О! мобилдик операторуна таяныч тармак (Core Network) инженери талап кылынат.
Милдеттери:
таяныч тармагынын жабдууларынын үзгүлтүксүз иштешин камсыз кылуу, тактап айтканда, иштеп жаткан жабдууларда пландуу, регламенттик жана профилактикалык иштерди жүргүзүү;
тармактын кубаттуулугун жана функционалдуулугун өз убагында кеңейтүү боюнча иштерди уюштуруу;
тармактын статистикасын чогултуу жана талдоо; көйгөйлөрдү жана кууш жерлерди (bottlenecks) аныктоо;
өнөктөштөр, компания-вендорлордун колдоо кызматтары менен өз ара аракеттенүү, көйгөйлөрдү чечүү боюнча биргелешкен чечимдерди иштеп чыгуу.
Талапкерлерге коюлган талаптар:
жогорку техникалык билим (телекоммуникация жана байланыш багыттары артыкчылыкка ээ);
GSM, UMTS, LTE тармактарын жана тармактык протоколдорду түшүнүү;
техникалык документацияны түшүнүү деңгээлинде англис тилин билүү;
тез үйрөнүүгө жана практикалоого жогорку жөндөмдүүлүк.
Биз сунуштайбыз:
№1 мобилдик оператордо кесиптик өсүү;
ыңгайлуу кеңседе жумуш орду жана керектүү оргтехника;
иш графиги: дүйшөмбүдөн жумага чейин, саат 9:00дөн 18:00гө чейин.
Бул бош кызмат ордунун талаптарына туура келген талапкерлер маектешүүгө чакырылат.
Төмөнкү талааларды толтуруп, резюмеңизди тиркеңиз
Резюмени тиркөө
Жеке маалыматтарымды иштеп чыгууга макулдугумду берем