Кыргызча
Баннер на странице с вакансиями

Ош ш. аймактык инженери

Командабызга Ош облусу боюнча тажрыйбалуу байланыш инженери талап кылынат.

 Милдеттери:

  • базалык станциялардын, радиожабдуулардын, электр жабдууларынын жана сигнализация системаларынын үзгүлтүксүз ишин камсыздоо;
  • генератордук орнотмолордон байланыш жабдууларынын ишин камсыздоо, анын ичинде түнкү убакта дагы (чукул авариялар учурларында);
  • радиожабдууларын (BTS жана MW), электр жабдууларын жана желдетүү системаларын тейлөө, аларга көзөмөл жүргүзүү, алдын алуу иштерин аткаруу;
  • радио (BTS жана MW) жана электр жабдууларындагы (PS, ДГО, БГО) көйгөйлөрдү аныктоо жана аларды чечүү.

Коюлган талаптар:

  • телекоммуникация, радиобайланыш, энергетика тармагында кеминде 1 жылдык иш тажрыйбасы;
  • телекоммуникация, радиобайланыш, энергетика багытында орто атайын же жогорку техникалык билими;
  • БГО / ДГО түзүлүшүн жана иш принцибин билүү;
  • жеке 4WD жол тандабас унаасы бар. В же ВС категориясындагы айдоочу күбөлүгүнө ээ;
  • унааны татаал шарттарда айдоо көндүмдөрүнө ээ.

Биз сунуштайбыз:

  • №1 мобилдик оператордо кесиптик жактан өсүү;
  • Корпоративдик мобилдик байланыш;
  • Кыргызстан боюнча акы төлөнүүчү иш сапарлар;
  • Күйүүчү-майлоочу майдын жана амортизациянын акысын төлөп берүү;
  • иш графиги: Дүйшөмбү – Жума, саат 9:00-18:00.

 

Бул бош орун талаптарына жооп берген талапкерлер маектешүүгө чакырылат.

minus iconminus icon
minus iconminus icon
Резюмени тиркөө
Жеке маалыматтарымды иштеп чыгууга макулдугумду берем