Кыргызча
Баннер на странице с вакансиями

Долбоорлор боюнча менеджер

Сиз идеяларды ийгиликтүү долбоорлорго айланта алчу уюштуруучу-чеберсизби? Маркетинг сизди шыктандырып, ал эми долбоорлорду башкаруу колуңуздан эң сонун келеби? Эгер сиз демилгелерди башкарып, натыйжаларга жетүүгө даяр болсоңуз, анда биз дал сизди издеп жатабыз!

Милдеттери:

  • долбоорлордун толук циклин башкаруу: демилгелөөдөн баштап ишке ашыруу жана колдоо баскычына чейин;
  • долбоордук документтерди даярдоо: долбоордун уставы, план-график, бюджет, тобокелдиктер;
  • командаларды координациялоо: продукт, IT, маркетинг, юридикалык, техникалык колдоо;
  • мөөнөттөрдү, бюджеттерди жана тапшырмалардын аткарылышынын сапатын башкаруу;
  • жумушчу жолугушууларды, синхрондоштурууларды, ретроспективаларды уюштуруу жана өткөрүү;
  • долбоорлорду башкаруу тутумунда отчеттуулукту жүргүзүү (мисалы, Jira, Asana, MS Project);
  • тышкы подрядчиктер жана жеткирүүчүлөр менен өз ара аракеттенүүнү камсыздоо;
  • өзгөрүүлөрдү башкаруу жана post-launch талдоону коштоо;
  • кийрилип жаткан продуктулар боюнча экономикалык моделдерди эсептөө;
  • регулятивдик жана техникалык талаптардын сакталышын көзөмөлдөө (мисалы, KYC, eSIM, Tunduk, CA).

Талап кылынган билими жана тажрыйбасы:

  • менеджмент, телекоммуникация, IT, экономика же инженерия тармагында жогорку билими;
  • телеком, санариптик продуктулар, IT, финтех тармактарынын биринде 2 жылдан кем эмес иш тажрыйбасы;
  • кросс-функционалдык командалар менен долбоорлорду ийгиликтүү башкаруу тажрыйбасы;
  • санариптик чечимдерди, биллингди, өзүн-өзү тейлөө платформаларын ишке ашыруу тажрыйбасы артыкчылыкка ээ;
  • долбоорлорду башкаруу принциптерин билүүсү (PMBOK, Agile, Scrum, Waterfall);
  • долбоорлорду башкаруу куралдарын колдоно билүүсү: Jira, Trello, Confluence, MS Project;
  • презентацияларды жасоо, долбоордук отчетторду, жол карталарын даярдоо көндүмдөрү;
  • көп тапшырмалуу шарттарда иштөөгө жана тез ыңгайлашууга жөндөмдүүлүгү;
  • тил билүүсү: орусча – эркин, англисче – Intermediate деңгээлинен жогору болуусу зарыл, кыргыз тилин билүүсү жакталат.

Биз сунуштайбыз:

  • сунуштарды ишке ашыруу үчүн бардык керектүү ресурстар;
  • корпоративдик окутуулар жана семинарлар;
  • корпоративдик уюлдук байланыш;
  • иш графиги: дүйшөмбүдөн жумага чейин, саат 9:00дөн 18:00гө чейин;
  • эмгек акы өлчөмү маектешүүдөн кийин талкууланат.
  • Бул бош кызмат ордунун талаптарына жооп берген талапкерлер маектешүүгө чакырылат.
Төмөнкү талааларды толтуруп, резюмеңизди тиркеңиз
minus iconminus icon
minus iconminus icon
Резюмени тиркөө
Жеке маалыматтарымды иштеп чыгууга макулдугумду берем