Кыргызча
29 сентября 2025

Акыркы жаңылыктар

О! Мобилдик оператору маалымдайт

«Менин жаңы номерим» кызматын колдонуунун жаңы шарттары күчүнө кире тургандыгы жөнүндө.

О! мобилдик оператору 2025-жылдын 9-октябрынан тартып «Менин жаңы номерим» кызматын колдонуунун жаңы шарттары күчүнө кире тургандыгы жөнүндө маалымдайт:

- Эми номерди алмаштыруу мүмкүнчүлүгү бир күндө 1 жолу жана бир айда эң көп 2 жолу жеткиликтүү болот.

- «Стандарт» категориясына кирген номердин баасы акысыз (0 сом) болот.

- SIM-картаны активдештиргенден кийин номерди биринчи алмаштыруу үчүн кызматтын баасы 50 сом, кийинкилер үчүн – 100 сом түзөт. Бардык баалар салыктарды эске алуу менен көрсөтүлгөн.