Үн почтасы

Үн почтасы

Үн почтасы

Дайым байланышта болуңуз!

Сиз бош эмес болсоңуз, жооп бере албасаңыз, байланыш аймагынан тышкары жүрсөңүз же телефонуңуз өчүк болсо да маанилүү чалууларды өткөрүп жибербейсиз. Бардык кирген чалуулар Сиздин өздүк үн почтаңызга жазылат жана Сиз аны каалаган убагыңызда уксаңыз болот. 
  • Үн почтасындагы угуп чыккан добуштук билдирүүлөрдү сактоо мөөнөтү - чалуу кызматтын платформасы болгон жеке үн почтасына түшкөн учурдан тартып 90 күн.

  • Үн почтасындагы уга элек добуштук билдирүүлөрдү сактоо мөөнөтү - чалуу кызматтын платформасы болгон жеке үн почтасына түшкөн учурдан тартып 7 күн.

    Жеке үн почтасындагы сакталган добуштук билдирүүлөрдүн максималдуу саны - 30 билдирүү, бул санга жеткенден кийин жаңы билдирүүлөрдүн жаздырылышы жана сакталышы ишке ашырылбайт.

Абоненттик төлөм:
 0 сом

Кошуу буйрутмасы: 790#

«Үн почтасын» туташтыруу жана өчүрүү кызматтары

Эгер Сиз «Үн почтасын» кызматына туташкыңыз келсе, телефонуңуздан *790# буйрутмасын териңиз. 

Кызматты өчүрүү үчүн *790*0# буйрутмасын териңиз. Абоненттик төлөм - 0 сом.

Билдирүүлөрдү угуп чыгуу жана жеке үн почтасын ырастоо

Добуштук билдирүүлөрдү угуп чыгуу, аларды башкаруу (сактоо жана өчүрүү) жана жеке үн почтасын ырастоо үчүн өзүңүздүн телефонуңуздан *790 номерине чалып, добуштук нускаманы аткарыңыз. Чалуу О! түйүнүнүн ичиндеги чалуу сыяктуу төлөнөт.

Чалууларды башка дарекке буруу пайдаланылган учурда "Үн почтасы" кызматы жеткиликтүү эмес. Кызмат көрсөтүүнү калыбына келтирүү үчүн чалууларды башка дарекке буруунун бардык түрлөрүн ##002# буйрутмасын терүү менен өчүрүү керек. 

Абонент роумингде болсо өздүк үн почтасына абонент тарабынан чалуунун баасы (угуу, билдирүү, үн ящигин башкаруу) роумингден үй телефонунан чалгандай тарифтелет, үн ящигинин ээси кирген билдирүүлөргө роуминг-тарифи боюнча төлөйт.