«О!Касса» – ККМ-онлайнды азыр кошуп алыңыз да, жай бою АКЫСЫЗ колдонуңуз!

02.07.2021

Бардык ишкерлер Кыргызстандын бизнеси 1-июлдан тартып кассалык маалыматтарды салык кызматына айкын убакыт ыргагында берип туруучу КММ-онлайнга өтүүгө милдеттүү экендигинен кабардар.

Инновациялык сервисти алдын-ала өздөштүргүсү келген ишкерлер О! Мобилдик операторунун жөнөкөй жана түшүнүктүү «О!Касса» тиркемесин колдонуп жатышат. Тиркеме МСКнын бардык талаптарына ылайык келет жана колдонуучулардын каалоочуларын эске алуу менен ар дайым мыктыланып турат.

Сервиске 2021-жылдын 31-августуна чейин толугу менен акысыз кошулса жана колдонсо болот.

Ишкерге азыр керектүүлөрдүн баары – бул:

  1. Каалаган O!Store дүкөнүнөн фискалдык маалыматтардын оператору (ФМО) «НУР Телеком» ЖЧКсы менен келишим түзүү. Документтердин толук тизмегин сиз сайттан таба аласыз: https://o.kg/kg/korporativnym-klientam/ofd/ofd/.

  2. Android же iOS үчүн «О!Касса» онлайн-кассасын смартфонго жүктөп алуу же ноутбуктан же кадимки компьютерден https://ofd.o.kg/kassa/login/ шилтемеси аркылуу ачуу.

«О!Касса» тиркемесинин артыкчылыктары:

  • Тездик: ККМ аркылуу алынган маалыматтарды МСКна ыкчам өткөрүү;
  • Ишенимдүүлүк: маалыматтардын сакталышын камсыздоо;

  • Ачыктык: сиз сатуулар, өнүмдөр, сменалар жана кассирлер боюнча кенен статистиканы көрө аласыз;

  • Мобилдүүлүк: сиз сатууларды смартфон аркылуу дүйнөнүн каалаган бурчунан жүргүзө аласыз, кызматкерлерди, сатууларды, сменанын ачылышын жана жабылышын, кассадагы акчаны, кайтаруулардын жана башка маалыматты көзөмөлдөй аласыз;

  • Ыңгайлуулук: электрондук чекти кардардын почтасына, каалаган мессенжерине жөнөтсө болот, керек болгон учурда мобилдик принтерден чыгарып алса дагы болот;

  • БОНУС! 2021-жылдын 31-августуна чейин акысыз тейлөө.


Тизмеге кайтуу