START видеосервиси
START видеосервиси
START видеосервиси менен мыкты россиялык фильмдерди жана сериалдарды көрүңүз!
- Эксклюзивдик бет ачарлар, телеканалдардагы эфирге чейинки комедиялык сериалдар жана тасмалар;
- Кызмат O!TV тиркемесинин колдонуучуларына онлайн-кинотеатрга чексиз кирүү мүмкүнчүлүгүн ачат. Сиз видеонун жана добуштун Full HD суперсапатына, кинону бардык түзүлүштөрдө толугу менен жарнамасыз көрүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болосуз.
- Видеоконтентти көрүүдө О! түйүнүндөгү интернет-трафик тарифтештирилбейт.
- Кызматты активдештирген учурдан баштап алгачкы 7 күн акысыз көрсөтүлөт.
Суткасына абоненттик төлөм: 7 сом (КНС эске алынып, СС кошулган жок).
Кошуп алуу буйрутмасы: *775*1#
Өчүрүү буйрутмасы: *775*0#
Абалын текшерүү буйрутмасы: *775#
Шартбелгини калыбына келтирүү буйрутмасы: *775*5#
Кызматты пайдаланууну баштоо үчүн O!TV тиркемесин жүктөп алыңыз. Android жана iOS версиясы.
- Кененирээк:
Кызмат Кыргыз Республикасынын интернет бар аймактарындагы О! мобилдик операторунун бардык абоненттерине жеткиликтүү, «30/60/90/360 күнгө Пайдалуу Чексиз 4G 30/60/90/360», «Бир жылга Интернет жана ТВ», «Алга Интернет», «40ГБ Интернет», «Үйгө Интернет», «Интернет+», «Алга Интернет + O!TV» тарифтеринен башка бардык тарифтерде жеткиликтүү.
Кызмат күнүмдүк абоненттик төлөмдү алууга жеткиликтүү каражат бар болгон учурда көрсөтүлөт. Баланста каражаттар жетишсиз болгон учурда кызматтын иши токтотулат. Кызматтын иши кайрадан уланыш үчүн абоненттик төлөмдүн суммасын баланска толтуруп коюу жетиштүү болот.
«START» топтому «О!TV Базалык», «О!TV Стандарт» же «О!TV Премиум» топтомдорунун бирөө менен бирге кошулат. Ошондой эле, «О!Кино» же «О!Кино Премиум» топтомдорунун бирөө менен бирге кошулат, же болбосо «AMEDIATEKA» кызматы менен гана чогуу кошуу мүмкүн.
Кызматты көрсөтүү сапаты маалыматтарды жөнөтүү ылдамдыгы менен аныкталат. ТВ көрүү үчүн керектүү минималдуу ылдамдык – секундасына/300 Кбит.
START кызматында интернет-трафик тарифтештирилбейт, бирок негизги топтомдон сарпталат (эгер тарифте интернет-топтомду көрсөтүү каралган болсо).
«START» кызматы кошулган тарифти алмаштырган учурда, кызмат үчүн абоненттик төлөмдү алуу менен автоматтык түрдө кайра кошуу ишке ашырылышы мүмкүн;
Пайдалануучуга «START» кызматынын алкагындагы контент «НУР Телеком» жана «ДиасТВ» ЖЧК техникалык ресурстарынын жардамы менен START онлайн-кинотеатры аркылуу көрсөтүлөт.
Кененирээк: