Бирге арзан 1.0

Бирге арзан 1.0

Бирге арзан 1.0

Бүт үй-бүлѳ үчүн үй интернети, мобилдик байланыш жана O!TV!

  • Трафик боюнча чектөөсүз максималдуу ылдамдыктагы үйдөгү интернет үчүн РОУТЕР!
  • О! түйүнүндѳ акысыз жана чексиз чалуулар, SMS үчүн 3 SIM-карта жана ар бирине айына 30 Гигабайттан интернет-трафик!
  • «О!TV Премиум» топтому кошулган O!TV мобилдик телевидениеси! 200дѳн ашуун телеканал: балдар, спорт, жаӊылыктар жана башка кѳптѳгѳн каналдар.
  • O! Safe Kids кызматы Башкы номерде кошумча акысыз жеткиликтүү!
  • Үнөмдөөнү дароо азыр баштаңыз! Кошулуу үчүн табыштамаларды төмөнкү номерлер аркылуу калтырыңыз:

955 (О! абоненттери үчүн чалуу акысыз)

0 500 000 955 (башка мобилдик операторлордун абоненттери үчүн чалуулар алардын тарифтик планына ылайык тарифтештирилет).

Бардык О! сатуу жана тейлөө кеңселеринен же O!Store дүкөнүнөн комплектти сатып алса, ошондой эле «Бирге арзан 1.0» тарифине кошулса болот.

Жаңы тарифке кошулуу өлкөнүн бардык облустарында жеткиликтүү!

Башкы SIM-картанын гана балансынан тѳлѳнѳт
жана айына 1 эле жолу!
Бүтүндѳй комплект үчүн абоненттик тѳлѳм:
айына 1290 сом.

Көрсөтүү шарттары:

«Бирге арзан 1.0» тарифин бардык О! сатуу жана тейлөө кеңселеринен, О!Store дүкөнүнөн сатып алууга жана кошулууга же 955 (О! абоненттери үчүн чалуу акысыз) номерине ѳтүнмѳ калтырууга болот. Башка мобилдик операторлордун абоненттери 0 500 000 955 номерине чала алышат (чалуу алардын тарифтик планына ылайык тарифтештирилет).

Комплекттин баштапкы баасы 3 290 сом, анын ичинен 2 000 сом – роутердин баасы. Андан кийин 30 күнгө абоненттик төлөмдүн баасы 1 290 сомду түзөт.

Милдеттүү шарт:

«Бирге арзан 1.0» тарифи үчүн абоненттик төлөмдү 1 290 сомдон 1 жылга ай сайын* төлөөгө келишим түзүү керек.

«Бирге арзан 1.0» комплекти 4 SIM-картадан турат:

1. Башкы SIM-карта (1 даана) – SIM-картаны телефондо пайдаланыш керек. Айлык абоненттик төлөм ушул SIM-картадагы номерден алынат. Кошумча номерлерди башкаруу да ушул номерден жүргүзүлөт.

2. Роутер үчүн SIM-карта (1 даана) – Комплекттеги бул SIM-картаны роутерде Интернетке чыгуу үчүн колдонуу керек. Роутер комплекттеги SIM-карта менен гана туура иштей алат.

3. Телефондо колдонуу үчүн кошумча эки SIM-карта (2 даана). SIM-карталарды үй-бүлө мүчөлөрүнө берип койсо болот жана аларды телефондо колдонуу керек.

Топко үй-бүлө мүчөлөрүнүн санына жараша кошумча 2 SIM-картага чейин дагы кошсо болот: топто роутердеги SIM-карта менен бирге максимум 6 SIM-картага чейин кошуу каралган. "Бирге арзан 1.0" тарифине кошулган учурда базалык комплектте бөлүнгөн номерди (роутер үчүн каралган номерден башка) иштеп жаткан абоненттик номерге бир жолу акысыз алмаштырууга жол берилет, ал эми номердин улам кийинки алмаштыруусунун баасы 300 сомду түзөт. Базалык комплектке ар бир номерди кошуунун баасы 300 сом. Эгер базалык комплект орнотулган болсо, ар бир кошумча номердин баасы Абонент тарабынан өзүнчө төлөнөт. Эгер Башкы номер топко 3-кошумча номерди кошсо, анда кезектеги 30 күндүк абоненттик төлөм 1590 сомду түзөт, 4-кошумча номер кошулган учурда - кезектеги 30 күндүк абоненттик төлөм 1890 сом болот.

  • КР башка мобилдик операторлордун номерлерине чалуулар - 2,8 сом/мүн.
  • Кыргызстан боюнча SMS - 1,5 сом/даана
  • КР жергиликтүү телефон байланыш операторлорунун номерлерине чалуулар - 5,99 сом/мүн.
    • Ар бир SIM карта үчүн (1 башкы, 2 кошумча) мобилдик интернеттин алгачкы 30 гигабайты абоненттик төлөм алынган учурдан баштап 30 күн бою максималдуу мүмкүн болгон ылдамдыкта берилет. Андан кийин интернеттин ылдамдыгы азайышы мүмкүн;
    • Максималдуу ылдамдыктагы мобилдик интернет 250 ГБ көлөмүндө берилет, андан ары ылдамдыгы секундасына 1 Мбит болуп белгиленет;
    • Максималдуу ылдамдыктагы интернет топтомун пайдалангандан кийин, Башкы SIM-картанын абоненти дагы, Кошумча SIM-картанын абоненттери дагы кезектеги абоненттик төлөмдү алуу учуруна чейин максималдуу ылдамдыктагы мобилдик интернет менен пайдаланууга мүмкүндүк бере турган 1 ГБ, 2 ГБ же 10ГБ «Турбокнопкаларын» кошуп алышса болот. «Турбокнопкаларды» «Жеке кабинеттен», web-интерфейс, «Мой О!» мобилдик тиркемесинен же төмөнкү буйрутмалардын жардамы менен кошсо болот:
    • 1. «Турбокнопка 1 ГБ» – *735*1# (30 сом);

      2. «Турбокнопка 2 ГБ» – *735*2# (40 сом);

      3. «Турбокнопка 10 ГБ» – *735*10# (100 сом).

    • «Турбокнопкалардын» иштөө мөөнөтү– «Бирге арзан 1.0» тарифи үчүн кезектеги абоненттик төлөмдү алуу үчүн алгачкы аракетине чейин;
    • Бир мезгилде бир нече «Турбокнопкаларды» кошкондо интернет-трафик топтоштурулат;
    • «Турбокнопкаларды» өчүрүү мүмкүн эмес.
    • «Бирге арзан 1.0» тарифтик планынын алкагында Башкы номерде 200 ТВ каналды камтыган «О!TV Премиум» ТВ каналдар топтому каралган. Сүйүктүү ТВ каналдарыӊызды кѳрүү үчүн AppStore (iPhone жана iPad үчүн), Google PlayMarket (Android үчүн) дүкѳндѳрүнѳн тиркемени кѳчүрүп алуу же болбосо www.otv.kg веб-порталына кирүү жетиштүү. Мультискрин функциясынын жардамы менен сервисти үй-бүлѳнүн 3 мүчѳсү бир эле учурда ар башка түзүлүштѳрдѳн (телевизор, планшет же телефон) колдоно алат! О!TV кызматы жѳнүндѳ кененирээк маалымат бул жерде;

    * 1 жыл – бул 12 төлөнгөн мөөнөт. Келишимди мөөнөтүнөн мурда бузган жана 60 күндөн ашуун абоненттик төлөмдү төлөбөй койгон учурда айып төлөм 2 500 сомду түзөт.

    Башкаруу буйрутмалары:

    Башкы номер тарабынан Кошумча номерди кошуу

    *955*0X0Xxxxxxx#

    Башкы номер тарабынан Кошумча номерди өчүрүү

    *955*0*0X0Xxxxxxx#

    Башкы номер тарабынан Кошумча номерлердин тизмесин алуу

    *955*9#

    Интернет-трафиктин калдыгын топтогу бардык номерлер текшере алышат

    *728*9#


    Тариф тууралуу кошумча маалымат:
    • КР боюнча узактыгы 3 секундага чейинки бардык чыгуучу чалуулардын баасы – 0 сом;
    • Бардык кирүүчү чалуулар акысыз, КР жергиликтүү телефон байланыш операторлорунун номерлеринен 705 префиксиндеги номерлерге келген кирүүчү чалуулар – сүйлөшүүнүн бир мүнөтү - 5,99 сом;
    • Виртуалдуу жана реалдуу дүйнѳдѳ балаӊызга кам кѳрүп, аны коргоого жардам берген О! Safe Kids кызматы Башкы номерде кошумча акысыз жеткиликтүү!
      Ѳзүӊүздүн түзүлүшүӊүздѳн О! Safe Kids тиркемесин орнотуп, «Ата-эне» режиминде, андан соӊ балдарыӊыздын түзүлүштѳрүндѳ «Бала» режиминде ырастаӊыз.
      Эми сиз дайыма:
      • Балаӊыз кайда жүргѳнүн билип, кѳзѳмѳлдѳй аласыз;
      • Түзүлүшү заряддалып-зараяддалбаганынан кабардар болуп турасыз;
      • Каалабаган сайттарды жана жагымсыз контентти бѳгѳттѳй аласыз;
      • Балаӊыз телефон жана интернет менен ѳткѳргѳн убакытты башкара аласыз;
      • Айрым тиркемелерди бѳгѳттѳп, аларды колдонуунун күнүмдүк лимитин белгилей аласыз.
      • Ал тургай балаӊыздын Facebook жана VKontakte платформаларындагы активдүүлүгүн, ошондой эле анын жаӊы досторун кѳзѳмѳлдѳй аласыз.
      «O! Safe Kids» кызматын portal.safekids.kg сайтынан, ошондой эле AppStore же Google Play тиркеме дүкѳндѳрүнѳн кѳчүрүп алып колдоно баштасаӊыз болот.
      Кызматты активдештирүү үчүн буйрутма: *234*1#.
    • «Бирге арзан 1.0» тарифтик планына кошулганда, “Үн почтасы” кызматы кызматтын сайтта каралган шарттарынын негизинде автоматтык түрдө кошулат;
    • «Бирге арзан 1.0» тарифтик планынын абоненттери «Менин жаңы номерим» кызматынын шарттарына ылайык Роутер үчүн SIM-картанын номеринен башка номерди тандай алышат жана өзгөртө алышат;
    • Эгер сизде абоненттик төлөм күн сайын алынуучу кошумча кызматтардын бири кошулган болсо, «Бирге арзан 1.0» тарифи боюнча кезектеги ай сайын алынуучу абоненттик төлөм алынган учурда балансыңыз 1 290 сомдон аз болсо, кошулган кошумча кызматты колдонуу чектеле баштайт, мында кошулган кошумча кызматты көрсөтүү шарттарына ылайык кызматтын абоненттик төлөмүн алуу улана берет. Конкреттүү кызматты көрсөтүү шарттарына ылайык пайдалануунун каалаган учурунда кызматтын маалыматтарын өчүрүүгө болот;
    • Чыгуучу эл аралык чалуулар жана SMS эл аралык байланыш кызматтарын көрсөтүү шарттарына жараша жеткиликтүү;
    • «Бирге арзан 1.0» тарифтик планына кошулганда, “Бүткүл дүйнө” кызматы автоматтык түрдө кошулат, анын жардамы менен арзан баада эл аралык чалууларды жүргүзүүгө болот;
    • «Бирге арзан 1.0» тарифинин алкагында роумингдин кызматы сайтта баяндалган жалпы эрежелердин негизинде көрсөтүлөт;
    • Эгер ай сайын алынуучу абоненттик төлөмдү алуу учурунда Башкы SIM-картанын балансында жеткиликтүү сумма жок болсо, анда абоненттин балансындагы бардык сумма болочок төлөм катары резервделет, ал эми жетишпеген сумма баланста кемитүү белгиси менен (терс баланс) көрсөтүлөт жана шашылыш кызматтардын акысыз номерлерине чалуулардан башка бардык чыгуучу мобилдик байланыш, O!TV жана интернетке кирүү өчүрүлөт. Мобилдик байланыш кызматтарын, O!TV колдонууну улантуу жана интернетке кирүү үчүн балансты айлык абоненттик төлөмдү алууга жеткиликтүү суммага толуктоо керек;
    • Роутерге Wi-Fi аркылуу 32 түзүлүшкө чейин эркин кошсо болот: үйдөгү телевизор, смартфондор, ноутбуктар, башка түзүлүштөр, Wi-Fi мүмкүнчүлүгүн Сиздин коноктор да пайдалана алышат;
    • Смартфонду башка түзүлүштөр үчүн интернетке кирүү жайы катары модем режиминде колдонгондо «Интернет тарат!» кызматы менен пайдалануу керек;
    • Бардык кардарларын интернет менен камсыздоо максатында компания ашыкча жүктөм сааттарында тармактык ресурстарын адилеттүү бөлүштүрүү үчүн трафиктин "адилеттүү пайдалануу саясатын" (FUP - Fair Usage Policy) колдонуп келет. Эгерде эсептешүү мезгилдин ичинде (абоненттик төлөм акыркы алынган күндөн тартып) абонент интернет-сервисти кыянаттык менен пайдаланса жана башка абоненттерге ыңгайсыздыктарды жаратса, анда тутум абоненттик төлөмдү алган күндөн тартып (эсептешүү мезгилине чейин) интернетке кирүү ылдамдыгын азайтат. Кезектеги абоненттик төлөм алынган күндөн тартып, интернетке кирүү ылдамдыгы автоматтык түрдө калыбына келет. Мындай ыкманын негизги артыкчылыгы катары түйүндүн ресурстарын бардык абоненттердин ортосунда бирдей бөлүштүрүү жана болуп саналат жана ошол учурда мүмкүн болгон максималдуу ылдамдык берилет;
    • «Бирге арзан 1.0» тарифинин алкагында Башкы жана Кошумча номерлерде төмөнкү кызматтарды кошуу мүмкүн эмес: ««5+5», «Сенин нөлүң күнүмдүк!», «Сенин чексиздигиң», «Сенин нөлүң!» (7 күн), «Сенин нөлүң 3, 6, 12!», «Түнкү чексиздик+», «СУПЕРХАЙП» жана «СУПЕРХАЙП + YouTube»;
    • Роутер жана бардык SIM-карталардагы интернет топтому 30 күндүн ичинде толугу менен сарпталбаса, анда кезектеги айлык абоненттик төлөм алуу учурунда интернеттин сарпталбаган мегабайттары күйүп кетет.
    • Комплекттин, бир айлык абоненттик төлөмдүн, Кошумча номерди кошуунун/алмаштыруунун жана «Турбокнопка» кызматтарынын баасы бардык салыктарды эске алуу менен көрсөтүлдү, калган кызматтардын баасында КНС эске алынып, СС кошулган жок;
    • О! түйүнүндөгү чыгуучу чалуулардын жана КР башка байланыш операторлоруна чалуулардын тарифтештирүү интервалы – 10 секунда.
    • Акылуу байланыш кызматтарын өчүрүү босогосу тарификациянын минималдык бирдигин төлөө үчүн керектүү акча каражаттарынын санына туура келет.
    Тарифти алмаштыруу шарттары:

    • Башкы номердеги «Бирге арзан 1.0» тарифин мөөнөтүнөн мурда алмаштыруу Башкы номер катталган абонент каалаган О! кеңсесине же O!Store дүкөнүнө кайрылган учурда жана 2 500 сом өлчөмүндөгү айып төлөмдү О! кеңсесинин же О!Store дүкөнүнүн кассасына накталай акча каражаттарды киргизүү жолу менен төлөгөндө гана мүмкүн;
    • Башкы номер тарабынан «Бирге арзан 1.0» тарифин компаниянын которулуу үчүн ыңгайлуу башка каалаган тарифине алмаштырылганда сарпталбаган бардык мүнөттөр жана интернеттин мегабайттары күйүп кетет. Мында мурда «Бирге арзан 1.0» тарифи үчүн алынган абоненттик төлөм кайтарылбайт;
    • Эгер Башкы номер «Бирге арзан 1.0» тарифин каалаган башка тарифке алмаштырса, анда бардык Кошумча номерлерде автоматтык түрдѳ «Переходи на О! 120 + O!TV» тарифи кошулат, ал эми роутердин номеринде «Пайдалуу чексиздик 4G» тарифи автоматтык түрдѳ кошулат;
    • Эгер Башкы номер топтогу Кошумча номерлердин бирөөсүн өчүрүп салса, анда өчүрүлгөн номердин тарифи «Переходи на О! 120 + О!TV» тарифине автоматтык түрдө алмашат;
    • Эгер Кошумча номерлердин бири «Бирге арзан 1.0» тарифин өз алдынча алмаштырып алса, анда Кошумча номердеги «Бирге арзан 1.0» тарифинин шарттары автоматтык түрдө өчөт да, учурдагы балансты эске алуу менен жаңы тарифтин шарттары кошулат.
    Wi-Fi роутердин техникалык мүнөздөмөсү:

    R0516_Black20181210.png
    Роутердин модели: Notion CPE R0516

    Түйүндѳрдү кѳтѳрѳ алышы:  UMTS, LTE

    Маалыматтарды берүү ылдамдыгы - 150 Мбит/с чейин (LTE Cat4 кармайт)

    Wi-Fi камтуу аймагынын радиусу 50 метрге чейин

    Wi-Fi боюнча 32 түзүлүшкѳ чейин   зымсыз туташуу

    Пайдалануучунун колдонмосу