үчүн алынган абоненттик төлөм кайтарылбайт;
    • Эгер Башкы номер «Бирге арзан Регион» тарифин каалаган башка тарифке алмаштырса, анда бардык Кошумча номерлерде автоматтык түрдѳ «Переходи на О! 105» тарифи кошулат, ал эми роутердин номеринде «Пайдалуу чексиздик 4G» тарифи автоматтык түрдѳ кошулат;
    • Эгер Башкы номер топтогу Кошумча номерлердин бирөөсүн өчүрүп салса, анда өчүрүлгөн номердин тарифи автоматтык түрдө «Переходи на О! 105» тарифине которулат;
    • Эгер Кошумча номерлердин бири «Бирге арзан Регион» тарифин өз алдынча алмаштырып алса, анда Кошумча номердеги «Бирге арзан Регион» тарифинин шарттары автоматтык түрдө өчөт да, учурдагы балансты эске алуу менен жаңы тарифтин шарттары кошулат.


    R0516_Black20181210.png
    Роутердин модели: LTE CPE R0516

    Түйүндөрдү көтөрө алышы: GSM, UMTS, LTE

    Маалыматтарды берүү ылдамдыгы: 150 Мбит/с чейин (LTE Cat4 кармайт)

    Wi-Fi камтуу аймагынын радиусу 50 метрге чейин

    Зымсыз туташуу Wi-Fi боюнча 32 түзүлүшкө чейин

    Пайдалануучунун колдонмосу