Кыргызча
Баннер на странице с вакансиями

Маалымат базасынын администратору

Милдеттери:

  • Oracle, MS SQL, PostgreSQL МББС орнотуу жана аларды жаңыртуу;
  • маалымат объектилерин камсыздоо, түзүү, коштоо жана өчүрүү;
  • маалыматтарга колдонуучулардын жетүүсүн башкаруу жана сактоо системаларын уруксатсыз кирүүдөн корголушун камсыздоо;
  • маалыматтарды резервдик көчүрмөлөөсүн, сакталышын жана калыбына келтирилишин башкаруу;
  • системалардын өндүрүмдүүлүгүн талдоо жана жөндөө;
  • системалардагы каталарды аныктап жоюу, бузулуулар тууралуу маалымат берүү;
  • системалардын автоматтык тейлөөсүн жана иши тууралуу кабарлоосун жөнгө салуу;
  • туруктуулук жана ишенимдүүлүк механизмдерин жөндөө;
  • маалымат базаларынын мониторингин жөнгө салуу.

Коюлган талаптар:

  •  IT багыты боюнча жогорку билим;
  •  англис тилин техникалык документацияны окуу деңгээлинде билүү;
  •  Linux, Sun Solaris, Windows операциялык системаларында башкаруу көндүмдөрү;
  • Oracle, PostgreSQL МББС башкаруу тажрыйбасы;
  • SQL, PL/SQL, Unix shell, Perl тилдерин билүү;
  • Oracle ASM, RAC, Physical Standby, Active Data Guard системаларын коштоо тажрыйбасы;
  • маалымат базасынын өндүрүмдүүлүгүн жөнгө салуу тажрыйбасы;
  • маалыматтар базасын резервдик көчүрмөлөө жана калыбына келтирүү тажрыйбасы.

Биз сунуштайбыз:

  • иш графиги: 5/2, 9:00–18:00, түнкү иштер болушу мүмкүн;
  • шаардын борборунда жайгашкан ыңгайлуу офис;
  • корпоративдик окутуу;
  • эмгек акысы жеке маектешүүдө талкууланат.
Төмөнкү талааларды толтуруп, резюмеңизди тиркеңиз
minus iconminus icon
minus iconminus icon
Резюмени тиркөө
Жеке маалыматтарымды иштеп чыгууга макулдугумду берем