Келечектин SIM-картасы – eSIM

eSIM-1024x328-кг.png

eSIMди кошуу акысыз. 5 мүнөт – баары даяр!

Түзүлүштөрү eSIM технологиясын камтыган абоненттер 2022-жылдын 5-октябрынан тарта инновацияны O!Store дүкөндөрүнүн баарынан же «Мой О!» тиркемесинен кошо алышат.

eSIM – смартфонуңуз эки симкалуу болбогон учурда да, айрым iPhone моделдери сыяктуу экинчи симканы колдонуу үчүн эң сонун мүмкүндүк. Технология трекер, ноутбук жана башка «акылдуу үй» түзүлүштөрүн (сигнализациялар, датчиктер, видеокамералар, тиричилик техникасы ж.б.) колдонгондор үчүн абдан ыңгайлуу.

  • eSIM – ошол эле SIM-карта, бирок пластиги жок. Андан чалууларды аткарууга, интернетке кирүүгө болот, башкача айтканда көнгөн аракеттериңиздин баарын аткара аласыз; 

  • Иш жана жеке жашоо үчүн керектүү ар башка номерлер, аларды биринен экинчисине оңой которуу;

  • 5 мүнөттүн ичинде эле кошуп алуу!

eSIMдин башкы артыкчылыктарынын бири – коопсуздук. Смартфон уурдалган учурда аны колдоно алышпайт, себеби түзүлүшкө жаңы профиль жүктөө жана эскисин өчүрүү мүмкүндүгү виртуалдуу SIMдин ээсинде гана бар. eSIM телефондон чыкпайт, андыктан смартфон уурдалган учурда да кылмышкер аны колдоно албайт.

Өзүңүзгө О! түйүнүнөн ыңгайлуу төлөө формасы менен – жума сайын же дароо 4 жумага төлөнүүчү ыңгайлуу тарифти тандап алыңыз. Смартфондор үчүн О! түйүнүндө акысыз байланыш каралган үнөмдүү топтомдордон баштап мобилдик ТВ жана кинотеатрлары менен чексиздикке чейин атайы сунуштарды, роутерлер менен модемдер үчүн тарифтерди, пайдалуу үй-бүлөлүк топтомдорду, ошондой эле акылдуу түзүлүштөр үчүн варианттарды таба аласыз. 

eSIM деген эмне?

eSIM технологиясы (Embedded SIM – «орнотулган SIM-карта») – өндүрүш этабында түзүлүшкө орнотулуучу 6х5 мм өлчөмүндөгү кенедей микросхема болуп саналат. Ал орнотулбайт да, чыгарылбайт. Жаңы QR-кодду окуу жолу менен жаңы маалыматты жүктөө гана жетиштүү болот.

eSIM кимге керек жана анын артыкчылыгы

  • eSIM-картанын функционалын бир нече номерлери бар абоненттер толук баалай алышат – бул жаңылык эки смартфон көтөрүү муктаждыгынан арылтат. Мында абонент SIM-картанын форматы (mini, micro, nano) тууралуу кабатырланбайт;
  • Бул технология Internet of Things (Буюмдардын интернети), трекер-түзүлүштөр, ноутбуктар, ошондой эле “акылдуу үйлөрдүн” компоненттери деп аталагн (сигнализация, датчиктер, видеокамералар, үй-тиричилик техникасы ж.б.) үчүн да келечектүү.
  • Эң башкы артыкчылыктарынын бири – смартфондордун ээлери үчун коопсуздук болуп саналат – түзүлүш уурдалып кеткен учурда түзүлүштү кайрадан ишке киргизүү процесси татаалданат. Виртуалдык SIM картанын ээси гана түзүлүшкө жаңы профилди жүктөп, эски профилин өчүрө алат. Эгерде смартфонду уурдап кетишсе, кылмышкер үчүн анын баалуулугу жоголот. Телефондон eSIM-карта чыгарылбайт, андыктан түзүлүштү өз максаттарына колдонууга мүмкүн болбойт.
  • O!Store дүкөнүнөн eSIMди кантип кошсо болот?

    1. Сизде eSIM менен иштеген смартфон болушу керек. Моделдердин тизмеси менен төмөн жактан таанышып чыгыңыз.
    2. Каалаган O!Store дүкөнүнө паспортуңуз менен келип, eSIMди активдештирүү үчүн уникалдуу QR-код алыңыз.
    3. O!Store дүкөндөрүнүн баарында eSIM кошуу – АКЫСЫЗ.

    Каалаган O!Store дүкөнүнө паспортуңуз менен келип, eSIMди активдештирүү үчүн уникалдуу QR-код алыңыз.

    «Мой О!» тиркемесинен eSIM кантип кошулат?

    1. Сизде eSIM менен иштеген смартфон болушу керек. Моделдердин тизмеси менен төмөн жактан таанышып чыгыңыз;
    2. «Мой О!» тиркемесин ачыңыз
    3. Экрандын төмөн жагынан «О! абоненти болуу» дегенди тандаңыз;
    4. «Баштоо» баскычын басыңыз;
    5. Тандап алган номер жана тариф боюнча кызмат көрсөтүү шарттарына ылайык персонификациялоо процедурасынан өтүңүз;
    6. eSIMди активдештирүү үчүн уникалдуу QR-код алыңыз.

    Мой О! тиркемесинен eSIM кошуу - АКЫСЫЗ.

    eSIMди кошкондон кийин Кыргыз Республикасынын аймагында байланыш кызматтарын активдештирүү мүмкүн.

    eSIM башка өлкөлөрдүн жарандарына дагы жеткиликтүү.

    eSIM технологиясы менен иштеген түзүлүштөрдүн моделдери:

    Apple

    Смартфондор:

  • iPhone XR (A1984), iPhone XR (A2105), iPhone XR (A2106)
  • iPhone 11 (A2111), iPhone 11 (A2221), iPhone 11 Pro (A2160), iPhone 11 Pro (A2215), iPhone 11 Pro Max (A2161), iPhone 11 Pro Max (A2218)
  • iPhone XS (A1920), iPhone XS (A2097), iPhone XS (A2098), iPhone XS MAX (A1921), iPhone XS MAX (A2101), iPhone XS MAX (A2102)
  • iPhone SE 2020 (A2275), iPhone SE 2020 (A2296)
  • iPhone 12 mini (A2176), iPhone 12 mini (A2398), iPhone 12 mini (A2399)
  • iPhone 12 (A2172), iPhone 12 (A2402), iPhone 12 (A2403)
  • iPhone 12 Pro (A2341), iPhone 12 Pro (A2406), iPhone 12 Pro (A2407)
  • iPhone 12 Pro Max (A2342), iPhone 12 Pro Max (A2410), iPhone 12 Pro Max (A2411)
  • iPhone 13 mini (A2481), iPhone 13 mini (A2626), iPhone 13 mini (A2628), iPhone 13 mini (A2630)
  • iPhone 13 (A2482), iPhone 13 (A2631), iPhone 13 (A2633), iPhone 13 (A2635)
  • iPhone 13 Pro (A2483), iPhone 13 Pro (A2636), iPhone 13 Pro (A2638), iPhone 13 Pro (A2640)
  • iPhone 13 Pro Max (A2484), iPhone 13 Pro Max (A2641), iPhone 13 Pro Max (A2643), iPhone 13 Pro Max (A2645)
  • iPhone SE 2022 (A2595), iPhone SE 2022 (A2782), iPhone SE 2022 (A2783), iPhone SE 2022 (A2784)
  • iPhone 14 (A2649), iPhone 14 (A2881), iPhone 14 (A2882), iPhone 14 (A2883)
  • iPhone 14 Plus (A2632), iPhone 14 Plus (A2885), iPhone 14 Plus (A2886), iPhone 14 Plus (A2887)
  • iPhone 14 Pro (A2650), iPhone 14 Pro (A2889), iPhone 14 Pro (A2890), iPhone 14 Pro (A2891)
  • iPhone 14 Pro Max (A2651), iPhone 14 Pro Max (A2893), iPhone 14 Pro Max (A2894), iPhone 14 Pro Max (A2895)
  • iPhone 15 и iPhone 15 Plus
  • iPhone 15 Pro
  • iPhone 15 Pro Max
  • Планшеттер:

  • iPad (A2198), iPad (A2200), iPad (A2428), iPad (A2429), iPad (A2603), iPad (A2604), iPad (A2757)
  • iPad Air (A2072), iPad Air (A2123), iPad Air (A2153), iPad Air (A2324), iPad Air (A2589), iPad Air (A2591)
  • iPad mini (A2124), iPad mini (A2126), iPad mini (A2568)
  • iPad Pro 11 (A1934), iPad Pro 11 (A2013), iPad Pro 11 (A2068), iPad Pro 11 (A2230), iPad Pro 11 (A2435), iPad Pro 11 (A2761), iPad Pro 11 (A2301), iPad Pro 11 (A2459)
  • iPad Pro 12.9 (A1895), iPad Pro 12.9 (A2014), iPad Pro 12.9 (A2069), iPad Pro 12.9 (A2232), iPad Pro 12.9 (A2437), iPad Pro 12.9 (A2764), iPad Pro 12.9 (A2379), iPad Pro 12.9 (A2461)
  • Samsung

    Смартфондор:

  • Galaxy Fold (SM-F900F, SM-F900U, SM-F900W, SM-F900N, SM-F907F, SM-F907B, SM-F907U, SM-F907W, SM-F907N)
  • Galaxy Note20 (SM-N980F, SM-N980F/DS, SM-N981B, SM-N981U, SM-N981U1, SM-N981W), Galaxy Note20 Ultra (SM-N985F, SM-N985F/DS, SM-N986B, SM-N986U, SM-N986U1, SM-N986W, SM-N986N)
  • Galaxy S20 (SM-G980, SM-G980F, SM-G980F/DS, SM-G981B, SM-G981F, SM-G981U, SM-G981U1, SM-G981W, SM-G981N), Galaxy S20 Plus (SM-G985, SM-G985F, SM-G985F/DS, M-G986B, SM-G986F, SM-G986U, SM-G986U1, SM-G986W, SM-G986N), Galaxy S20 Ultra (SM-G988B/DS, SM-G988B/DS, SM-G988B, SM-G988U, SM-G988W, SM-G988N)
  • Galaxy S21 (SM-G990F, SM-G990F/DS, SM-G991B, SM-G991B/DS, SM-G991U, SM-G991U1, SM-G991W, SM-G991Q, SM-G991N), Galaxy S21 Plus (SM-G996B, SM-G996B/DS, SM-G996U, SM-G996U1, SM-G996W, SM-G996N), Galaxy S21 Ultra (SM-G998B, SM-G998B/DS, SM-G998U, SM-G998U1, SM-G998W, SM-G998N)
  • Galaxy S22 (SM-S901B, SM-S901B/DS, SM-S901U, SM-S901U1, SM-S901W, SM-S901N, SM-S901E), Galaxy S22 Plus (SM-S906B, SM-S906B/DS, SM-S906U, SM-S906U1, SM-S906W, SM-S906N, SM-S906E), Galaxy S22 Ultra (SM-S908B, SM-S908B/DS, SM-S908U, SM-S908U1, SM-S908W, SM-S908N, SM-S908E)
  • Galaxy S23 (SM-S911B, SM-S911B/DS, SM-S911U, SM-S911U1, SM-S911W, SM-S911N, SM-S911E, SM-S911E/DS), Galaxy S23 Plus (SM-S916B, SM-S916B/DS, SM-S916U, SM-S916U1, SM-S916W, SM-S916N, SM-S916E, SM-S916E/DS), Galaxy S23 Ultra (SM-S918B, SM-S918B/DS, SM-S918U, SM-S918U1, SM-S918W, SM-S918N, SM-S918E, SM-S918E/DS)
  • Galaxy Z Flip (SM-F700F/DS, SM-F700U/DS, SM-F700U1/DS, SM-F700W/DS, SM-F700N, SM-F7000, SM-F707B, SM-F707U, SM-F707U1, SM-F707W, SM-F707N, SM-F7070), Galaxy Z Flip3 (SM-F711B, SM-F711N, SM-F711U, SM-F711U1, SM-F711W), Galaxy Z Flip4 (SM-F721B, SM-F721B/DS, SM-F721N, SM-F721U, SM-F721U1, SM-F721W)
  • Galaxy Z Fold2 (SM-F916B, SM-F916U, SM-F916U1, SM-F916N, SM-F916W), Galaxy Z Fold3 (SM-F926B, SM-F926B/DS, SM-F926U, SM-F926U1, SM-F926W, SM-F926N), Galaxy Z Fold4 (SM-F936B, SM-F936B/DS, SM-F936U, SM-F936U1, SM-F936N, SM-F936W)
  • Сааттар:

  • Galaxy Watch4 LTE (SM-865F, SM-875F, SM-885F, SM-895F, SM-865N, SM-875N, SM-885N, SM-895N)
  • Galaxy Watch5 (R905F, R905N, R915F, R915N)
  • Galaxy Watch5 Pro (R925F, R925N)
  • Google

    Смартфондор:

  • Pixel 3, Pixel 3 XL
  • Pixel 3a, Pixel 3a XL
  • Pixel 4, Pixel 4 XL
  • Pixel 4a
  • Pixel 5
  • Pixel 5a
  • Pixel 6
  • Pixel 6 Pro
  • Pixel 7
  • Pixel 7a
  • Pixel 7 Pro
  • HUAWEI

    Смартфондор:

  • P40, P40 Pro
  • Mate 40, Mate 40 Pro
  • Сааттар:

  • Watch 3 LTE, Watch 3 Pro LTE
  • Sony

    Смартфондор:

  • Xperia 1 IV (XQ-CT54)
  • Xperia 10 IV (XQ-CC54)
  • Xperia 5 IV (XQ-CQ54)
  • Motorola

    Смартфондор:

  • Moto Razr
  • Moto Razr 5G
  • Microsoft

    Смартфондор:

  • Surface Duo
  • Xiaomi

    Смартфондор:

  • 12T Pro (SLFRUXM)
  • 13 (TMCRUXM)
  • 13 Pro (TMBRUXM)
  • 13 Lite (SLLRUXM)
  • Көңүл буруңуз! 

    • eSIM картанын QR-коду – бул сиздин номериңизге мүмкүндүк алуу. QR кодду эч кимге бербеңиз жана номериңизге мүмкүндүк алуудан ажырап калбаш үчүн аны активдештиргенге чейин сактаңыз. 

    • PIN жана PUK мүмкүндүк алуу коддорун эч кимге, ал тургай eSIMди активдештиргенден кийин дагы бербеңиз.

    • Түзүлүштөн eSIMди алып салган же ырастоолорду баштапкы абалга келтирген учурда номерге мүмкүндүк алууну калыбына келтирүү үчүн QR кодду сактап коюңуз. 

    Эгер сиз SIM-картанын профилин өчүрүп салсаңыз, анда номерге мүмкүндүк алууну кантип калыбына келтире аласыз?
    1. Түзүлүштүн ырастоолорун ачыңыз.
    2. «Мобилдик түйүн» же «Уюлдук маалыматтар» бөлүмүнө кириңиз.
    3. «eSIM кошуу» дегенди басыңыз.
    4. Түзүлүшүңүз менен мурда берилген QR-кодду сканерлеңиз.
    • eSIMди туура кошуу же калыбына келтирүү үчүн Wi-Fi же түзүлүштөгү башка SIM-картанын мобилдик маалыматтары аркылуу интернет түйүнүнө туташыш керек.
    • eSIMди жүктөө жана күйгүзүү процесси аяктаганга чейин түзүлүштү интернеттен ажыратпаңыз – кээде процесс жай жүрүшү мүмкүн.
    • eSIM профилин бир эле түзүлүшкө 10 жолуга чейин көчүрсө болот.Эгер түзүлүш алмашкан болсо, анда жакынкы тейлөө кеңсесине кайрылыш керек 
    Эски түзүлүштөн SIM-картанын профилин кантип туура өчүрсө болот? 

    1. Түзүлүштүн ырастоолорун ачыңыз.
    2. «Мобилдик түйүн» же «Уюлдук маалыматтар» бөлүмүнө кириңиз.
    3. Алып салууну каалаган eSIMди тандаңыз.
    4. «Алып салуу» же «Өчүрүү» опциясын тандаңыз да, аракетти ырастаңыз.

    Түзүлүшүңүз иштебей калса же жаңы түзүлүш үчүн жаңы QR алуу зарылдыгы келип чыкса, eSIMди кантип туура калыбына келтире аласыз 
    1. Жакынкы тейлөө кеңселеринин бирине кайрылыңыз
    2. Документтерди көрсөтүү менен жаңы QR алыңыз.
    3. Түзүлүштүн ырастоолорун ачыңыз.
    4. «Мобилдик түйүн» же «Уюлдук маалыматтар» бөлүмүнө кириңиз.
    5. «eSIM кошуу»дегенди басыңыз.
    6. Түзүлүшүңүз менен берилген QR-кодду сканерлеңиз.
    • eSIMди туура кошуу же калыбына келтирүү үчүн Wi-Fi же түзүлүштөгү башка SIM-картанын мобилдик маалыматтары аркылуу интернет түйүнүнө туташыш керек.
    • eSIMди жүктөө жана күйгүзүү процесси аяктаганга чейин түзүлүштү интернеттен ажыратпаңыз – кээде процесс жай жүрүшү мүмкүн.