Кыргызча
28 октября 2025

Акыркы жаңылыктар

Кантип Кыргызстандын айыл тургундары уюлдук секилерден коркпой калышты жана буга илегилектердин кандай тиешеси бар?

Салтанат апа жаздын бир күнүндө курулмага карата мамилесин өзгөрткөн кереметти өз көзү менен көргөнгө чейин ишенген эмес.

Ош облусунун Керкидан айылынын жашоочусу Салтанат апа даанышман, бирок көп нерседен чочулай берген киши. Эки жыл мурун алардын үйүнүн жанына жаңы, бийик уюлдук секи орнотулгандан бери тынчы таптакыр эле жоголду.

 

«Нурлануу», «оорулар», «радиация» деген ушак-айың сөздөр тез эле тарап жатты. Салтанат апа менен кошуналардын көпчүлүк бөлүгү кабылган чочулоо сезими илимде «радиофобия» деп аталат. Бул жөн гана коркуу эмес, кишинин медициналык тесттери ченемдин чегинде болгонуна карабастан, электрмагниттик нурлануу (ЭМН) ден соолугуна зыян келтирет деп дайыма кооптонуп турган ипохондриялык синдром.

 

Анын инженер-байланышчы небереси Адил чоң апасына радиотолкун менен радиация – эки башка нерсе экенин түшүндүрүп, аны тынчтандырууга аракет кылган. «Радиация зыяндуу, ал иондоштурат, ал эми биздин толкундар – антпейт. Бул 9-класстын физика китебинде жазылган, чоң апа!» – деп аны ынандырып келген.

 

Жаратылыштын күтүлбөгөн далили

 

Хаджирабад.png

 

Салтанат апа жаздын бир күнүндө курулмага карата мамилесин өзгөрткөн кереметти өз көзү менен көргөнгө чейин ишенген эмес.

 

Былтыр апрель айында, адаттагыдан кыйла эрте мезгилде, жаңы секинин башында илегилектер пайда болгон. Ала жөн гана ага конуп отурбастан, чоң-чоң уяларды сала башташкан. Канаттуулар ал жакта эки-үч айга жакын болуп, балапан чыгарып, балапандары чоңойгон соң, кийинки жылга чейин уяларын таштап учуп кетишкен. Быйылкы жазда Керкидан айылынын жашоочулары илегилектерди кайрадан ошол эле жерден көрүштү.  

 

Ал тургай жайында ал жерге популярдуу блогер Нурсултан Аттокуров бул керемет окуяны тартып алыш үчүн барган.

 

Кызыктуу видеону шилтемеден көрүп чыгыңыз: https://www.instagram.com/reel/DMsc8v2IHmh/?igsh=bmI4dzR6amp2d2Nt

 

Жергиликтүү тургундар уя салыш үчүн жайлуу жерлерди тандай турганын жана эки жыл катары менен аталган уюлдук секи алардын «үйүнө» айланганын ырасташты. Аталган жерде канаттуулар эки-үч ай туруп, балапандарын чыгарып, учканга чейин багышат. Бул бир эле жылдагы көрүнүш эмес.

 

«Биз эми жалпы айылыбыз менен инженер-байланышчылардан канаттууларга тоскоол болбоолорун жана аларга тийбөөлөрүн суранып келе жатабыз!», – дейт Салтанат апа.

 

О! техникалык адистери билдиргендей, алар секилердин белгилүү жүктөмдөргө (секинин үстүнө орнотула турган жабдуулардын саны, өлчөмдөрү жана салмагы) эсептелгенин эске алуу менен, абалды ушул бойдон калтыруу үчүн колунан келген аракетин жасап жатышат.

Бул болсо, өз кезегинде, базалык станциялардын табият менен айкалышып иштөөсүнүн эң ишенимдүү далили боло алды.

 

Баяндалган окуя жалгыз учур эмес. Канаттуулардын үй-бүлөсүнүн ушундай эле уясы Жалал-Абад облусунун Хажир-Абад айылында да табылган. 

 

Desktop4.jpg

 

Цифралар пикирлерден артык

 

Микротолкундуу меш vs. Секи: Кадимки тиричиликте колдонулган микротолкундуу мештен чыккан нурлануу (120-180 мкВт/см²) базалык станциядан чыккан нурлануудан ондогон эсе жогору.

 

Күн: Секи чыгарган нурланууга караганда, күн нуруна күйүү кыйла кооптуу.

 

1080х814_новости-радиоволны.png

 

Анын үстүнө бир дагы секи көп баскычтуу текшерүүдөн өтмөйүнчө, ишке киргизилбейт: бардык байланыш объектилери Оорулардын алдын алуу департаментинин жана көз карандысыз лабораториялардын экспертизасынан өткөрүлөт.

 

Фобиянын кесепети

 

Салтанат апанын көңүлү тынч алды, бирок Адил ага башка, чыныгы коркунуч – радиофобдордун аракеттери жөнүндө айтып берди.

 

Тилекке каршы, Кыргызстанда коркууга алдырган адамдар монтаждык бригадага кол салып, кымбат баалуу жабдууларды талкалаган учурлар бар. Мындай вандализм аракеттеринин натыйжасында бүтүндөй район өзгөчө кырдаалдар келип чыккан учурда байланыш жана ыкчам кызматтарга чыгуу мүмкүнчүлүгүнөн ажырап калат.

 

Бүгүнкү күндө мобилдик байланыш – бул ылдам интернеттен тышкары, тез жардам чакыруу, жакындар менен кабарлашуу жана маалыматка ээ болуу мүмкүндүктөрү.

 

Жыйынтык жөнөкөй эле: технологияны билүү жана илимге ишенүү – радиофобияны жеңип чыгуунун жолу. Ошондой эле, албетте, туура тандоону элге көрсөтө алган илегилектерге көз чаптыруу.

 

«НУР Телеком» ЖЧКнын КР МТБМК караштуу МБА 06.12.2016-ж. № 16-0062-КР жана № 16-0063-КР лицензиялары.