Акыркы жаңылыктар
«О!Деньги» финансылык сервиси кыргызстандыктар үчүн онлайн-төлөмдөр рыногун өнүктүрүүнү жана онлайн төлөө мүмкүндүгүн кеңейтүүнү улантууда. Эми Globus, «Народный» жана «Достор» сыяктуу ири соода тармактарынан «О!Деньги» капчыгынын колдонуучулары да, Mbank, Namba One, «Элкарт Мобайл», Bakai24 ж.б. тиркемелеринин колдонуучулары да «О!Деньги» QR боюнча төлөй алышат.
Мындай мүмкүнчүлүк QR-коддорду унификациялоо жана аларды рынокто биринчилерден болуп ишке ашырган «О!Деньги» төлөм тутуму тарабынан аткарылган жаңы талаптарга шайкештөө боюнча мамлекеттик долбоордун алкагында жеткиликтүү болду. Долбоор КР Улуттук банкынын активдүү көмөктөшүүсүнүн негизинде ишке ашырылды.
Globus, «Народный» жана «Достор» дүкөндөрүнүн тармагынан QR боюнча кантип төлөсө болот?
Кассирге QR боюнча төлөй турганыңызды эскертиңиз.
Монитордун экранынан QR-кодду сканерлеңиз.
Төлөмдү ырастаңыз.
«О!Деньги» капчыгынын колдонуучуларына аталган дүкөндөрдөгү ар бир төлөмдөн автоматтык түрдө 2% кешбэк берилет. Кененирээк шилтемеде.
Белгилей кетчү нерсе, бүгүнкү күндө «О!Деньги» төлөмдөрдү кабыл алуу жайларынын саны боюнча рыноктун лидери. Кыргызстанда 2500дөн ашык жай капчык аркылуу QR боюнча төлөм кабыл алат, жана жакынкы мезгилдерде бүтүндөй өнөктөштүк тармагы башка капчыктар менен банк тиркемелеринин колдонуучулары үчүн жеткиликтүү болуп калат.
«Мой О!» тиркемесин шилтемеден орнотуп алыңыз.
«О!Деньги» сервиси «Грин Телеком Сервис» ЖЧК тарабынан көрсөтүлөт. КРУБ №2021030817, №3022030817 лицензиялары.

О! операторунан лимитсиздик! 500 сом болчу – азыр болгону 350 сом!

Досуңду алып кел – 200 сом ал, ал эми досуң – 200 сом + 200 ГБ алат!

Кош бонус каалайсызбы: 200 ГБ + 200 сом? O!Bank + О! операторуна өтүңүз!

О! операторунан 4 жумага 230 сомго жаңы «СуперХит» тарифи.
.png)
О! Мобилдик оператору маалымдайт
Бардык жаңылыктар