Кыргызча
Баннер на странице с вакансиями

Техникалык тейлөө бөлүмүнүн инженери

Милдеттери:

  • бөлүмдүн аймактык инженерлеринин жабдууларды оңдоо жана техникалык тейлөө иштерин камсыздоо боюнча ишин уюштуруу;
  • пландуу тапшырмаларды аткаруучуларга жеткирүүнү камсыз кылуу жана алардын аткарылышын көзөмөлдөө;
  • бөлүмдүн аймактык инженерлеринин отчетторун текшерүү жана консолидациялоо;
  • жаңы кабыл алынган персоналды окутууну жана бөлүмдүн персоналынын квалификациясын жогорулатууну уюштуруу;
  • операциялык чыгымдарды кыскартуу жана өндүрүштү оптималдаштыруу үчүн сунуштарды иштеп чыгуу;
  • өрт коопсуздугун жана өндүрүштүк санитарияны камсыздоо боюнча регламенттик иштердин аткарылышын көзөмөлдөө;
  • коопсуздук техникасынын, эмгекти коргоо жана тартип эрежелерин сактоо.

Коюлган талаптар:

  • жогорку техникалык билим (телекоммуникация жана байланыш системалары, радиобайланыш, энергетика багыттары боюнча);
  • телекоммуникациялык жана электр жабдууларын эксплуатациялоо жана оңдоо маселелери боюнча методикалык жана ченемдик материалдарды билүү;
  • телекоммуникациялык жана электр жабдууларынын дайындалышын жана негизги иштөө принциптерин, техникалык-эксплуатациялык мүнөздөмөлөрүн жана тейлөө ыкмаларын билүү;
  • телекоммуникациялык жана электр жабдууларын тейлөөдө коопсуздук техникасынын, эмгекти уюштуруунун, өрт коопсуздугунун жана өндүрүштүк санитариянын талаптарын жана эрежелерин билүү.


Биз сунуштайбыз:

  • кесиптик өсүү;
  • туруктуу эмгек акы;
  • иш графиги: 9:00дөн 18:00гө чейин;
  • корпоративдик мобилдик байланыш.


Бул бош кызмат ордунун талаптарына жооп берген талапкерлер маектешүүгө чакырылат.

Төмөнкү талааларды толтуруп, резюмеңизди тиркеңиз
minus iconminus icon
minus iconminus icon
Резюмени тиркөө