Кыргызстанда 4Gга 3 жыл – сО!нун учуш!

Кыргызстанда 4Gга 3 жыл – сО!нун учуш!

24.05.2017

Үч жыл мурун О! мобилдик оператору Кыргызстанда биринчи болуп рынокто 4G түйүнүн коммерциялык эксплуатацияга киргизген. Ошондон тартып, болуп көрбөгөндөй өзгөрүүлөр жүрүп жатат. Үч жылдык мезгилде биз эки миллиондон ашык кыргызстандыктар жашаган аймакты камтууга жетиштик, абоненттердин саны  укмуштуудай 300 эсеге өстү.

Биз сиздер мыкты ылдамдыкты сезиш үчүн бардык мүмкүн болгондорду жасадык –  шаардан шаарды камтуу менен, түйүндү активдүү курдук, бүткүл өлкө боюнча көңүлдү ачаарлык акцияларды уюштурдук, алардын учурунда сиздер 4G эмне экенин билип жаттыңыздар. Биз сиздерге белектерди - смартфондорду, модемдерди, винглдарды, роутерлерди тартууладык, алар 4G-ылдамдыктарынын толкунунда болууга мүмкүндүк берет.

Биздин команда үчүн бул 36 ай жөн гана өсүп-өнүгүү болгон жок – биз чоң жана эң оор жарышта чуркадык. Тыным болгон жок – андан ары чуркадык! Ал эми азыр болсо, уникалдуу сунуштардын фактыларынан ассорти окуңуз.

4G түйүнүн өнүктүрүү

Бүгүн О! мобилдик операторунан 4G технологиясы өлкөнүн 100 дөн ашык калктуу конушунун аймагында жеткиликтүү. Жыл башынан тарта гана О! мобилдик операторунан төртүнчү муундагы база станцияларынын саны 70% көбөйдү, мында айрым БС LTE800 сыйымдуулугу кошумча жыштыктарды кеңейтүү жолу аркылуу эки эсеге көбөйтүлдү. Түйүн камтыган аймакты картадан билүүгө болот.

«Биз мобилдик интернеттин сегментинде тез динамикасын белгилейбиз, биз аны бүткүл телеком тармагынын өсүшүнүн негизги драйвери деп эсептейбиз, - деп  белгиледи О! мобилдик операторунун директору Антон Коваленко. – Бүгүнкү күндүн актуалдуу тренди - кадимки телефондордон көп функционалдуу гаджеттердин пайдасына баш тартуу саналат. Жыл сайын смартфондордун жайылышы өсүп жатат, бул мобилдик интернеттин рыногун өстүрүүнүн маанилүү көрсөткүчү».

Түйүндүн мыкты сапаты!

Трафик өсүп жатат,  абоненттер  ылдамдыкка болгон талаптары да өсүп баратат, ал эми О! мобилдик оператору бул күтүүлөргө туура келүүгө умтулуп жатат. Мисалга, DMTel компаниясы тарабынан 2016-жылы жүргүзүлгөн изилдөөнүн маалыматтарына ылайык, кепти берүү сапатынын маанилүү көрсөткүчтөрү жана маалыматтарды берүү сервиси боюнча мыкты жыйынтыктарды О! мобилдик операторунун түйүнү көрсөттү.

Смартфон үчүн уникалдуу тарифтер

О! мобилдик операторунан 4G LTE түйүнү Кыргызстандын телекоммуникация рыногуна түйүндө абоненттердин жүрүм-турумун өзгөртүү менен олутту таасирин тийгизди. Керектелүүчү интернет-трафик 15 эсеге өстү. Трафикти мегабайт боюнча төлөө артта калып, эми тарифтик топтомдорго артыкчылык берилүүдө, аларга чексиз интернет киргизилген. Жана бизде мындай тарифтер көп! «О!го которул + TV» тизмегинен каалаганды тандоого болот, алар стандарттуу добуштук байланыш жана интернет кызматтарын гана сунуштабастан, популярдуу 130га чейинки телеканалды арзан баада көрүүгө мүмкүндүк берет.

4G-түзүлүштөр – тандоо эркиндиги!

Биз баарыбыз жаңы нерселерди жакшы көрөбүз жана дайыма сиздерге эң мыктыларды гана сунуштоого умтулабыз. LTE 800 жана LTE 2600 жыштыктарынын колдонулчу диапазондору жогорку сыйымдуулуктагы мыкты жабдылышты камтыйт жана бүгүн рынокто сунушталчу көптөгөн мобилдик түзүлүштөр көтөрө алат. Биз сиздерге заманбап смартфонду арзан баада тандоону сунуш кылып жатабыз, зарыл болсо, каалаган O!Store дүкөндөрүнөн төлөө мөөнөтүн узартуу менен сатып алууга болот, ал жерден тажрыйбалуу адистер сиздерге кеңештерди беришет.  Бактыга жараша, мындай дүкөндөр күндөн күнгө көбөйүп жатат, ал жерден эң заманбап девайстардын моделдерин көз менен көрүп, керек болсо, сатып алардын алдында техниканын үлгүлөрүн колдонуп да көрсө болот. Биздин 4 менчик дүкөнүбүз борбор шаарыбызда, Ошто 2, Таласта жана Жалал-Абадда бирден. Мындан ары да көп дүкөндөрдү ачабыз, а биз болсо сөзүбүзгө туруп көнгөнбүз.

Белекке арзандатуучу акциялар!

Биз дайыма бизге маанилүү даталарды биздин кардарлар үчүн белектер жана акциялар менен белгилейбиз. Сиздин тандооңузга ыңгайлуу жана чакан 4G-түзүлүштөр акция боюнча символикалуу баага-болгону 1 сомго: Wi-Fi Wingle же Wi-Fi роутер жеткиликтүү. Аларды каалаган сатуу жана тейлөө кеңселеринен сатып алууга же дароо азыр www.ostore.kg сайтынан акысыз жеткирип берүү менен тапшырык кылууга болот. Мындан тышкары, жакында эле сатыкка баасы болгону  4790 сом турган жаңы фирмалык смартфон O!Phone 4G келип түштү, аны сатып алганда ар бир сатып алуучуга баланска +300 сом бонус бар. 

О!го которулуңуздар жана жаңы технологияларды БИРИНЧИЛЕРДЕН болуп байкап көрүңүздөр.      

Урматтоо менен,

Кыргызстандын технологиялык баштап жүрүүчүсү – О! мобилдик операторунун командасы!


Тизмеге кайтуу