Кыргызча
20 ноября 2025

Акыркы жаңылыктар

О! горизонтторду кеңейтет: Жакшыртылган 4G тармагы 140тан ашык жаңы локацияларды камтыды

О! горизонтторду кеңейтет: Жакшыртылган 4G тармагы 140тан ашык жаңы локацияларды камтыды

Жаңы жабдуулар орнотулду, тармактын кубаттуулугу жогорулады.

О! мобилдик оператору өзүнүн 4G тармагынын олуттуу жаңылануусун жарыялады. Бул олуттуу иш Кыргызстандын бардык жети облусун камтыды жана 140тан ашуун коомчулукка таасирин тийгизди.

Тармакты модернизациялоо – өлкөнүн санариптик экосистемасынын өнүгүүсүндөгү дагы бир кадамды билдирет. Байланыш сапатынын жакшырышы ишкерлерге онлайн режиминде натыйжалуу иштөөгө, мектеп окуучулары менен студенттерге – аралыктан окууга, ал эми тургундарга – онлайн мамлекеттик кызматтарды, банктык колдонмолорду жана видео кызматтарды үзгүлтүксүз колдонууга мүмкүнчүлүк берет.

Бишкектен Баткендин эң алыскы аймактарына чейин – О! оператору тармагын модернизациялаган жерлердин баарында байланыш сапаты жакшырды. Жаңы жабдуулар орнотулду, тармактын кубаттуулугу жогорулады жана анын туруктуулугу жакшырды. Бул азыркы учурда буларды билдирет:

  • Ишенимдүү интернет: Көп адамдар бир эле учурда кино көрүп же социалдык тармактарда  болгондо да ылдамдыгы жогору бойдон калат.

  • Ишенимдүү  байланыш: Үн чалуулар так жана сигнал –  туруктуураак болуп калды.

  • Көбүрөөк камтуу: Жакшыртуулар аларда байланыш бир топ жакшырган чоң шаарларга да, ондогон чакан айылдарга да таасирин тийгизди.

Модернизациялоо төмөнкү калктуу конуштарга таасирин тийгизди:

Облус

Шаарлар

Айылдар, жаңы конуштар жана жерлер

Чүй облусу

Бишкек, Токмок, Кара-Балта, Кант

Аламүдүн, Ак-Жол, Жангарач, Туз, Советское, Сокулук, Озерное, Военно-Антоновка, Шалта, Жаңы-Жер, Петровка, Александровка, Ленин-Жол, Алмалуу, Киршелк, Первомайское, Тельман ат., Красная Речка, Букара, Бөксө-Жол, Студенческое, Кара-Жыгач, Орто-Сай, Гроздь, Талды-Булак, Көк-Жар, Полтавка, Кош-Коргон, Ивановка, Ак-Тилек, Гидростроитель,  Өскөн-Ордо конушу

Ысык-Көл облусу

Каракол, Балыкчы, Чолпон-Ата

Чолпон, Чоң-Сары-Ой, Корумду, Семеновка, Кара-Ой, Чолпон, Бостери, Кош-Көл, Кашат, Чок-Тал, Сары-Камыш, Кызыл-Суу, Даркан, Ак-Кочкор, Оргочор, Ананьево, Тепке, Кереге-Таш, Пионер, Боз-Булуң, Барскоон, Чырак, Кара-Талаа, Новоконстантиновка, Боом капчыгайы

Нарын облусу

Нарын

Жаңы-Жол, Ак-Чий, Кара-Бүргөн, Чаек, Таш-Дөбө, Бирдик, Калинина, Казыбек, Куйбышев ат., Оттук

Талас облусу

Талас

Новодонецкое, Миң-Булак, Көк-Кашат, Арашан

Жалал-Абад облусу

Манас

Таш-Кутчу, Арсланбоб, Орто-Сай, Казы-Жар, Чымчык-Жар, Жоон-Күңгөй, Тоскоол, Күлүк-Дөбө, Ак-Суу, Жапа-Салды, Кош-Терек, Арал, Кара-Жыгач, Октябрьское, Беш-Мойнок, Жерге-Тал, Күрп-Сай ГЭС аймагында

Ош облусу

Ош, Ноокат, Кара-Суу, Гүлчө

Тепе-Коргон, Октябрь, Кыргыз-Ата, Беш-Буркан, Кабык, Сары-Могол, Нура, Кайнама, Дароот-Коргон, Карамык, Кара-Тейит, Таш-Короо, Кең-Жылга, Арал, Боз-Караган, Кара-Шоро, Буйга, Ынтымак, Корок, Жаңы-Ноокат, Жийде, Арашан

Баткен облусу

Баткен, Кадамжай, Раззаков

Ак-Суу, Өндүрүш, Дархум, Суу-Башы, Учкун, Жаш-Тилек, Жал, Сур, Ак-Булак, Тогуз-Булак, Кулунду

 

О!  мобилдик оператору тармактын сапатын күчөтүү боюнча иштерди үзгүлтүксүз жүргүзөт,  ошондуктан  Кыргызстандын аймагынын 99,8%дан ашык калкын камтуу менен көпчүлүктүн тандоосу болуп саналат.

 

«Мой О!» тиркемесинде жана аралыктан жана  eSIM технологиясына ылайык кеңселерге келбестен кошулуп жана ыңгайлуу тарифти  тандай аласыз. Ошондой эле каалаган O!Store дүкөнүндө жасаса болот.  

 

О! операторунун колдоо кызматы күнү-түнү WhatsApp: https://wa.me/996705700700 же Telegram: @o_mobile_operator_bot, o.kg сайтындагы онлайн чат аркылуу, ошондой эле FacebookInstagram«Одноклассники»«ВКонтакте»YouTube же Twitter баракчаларындагы жеке билдирүүлөр аркылуу жеткиликтүү.

 

Кененирээк: o.kg | ЖЧК КР МБА караштуу МТжБМК лицензиялары:  «НУР Телеком»  06.12.2016-ж. №16-0062-КР жана  №16-0063-КР.